https://sputnik.kg/20250930/1096836658.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңешке шайлоо 30-ноябрда болот. Президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койгонун маалымат кызматынан кабарлашты. Документте шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрү... 30.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-30T11:00+0600
2025-09-30T11:00+0600
2025-09-30T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1e/1096836492_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_478fd4a98a3888dc2128ab1c8a9db46a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңешке шайлоо 30-ноябрда болот. Президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койгонун маалымат кызматынан кабарлашты. Документте шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрү көрсөтүлгөн. "Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшембиге, дайындалсын. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун", — деп айтылып, андан аркы жасалуучу процедуралар белгиленген.
Адылбек Касымалиев Минскиде КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. Касымалиев быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленип жатканын эске салды. Анын айтымында, жыл ичинде бир катар эскерүү жана салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп, анын тарыхый маанисине карата бирдиктүү пикир тастыкталды. Касымалиев КМШ алкагындагы кызматташтык ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, өткөн жылы өлкөлөрдүн жалпы ИДПсы дүйнөлүк ИДПнын 4,4 пайызын түзгөнүн, ал эми 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында өз ара сооданын көлөмү 7 миллиард долларга жеткенин айтты. Ошондой эле ал Кыргызстан бир катар артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну колдой турганын белгиледи. Алардын ичинде: мультимодалдык транспорт коридорлорун өнүктүрүү, соода жүгүртүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, биргелешкен ишканаларды түзүү жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү бар. Касымалиев кайра жаралуучу энергияга жана санариптик трансформацияга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Жыйындын жыйынтыгында 15 маселе каралып, 20дан ашуун документке жана чечимдерге кол коюлду.
Россия Кыргызстанга мунай жеткирүү боюнча протоколду ратификациялады2025-жылдын сентябрында Россия Федерациясы Кыргызстанга мунай жана мунай заттарын жеткирүү тууралуу протоколду расмий түрдө ратификациялады. Бул документ эки өлкө ортосундагы энергетикалык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Протокол боюнча, Кыргызстанга жеткирилчү мунай жана мунайзаттар бажы төлөмдөрүнөн бошотулат. Мындай жеңилдик республика үчүн күйүүчү-майлоочу материалдардын туруктуу жана жеткиликтүү баада болушун камсыздайт."Макулдашуу Кыргызстандагы мунай продуктуларына болгон ички суроо-талапты жабууга көмөктөшүп, эки тараптуу экономикалык алакаларды чыңдайт.Импорттук чыгымдарды азайтып, рыноктук туруктуулукту сактоого шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.Документ мунай экспортун жөнгө салуучу мурдагы келишимдин негизинде түзүлгөн жана анын мөөнөтү жыл сайын жаңыртылып турат.Кыргызстан тарап бул келишимди өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү кадам катары баалоодо.
РФ президенти Владимир Путин Донецк, Луканск республикалары менен Херсон, Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу менен куттуктады. Видеокайрылуу Кремлдин сайтына жарыяланды. Ал ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустарынын жашоочулары Россия менен бирге болууну чечип, келечегин өз алдынча жана эркин аныктап алышканын белгилеген. "Биз эртеңин тандап алган бир туугандарыбызды колдоп, жасай турган нерсебизди аткардык, бул сыймыктанчу иш", — деген Россия лидери. Путин россиялыктар биримдикти, улуттук кызыкчылыктарды жана баалуулуктарды коргоп күрөшүп жатканын, акыры жеңишке жетерин кошумчалаган.
Жогорку Кеңешке шайлоо 30-ноябрда болот. Президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койгонун маалымат кызматынан кабарлашты. Документте шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөрү көрсөтүлгөн. "Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшембиге, дайындалсын. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун", — деп айтылып, андан аркы жасалуучу процедуралар белгиленген. Адылбек Касымалиев Минскиде КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты. Касымалиев быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы белгиленип жатканын эске салды. Анын айтымында, жыл ичинде бир катар эскерүү жана салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп, анын тарыхый маанисине карата бирдиктүү пикир тастыкталды. Касымалиев КМШ алкагындагы кызматташтык ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, өткөн жылы өлкөлөрдүн жалпы ИДПсы дүйнөлүк ИДПнын 4,4 пайызын түзгөнүн, ал эми 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында өз ара сооданын көлөмү 7 миллиард долларга жеткенин айтты. Ошондой эле ал Кыргызстан бир катар артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну колдой турганын белгиледи. Алардын ичинде: мультимодалдык транспорт коридорлорун өнүктүрүү, соода жүгүртүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, биргелешкен ишканаларды түзүү жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү бар. Касымалиев кайра жаралуучу энергияга жана санариптик трансформацияга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Жыйындын жыйынтыгында 15 маселе каралып, 20дан ашуун документке жана чечимдерге кол коюлду.Россия Кыргызстанга мунай жеткирүү боюнча протоколду ратификациялады2025-жылдын сентябрында Россия Федерациясы Кыргызстанга мунай жана мунай заттарын жеткирүү тууралуу протоколду расмий түрдө ратификациялады. Бул документ эки өлкө ортосундагы энергетикалык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Протокол боюнча, Кыргызстанга жеткирилчү мунай жана мунайзаттар бажы төлөмдөрүнөн бошотулат. Мындай жеңилдик республика үчүн күйүүчү-майлоочу материалдардын туруктуу жана жеткиликтүү баада болушун камсыздайт."Макулдашуу Кыргызстандагы мунай продуктуларына болгон ички суроо-талапты жабууга көмөктөшүп, эки тараптуу экономикалык алакаларды чыңдайт.Импорттук чыгымдарды азайтып, рыноктук туруктуулукту сактоого шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.Документ мунай экспортун жөнгө салуучу мурдагы келишимдин негизинде түзүлгөн жана анын мөөнөтү жыл сайын жаңыртылып турат.Кыргызстан тарап бул келишимди өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү кадам катары баалоодо.РФ президенти Владимир Путин Донецк, Луканск республикалары менен Херсон, Запорожье облустарынын Россиянын курамына кошулушу менен куттуктады. Видеокайрылуу Кремлдин сайтына жарыяланды. Ал ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустарынын жашоочулары Россия менен бирге болууну чечип, келечегин өз алдынча жана эркин аныктап алышканын белгилеген. "Биз эртеңин тандап алган бир туугандарыбызды колдоп, жасай турган нерсебизди аткардык, бул сыймыктанчу иш", — деген Россия лидери. Путин россиялыктар биримдикти, улуттук кызыкчылыктарды жана баалуулуктарды коргоп күрөшүп жатканын, акыры жеңишке жетерин кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/1e/1096836492_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f9b307c113cd8696904542776fa667cd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио