00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өнөктүгүнө каражат чогултууда мыйзамды сактоого чакырды. Кеп Жогорку Кеңеш депутаттыгына аттангандар тууралуу болууда. Талапкерлердин кээси мобилдик тиркемелер аркылуу акча чогултуу тууралуу кулактандырууларды чыгарып жатат. Буга Борбордук шайлоо комиссиясы уруксат бербейт. БШК шайлоо фондуларынын атайын эсептерин ачуу үчүн "Элдик банк" жана "Айыл банкты" аныктаган. Кайрымдуулук жашыруун деп таанылбасы үчүн идентификациядан өтпөгөн төлөм тутумдары аркылуу акча каражаттарын накталай эмес которууга же төгүүгө тыюу салынат. БШК башка банктардын мобилдик тиркемелеринин тизмеси толукталып турарын айтты.
Бишкекте темир жол шаардын сыртына чыгарылбай калды. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев билдирди Мэр адистердин сунушу менен аны шаар сыртына чыгаралы деген ойдон баш тартышканын, тескерисинче, аны өнүктүрүп, электричка каттамын жүргүзүүнү ойлоп жатышканын айтты. "Азыркы башкы план боюнча темир жол шаардын сыртына, айланма жолду бойлой чыгыш керек болчу. Бул демилгени көтөрүп, изилдедик. Бирок аны чыгарууга негиз, муктаждык жок болуп чыкты. Бул нерсе бизге экономикалык жактан пайда деле алып келбейт экен", — деген Жунушалиев "Ала-Тоо 24" каналына берген маегинде.
Таластагы "Манас Ордо" комплекси реконструкцияланып жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка караганда, иштин алкагында музей кеңейип, жаңы муундагы экспозиция түзүлөт. Анда "Манас" эпосундагы окуялар, Семетей, Сейтек жана чоролордун өмүр баяндары атайын 12D эффекти менен көрсөтүлөт.Мындан тышкары, туристтерди кабыл алуу үчүн коттедждер, жыйындар залы жана улакчылар үчүн аянтча курулат.
Афганистандын Кичи жана Чоң Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарга ветеринардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин чечими менен этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүү максатында түзүлгөн делегациянын курамында Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын эки кызматкери болгон. Иш сапардын жүрүшүндө Кичи жана Чоң Памирге бөлүнгөн ветеринардык гуманитардык жардам толугу менен жеткирилип, жеринде бөлүштүрүлүп берилди. Ошондой эле жергиликтүү тургундардын айыл чарба мал-жандыктарынын саны такталып, ветеринардык кароодон өткөрүлдү.Мындан тышкары, зооноздук, жугуштуу жана паразитардык ылаңдардын алдын алуу, ошондой эле ветеринардык дары каражаттарын туура колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, окуу-тренинг уюштурулду. Ага жалпы 418 киши катышты.
Америка лидери Дональд Трамп бажы алымы киргизилгенден кийин АКШ дүйнөдөгү эң бай өлкөгө айланганын айтты. Бул тууралуу ал журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды. "Бажы алымы киргизилгенден кийин биз, Америка Кошмо Штаттары, дүйнөдөгү эң бай мамлекетке айландык деп ойлойм. Азыр жүздөгөн миллиард доллар алып жатабыз", — деген президент. Буга чейин Трамп импорттук товарга киргизилген төлөмдөн 200 миллиард доллар түшкөнүн, каражатты бир триллионго жеткирүү ниети бар экенин айткан. Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, АКШ ИДПнын көлөмү боюнча тизменин сап башында турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0