00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторкон — берекенин жана ынтымактын белгиси
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
От импорта к производству: как меняется мукомольная отрасль Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Атасы мамлекеттик маанилүү кызматта болсо сакмалда иштеген Роза Акназарова
19:07
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кесилбестен жана оорутпастан дарылоо — уролог лазердик хирургия тууралуу
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда курулуш багыты абдан күүлөнүп баратат. ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен бул тармакта алдыдабыз. Мындай пикирин Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика кафедрасынын жетекчиси, экономист Улукман Мамытов билдирди.Анын айтымында, өлкөнүн ички дүң продукциясынын өнүгүшүнө курулуш тармагынын салымы чоң болууда. "Учурда бизде курулуш тармагы дүркүрөп баратат. Айрым эксперттер "бул багытта алдыда 2008-жылдагы Америкадагыдай кризис күтпөйбү" деп кооптонушууда. Менимче, андай болбойт. Анткени биз башка системада баратабыз. Бизде социалдык долбоорлор болууда. Бул жагынан алганда Сингапурдун программасына окшоштурсак болот", — деди Мамытов. Ал кыргызстандыктарга депозиттин кыймылсыз мүлктөн башка түрлөрүн сунуштоо менен, мисалы, ошол баалуу кагаздар менен бир адамдын көп үйгө ээ болуу теңсиздигин жойсо болорун кошумчалады.
Уюмга мүчө мамлекеттер ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүүнүн маанилүүлүгүн ырастап, аны уюштуруу жана аталган каржы институтунун иштешин ар тараптан камсыздоо боюнча чечим кабыл алышты. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайтына жарыяланган Тяньцзинь декларациясында айтылды. Мүчө мамлекеттер банктар аралык бирдиктүү саясатка жетүү 20 жылдан ашык убакыт ичинде мезгил талап кылган механизмге айланганын бүгүн кабыл алынган документте белгилешкен. Ошондой эле Ирандын ыйгарым укуктуу каржы мекемесин банктар аралык биримдикке кошууну тездетүүнү колдоого алышты. ШКУнун Өнүктүрүү банкы — бул уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты жана өнүгүүнү колдоого алган, туруктуу өсүшкө өбөлгө түзгөн, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду каржылоого багытталган эл аралык финансы институту. Аны түзүү идеясы көптөн бери, айрыкча 2010-жылдан кийин активдүү талкууланып келет. Демилгени Кытай жана Россия колдогон, бирок бардык катышуучулардын ортосундагы акыркы келишимге бүгүн гана жетишилди.
Бишкек-Балыкчы поезд каттамы 6-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, жүргүнчүлөрдүн кайрылууларын эске алуу менен, Бишкек-Балыкчы жүргүнчү поездинин каттамы 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин узартылды. Ал эми, поезддин жүрүү убактысы жана жол жүрүү шарттары өзгөртүлгөн жок. Бир гана 5-сентябрда техникалык себептерден улам каттамдын графиги өзгөрөт. Эске салсак, Бишкек-2 бекетинен поезд саат 08:45те жөнөп, Балыкчыга 13:16да жетет. Ал эми Балыкчыдан 19:26да чыгып, Бишкек-2 бекетине саат 23:56 келет.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кытайда өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу Түркия президентинин администрациясы билдирди. Маалыматка караганда, эки лидер Азербайжан менен Армениянын ортосунда жүрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүн жана Түштүк Кавказдагы кырдаалды талкуулашкан."Президент Эрдоган Азербайжан менен Армениянын ортосундагы сүйлөшүүлөр туруктуу тынчтыкка алып келет деген үмүтүн билдирди. Ош
Жаңылыктар түрмөгү
0