https://sputnik.kg/20250919/1096605056.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Кара-Суу шаарында "Манас" футбол стадионун ачты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Иш-чаранын алдында... 19.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-19T11:00+0600
2025-09-19T11:00+0600
2025-09-19T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/13/1096604890_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ee53dc9bb67376561b81c90a5d6b9a5a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Кара-Суу шаарында "Манас" футбол стадионун ачты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Иш-чаранын алдында Жапаров административдик имаратты, спортчулардын кийим алмаштыруучу жайын жана машыгуу залын көрүп чыккан. "Бул жерде биздин даңктуу "Жаштык-Ак-Алтын" футбол клубу түптөлүп, кыргыз футболунун тарыхында өз ордун тапкан. Бул клуб 2003-жылы Кыргызстандын чемпиону болуп, өлкө кубогунун жети жолку финалисти катары Кара-Суунун атын жети дубанга даңазалаган жайы бар. Бул стадион өз учурунда жергиликтүү жаштардын кыялдары ишке ашкан өзгөчө жай болгон", — деди өлкө башчы. Футбол стадиону заман талабына ылайык толук кайра курулган. Сыйымдуулугу 5000 адамга жеткирилип, оюн талаасына табигый көк майсаң төшөлүп, трибуналар жаңырды. Медиазона, медициналык бөлмөлөр, административдик имараттар, калыстар үчүн кеңсе жайлары салынды. Ал эми борбордук аянт заманбап прожекторлор жана LED-экран менен жабдылып, кечкисин футбол беттештерин жана иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнү белгиленди. Объектинин реконструкциясына 274,5 миллион сом жумшалган. Ачылыш аземинен кийин "Мурас Юнайтед" менен "Дордой" командаларынын ортосунда Кыргызстандын кубогуна финалдык беттеш болуп, ага президент өзү катышты. Беттеш 1:2 эсеби менен "Дордойдун" пайдасына аяктады. Жеңүүчүлөргө медалдарды жана кубокту Садыр Жапаров тапшырды. Белгилей кетсек, стадион 1960-жылы курулган жана Кара-Суу шаарындагы башкы спорттук объект болгон. Бирок бул жылдар бою капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес жана бара-бара жараксыз болуп калган.
Евразиялык маалыматтык-аналитикалык консорциумдун Координациялык кеңешинин жооптуу катчысы Виталий Волчков Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн видеоконференцияда Евразиялык аналитикалык форумда кандай чечимдер кабыл алынганын айтып берди. Бишкекте Чоң Евразиянын өнүгүүсүнө жана коопсуздугуна арналган Евразия аналитикалык форуму өттү. Волчковдун айтымында, Славян университеттерине жаш талдоочулар мектебин, квалификациясын жогорулатуучу аналитикалык курстарды уюштуруу, “Евразиянын жаш аналитиги” эл аралык сынагынын катышуучуларына методикалык жардам көрсөтүүнү сунуштоо чечими кабыл алынды. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы улуттук университеттеринин жетекчилигине студенттерди, аспиранттарды жана жаш илимпоздорду сынакка катышууга шыктандыруу жана Беларуста, Тажикстанда, Арменияда бул долбоордун улуттук секцияларын түзүү сунушталат. Ошондой эле жаштар жана студенттер үчүн Евразиялык билим берүү фестивалдарын өткөрүү жана ЖККУнун аскердик-спорттук жаштар борборун түзүү чечими кабыл алынды.
Израилдин Газага жасаган чабуулу олуттуу тынчсызданууну жаратып, тараптын сүйлөшүүгө ниети жоктугунан кабар берет. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, мындай көрүнүш аймактагы жашоочуларды, тагыраагы, миллионго жетпеген адамды дүрбөлөңгө түшүрдү. "Жагдай жай тургундар арасында өлүмдүн көбөйүшүнө, кырдаалдын жана гуманитардык абалдын курчушуна алып келери айкын", — деген ал. ТИМ өкүлү Израилдин Дохадагы чабуулу аны Газадагы маселени күч менен чечүүнү ойлоп жатканынан кабар берерин белгилеген.
Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Кара-Суу шаарында "Манас" футбол стадионун ачты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Иш-чаранын алдында Жапаров административдик имаратты, спортчулардын кийим алмаштыруучу жайын жана машыгуу залын көрүп чыккан. "Бул жерде биздин даңктуу "Жаштык-Ак-Алтын" футбол клубу түптөлүп, кыргыз футболунун тарыхында өз ордун тапкан. Бул клуб 2003-жылы Кыргызстандын чемпиону болуп, өлкө кубогунун жети жолку финалисти катары Кара-Суунун атын жети дубанга даңазалаган жайы бар. Бул стадион өз учурунда жергиликтүү жаштардын кыялдары ишке ашкан өзгөчө жай болгон", — деди өлкө башчы. Футбол стадиону заман талабына ылайык толук кайра курулган. Сыйымдуулугу 5000 адамга жеткирилип, оюн талаасына табигый көк майсаң төшөлүп, трибуналар жаңырды. Медиазона, медициналык бөлмөлөр, административдик имараттар, калыстар үчүн кеңсе жайлары салынды. Ал эми борбордук аянт заманбап прожекторлор жана LED-экран менен жабдылып, кечкисин футбол беттештерин жана иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнү белгиленди. Объектинин реконструкциясына 274,5 миллион сом жумшалган. Ачылыш аземинен кийин "Мурас Юнайтед" менен "Дордой" командаларынын ортосунда Кыргызстандын кубогуна финалдык беттеш болуп, ага президент өзү катышты. Беттеш 1:2 эсеби менен "Дордойдун" пайдасына аяктады. Жеңүүчүлөргө медалдарды жана кубокту Садыр Жапаров тапшырды. Белгилей кетсек, стадион 1960-жылы курулган жана Кара-Суу шаарындагы башкы спорттук объект болгон. Бирок бул жылдар бою капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес жана бара-бара жараксыз болуп калган.Евразиялык маалыматтык-аналитикалык консорциумдун Координациялык кеңешинин жооптуу катчысы Виталий Волчков Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн видеоконференцияда Евразиялык аналитикалык форумда кандай чечимдер кабыл алынганын айтып берди. Бишкекте Чоң Евразиянын өнүгүүсүнө жана коопсуздугуна арналган Евразия аналитикалык форуму өттү. Волчковдун айтымында, Славян университеттерине жаш талдоочулар мектебин, квалификациясын жогорулатуучу аналитикалык курстарды уюштуруу, “Евразиянын жаш аналитиги” эл аралык сынагынын катышуучуларына методикалык жардам көрсөтүүнү сунуштоо чечими кабыл алынды. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы улуттук университеттеринин жетекчилигине студенттерди, аспиранттарды жана жаш илимпоздорду сынакка катышууга шыктандыруу жана Беларуста, Тажикстанда, Арменияда бул долбоордун улуттук секцияларын түзүү сунушталат. Ошондой эле жаштар жана студенттер үчүн Евразиялык билим берүү фестивалдарын өткөрүү жана ЖККУнун аскердик-спорттук жаштар борборун түзүү чечими кабыл алынды.Израилдин Газага жасаган чабуулу олуттуу тынчсызданууну жаратып, тараптын сүйлөшүүгө ниети жоктугунан кабар берет. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, мындай көрүнүш аймактагы жашоочуларды, тагыраагы, миллионго жетпеген адамды дүрбөлөңгө түшүрдү. "Жагдай жай тургундар арасында өлүмдүн көбөйүшүнө, кырдаалдын жана гуманитардык абалдын курчушуна алып келери айкын", — деген ал. ТИМ өкүлү Израилдин Дохадагы чабуулу аны Газадагы маселени күч менен чечүүнү ойлоп жатканынан кабар берерин белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/13/1096604890_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_244a86516e407483d674ce27f3b70c4e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио