00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
42 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектелген жигит качууга аракет кылган учурунда атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу ИИМдеги ишенимдүү маалымат булак билдирди. Ал 14-октябрда Кеминде кылмыштын жасалышын кайра кайталап көрсөтүп берүү учурунда качып кеткен. Милиция аны кармоо учурунда кызматтык курал колдонуп, натыйжада И.С. алган жаракатынан каза болгон. Кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө, министрлик анын жыйынтыгы боюнча толук маалымат берүүнү убада кылды. Эске салсак, 3-октябрда Ак-Ордо жаңы конушунда иниси менен эжеси киши колдуу болгон. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козголгон. Андан кийин ИИМ шектүүнүн окуя болгон аймакта басып бараткан видеосун жарыялады. Көп узабай аял колуна бала көтөрүп, дагы эки чүрпөсүн ээрчитип, түнү жылаңайлак качып бараткан видео интернет желесине тараган. Ал эми 7-октябрда кылмышка шектелип 19 жаштагы улан кармалды. 8-октябрда ИИМ шектүүнүн жүргөн жерлеринен жана окуя болгон үйдөн топтолгон видео, сүрөттөрдү таратты. Маркумдун келинчеги милицияга окуянын кандай болгонун ыйлап айтып, көрсөтмө берген. Анда маркумдун жубайы үйүнө кирип жакындарын бычактап кеткен уланды милиция көрсөткөн сүрөттөрдөн таанып жатканын айткан.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Ысык-Көлдөгү "Жууку" курортун реконструкциялоо жана кеңейтүү долбоорун каржылайт. Бул тууралуу мекеменин башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков билдирди. Маалыматка караганда, ден соолукка пайдалуу ысык суу чыккан комплекс СССР убагынан бери иштейт. Бирок учурда андагы инфратүзүм жараксыз абалга келген. Калыбына келтирип, заман талабына шайкеш кылып реконструкциялоого РКӨФ 30 миллион сом бөлөт."Ал каражатка бөлмөлөр жаңыланып, тамактануучу жайлар салынат. Реконструкциянын биринчи этабы аяктагандан кийин курорт 50 кишиге чейин кабыл алат. Комплексти жаңылоо туризм тармагында жыл бою кызмат көрсөтүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат", — деген Новиков. Андан тышкары, долбоордун алкагында курорттогу жабык бассейндер дагы оңдолуп, дары суулары менен ачык бассейндер салынат.
Шарм-эш-Шейх шаарындагы саммитте Египет, АКШ, Катар жана Түркия Газа сектору боюнча тынчтык келишимине кол коюшту. Бул тууралуу РИА Новости жазды. АКШнын президенти Дональд Трамп документке кол коюп жатып, келишимди "үч миң жылдык тарыхый жолдун натыйжасы" деп, анын узак мөөнөткө сакталарына ишенерин билдирди.“Бул тарыхый келишим менен миллиондогон адамдардын тилектери аткарылды. Биз биргеликте мүмкүн эместей көрүнгөн нерсеге жетиштик. Акыры Жакынкы Чыгышта тынчтык орноду”, — деди Трамп. Ошондой эле ал бул аябагандай татаал макулдашуу болгонун айтып, үчүнчү дүйнөлүк согуш болбой турганын кошумчалады. Эскерте кетсек, Трамптын тынчтык орнотуу планына ылайык, Газа секторунда атышуу 10-октябрда токтоду. Сентябрда Ак үй 20 пунктудан турган план жарыялаган. Документте ХАМАСтын анклавды башкарууга катышпастыгы айтылган. Анын тынчтык жолуна түшүп, куралын тапшырып берген мүчөлөрүнө мунапыс берилери белгиленген.
Жаңылыктар түрмөгү
0