https://sputnik.kg/20250911/1096444458.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Парламент төрагасы айыл өкмөттөрдүн ротациясы натыйжа бербегенин айтып, андан баш тартууну сунуштады Нурланбек Тургунбек уулу айылды жергиликтүү тургундун... 11.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-11T11:00+0600
2025-09-11T11:00+0600
2025-09-11T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/0b/1096444292_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_45113fa6f47333bfa540738734244ca4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Парламент төрагасы айыл өкмөттөрдүн ротациясы натыйжа бербегенин айтып, андан баш тартууну сунуштады Нурланбек Тургунбек уулу айылды жергиликтүү тургундун жетектөөсүнө мыйзам менен чек коюлганын эске салды. "Тилекке каршы, мыйзам натыйжа берген жок. Облус, шаар, район башчылары жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин ротациясы өзүн актаса да, айыл өкмөттөрүн ротациялоо натыйжа берген жок. Учурда ар бир райондо 2-3төн айыл өкмөт жок, эч ким башка жактан келип иштебейт экен. Барса да 2-3 айда кетип калышат. Ошондуктан мыйзамга тез арада өзгөртүү киргизүү зарыл. Биз колдоп берели, эл күтүп жатат", — деди спикер. Ошондой эле ал маданият, билим берүү жана РЭСтердин башчыларын ротациялоону токтотуу зарылдыгын белгиледи. Төраганын айтымында, алардын маянасы 35 миң сом болсо, анын 20 миңине үй ижарасына төлөп ротациялоо майнапсыз.
Евразия экономикалык биримдиги калыбына келүүчү энергия булактарын жана энергия өндүрүүнүн салттуу ыкмаларын өнүктүрүүгө бирдей мамиле кылууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфратүзүм боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди. Ал 8-10-сентябрь күндөрү Кытайдын борбору Пекинде өткөн "Глобалдык энергетикалык биригүү-2025" конференциясына катышкан. "Энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүдө салттуу жана калыбына келүүчү энергия булактарын тең салмактап караганыбыз дурус. Күндөн, шамалдан кубат алган бүгүнкү заманбап ыкма генерациянын убакыт сынынан өткөн ишенимдүү жолуна таянышы керек. Экөөнү тең салмактап өнүктүрсөк, улуттук да, глобалдык да энергетикалык коопсуздукту камсыздай алабыз. ЕАЭБ өлкөлөрү тармакты өнүктүрүүгө дал ушундай мамиле кылат", — деген Кожошев.
Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы күрөшүү боюнча аймактык түзүмдөрүнүн кеңешинин отуруму өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Кыргызстандын төрагалыгы астында өткөн жыйында терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы биргелешип күрөшүү маселелери каралды."Эл аралык террордук уюмдарга каршы биргелешкен маалыматтык иш-чараларды өткөрүү макулдашылды. Интернет тармагын террордук, сепаратисттик жана экстремисттик максаттарда пайдаланууга каршы күрөшүү үчүн практикалык семинарларды өткөрүү пландаштырылды", — деп айтылат маалыматта.
АКШдагы консерватор саясатчы Чарли Киркти чак түштө, Юта университетиндеги иш-чарада сүйлөп жатканда атып кетишти. Бул туурасында РИА Новости жазды. Социалдык тармакка тараган видеолордон ал сахнада бейкапар сүйлөп жатып, тарс эткен үндөн кийин кулап баратканын көрүүгө болот.АКШнын бир нече ЖМКлары жетип келген дарыгерлер аны сактап кала албагандыгын жазышты. Бир аз өтпөй эле президент Дональд Трамп анын каза тапканын билдирди. NBC телеканалы кабарлагандай, кол салууга шектүү колго түшүрүлүп, бирок көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Кол салууга демократтарды колдоп жүргөн Майкл Маллинсон шектелип кармалып, бир аздан кийин бошотулганын жазышты. Университеттин өкүлү журналисттерге ок аткан адам дагы деле эркиндикте жүрөт деген маалымат берген.
Парламент төрагасы айыл өкмөттөрдүн ротациясы натыйжа бербегенин айтып, андан баш тартууну сунуштады Нурланбек Тургунбек уулу айылды жергиликтүү тургундун жетектөөсүнө мыйзам менен чек коюлганын эске салды. "Тилекке каршы, мыйзам натыйжа берген жок. Облус, шаар, район башчылары жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин ротациясы өзүн актаса да, айыл өкмөттөрүн ротациялоо натыйжа берген жок. Учурда ар бир райондо 2-3төн айыл өкмөт жок, эч ким башка жактан келип иштебейт экен. Барса да 2-3 айда кетип калышат. Ошондуктан мыйзамга тез арада өзгөртүү киргизүү зарыл. Биз колдоп берели, эл күтүп жатат", — деди спикер. Ошондой эле ал маданият, билим берүү жана РЭСтердин башчыларын ротациялоону токтотуу зарылдыгын белгиледи. Төраганын айтымында, алардын маянасы 35 миң сом болсо, анын 20 миңине үй ижарасына төлөп ротациялоо майнапсыз. Евразия экономикалык биримдиги калыбына келүүчү энергия булактарын жана энергия өндүрүүнүн салттуу ыкмаларын өнүктүрүүгө бирдей мамиле кылууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфратүзүм боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди. Ал 8-10-сентябрь күндөрү Кытайдын борбору Пекинде өткөн "Глобалдык энергетикалык биригүү-2025" конференциясына катышкан. "Энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүдө салттуу жана калыбына келүүчү энергия булактарын тең салмактап караганыбыз дурус. Күндөн, шамалдан кубат алган бүгүнкү заманбап ыкма генерациянын убакыт сынынан өткөн ишенимдүү жолуна таянышы керек. Экөөнү тең салмактап өнүктүрсөк, улуттук да, глобалдык да энергетикалык коопсуздукту камсыздай алабыз. ЕАЭБ өлкөлөрү тармакты өнүктүрүүгө дал ушундай мамиле кылат", — деген Кожошев.Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун террорчулукка каршы күрөшүү боюнча аймактык түзүмдөрүнүн кеңешинин отуруму өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Кыргызстандын төрагалыгы астында өткөн жыйында терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы биргелешип күрөшүү маселелери каралды."Эл аралык террордук уюмдарга каршы биргелешкен маалыматтык иш-чараларды өткөрүү макулдашылды. Интернет тармагын террордук, сепаратисттик жана экстремисттик максаттарда пайдаланууга каршы күрөшүү үчүн практикалык семинарларды өткөрүү пландаштырылды", — деп айтылат маалыматта. АКШдагы консерватор саясатчы Чарли Киркти чак түштө, Юта университетиндеги иш-чарада сүйлөп жатканда атып кетишти. Бул туурасында РИА Новости жазды. Социалдык тармакка тараган видеолордон ал сахнада бейкапар сүйлөп жатып, тарс эткен үндөн кийин кулап баратканын көрүүгө болот.АКШнын бир нече ЖМКлары жетип келген дарыгерлер аны сактап кала албагандыгын жазышты. Бир аз өтпөй эле президент Дональд Трамп анын каза тапканын билдирди. NBC телеканалы кабарлагандай, кол салууга шектүү колго түшүрүлүп, бирок көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Кол салууга демократтарды колдоп жүргөн Майкл Маллинсон шектелип кармалып, бир аздан кийин бошотулганын жазышты. Университеттин өкүлү журналисттерге ок аткан адам дагы деле эркиндикте жүрөт деген маалымат берген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/0b/1096444292_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5c5f3339ac0ca674657d114b7060bf95.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио