https://sputnik.kg/20250901/1096225899.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Билим күнүнө карат куттуктоосунда учурдун башкы максаты сандан сапатка өтүп, ар бир окуучуга терең жана сапаттуу билим берүү экендигин... 01.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-01T11:00+0600
2025-09-01T11:00+0600
2025-09-01T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/09/01/1096225767_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_92a302237eb9c3cf3b9281a120ab2e7c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Билим күнүнө карат куттуктоосунда учурдун башкы максаты сандан сапатка өтүп, ар бир окуучуга терең жана сапаттуу билим берүү экендигин айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. "Биз билим берүү системасы мамлекеттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн негизи болуп саналарын, билим берүүгө жумшалып жаткан инвестициялар өлкөнүн келечеги үчүн негизги салым экенин эң жакшы түшүнөбүз. Бүгүнкү күндө биздин башкы максатыбыз – сандан сапатка өтүп, ар бир окуучуга терең жана сапаттуу билим берүү", — деген Жапаров. Ал азыркы маалда мугалимдердин ролу мурункудан да маанилүү, ошону менен бирге жоопкерчилиги да жогорулагандыгын белгилеген. "Мугалимдердин талыкпаган эмгегине жана кажыбас кайратына терең ыраазычылык билдирем", — деди Жапаров. Ал билим берүү ыкмаларын жаңылоо, атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү мамлекеттин артыкчылык берилген багытына айланганын белгилеген. Эскертке кетсек, Кыргызстанда ушул тапта мектепте билим алып жаткан балдардын саны 1,5 миллионго чамалап барат.
Электрмобилдердин алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатуу үчүн жыйым арзандады. Тиешелүү токтомду мининстрлер кабинети кабыл алды. Төлөмдөр төмөнкүдөй: жеке жактар үчүн 50 миңден 30 миң сомго түштү; юридикалык жактардыкы 70 миңден 50 миң сомго арзандады; резидент эмес айдоочулар үчүн 90 миңден 70 миң сомго төмөндөдү. Уруксат берүү жана жыйымдарды чогултуу милдети “Унаа” мекемесинен Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо агенттигине жүктөлөт.
Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүн асфальттоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча транспорт жана коммуникация министринин орун басары Талантбек Солтобаев жана "Бета групп" подрядчы ишкананын аткаруучу директору Мирлан Амантуров кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматта аларга "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" фактысы менен иш козголгону айтылат.Кармалгандар Нарын облусунун Ат-Башы РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда бул фактыга башка дагы кызмат адамдарынын тиешеси бар-жогу боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы белгиленген. Кечээ, 31-августта, Ташиев Сузак районундагы курулуштарды кыдырып жүрүп, телефон аркылуу Нарын шаарында жол салып жаткан ишкана убада кылган мөөнөтүнөн кечиккенин айтып, жетекчисин жана министрдин орун басарын тез арада камоого тапшырма берген.
Бразилия АКШнын көп полярдуулукка жасаган “чабуулуна” байланыштуу БРИКСтин кезексиз саммитин өткөрүүнү көздөйт. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, жолугушуу онлайн болот. Анда АКШ пошлина киргизгенден кийинки кадамдар талкууланат. “АКШнын көп полярдуулукка жасаган “чабуулуна” байланыштуу Бразилия БРИКСтин кезексиз саммитин чакырууга аракет кылууда”, — деп жазылган билдирүүдө. Бразилия президентинин атайын кеңешчиси Селсу Аморим саммит боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ал кийинки жумада Кытайга барып, Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат. Сапардын алкагында Аморим көп полярдуулук маселесине байланыштуу эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөрү күтүлүүдө.
Президент Садыр Жапаров Билим күнүнө карат куттуктоосунда учурдун башкы максаты сандан сапатка өтүп, ар бир окуучуга терең жана сапаттуу билим берүү экендигин айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. "Биз билим берүү системасы мамлекеттин узак мөөнөттүү өнүгүүсүнүн негизи болуп саналарын, билим берүүгө жумшалып жаткан инвестициялар өлкөнүн келечеги үчүн негизги салым экенин эң жакшы түшүнөбүз. Бүгүнкү күндө биздин башкы максатыбыз – сандан сапатка өтүп, ар бир окуучуга терең жана сапаттуу билим берүү", — деген Жапаров. Ал азыркы маалда мугалимдердин ролу мурункудан да маанилүү, ошону менен бирге жоопкерчилиги да жогорулагандыгын белгилеген. "Мугалимдердин талыкпаган эмгегине жана кажыбас кайратына терең ыраазычылык билдирем", — деди Жапаров. Ал билим берүү ыкмаларын жаңылоо, атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү мамлекеттин артыкчылык берилген багытына айланганын белгилеген. Эскертке кетсек, Кыргызстанда ушул тапта мектепте билим алып жаткан балдардын саны 1,5 миллионго чамалап барат. Электрмобилдердин алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатуу үчүн жыйым арзандады. Тиешелүү токтомду мининстрлер кабинети кабыл алды. Төлөмдөр төмөнкүдөй: жеке жактар үчүн 50 миңден 30 миң сомго түштү; юридикалык жактардыкы 70 миңден 50 миң сомго арзандады; резидент эмес айдоочулар үчүн 90 миңден 70 миң сомго төмөндөдү. Уруксат берүү жана жыйымдарды чогултуу милдети “Унаа” мекемесинен Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо агенттигине жүктөлөт.Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүн асфальттоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча транспорт жана коммуникация министринин орун басары Талантбек Солтобаев жана "Бета групп" подрядчы ишкананын аткаруучу директору Мирлан Амантуров кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматта аларга "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" фактысы менен иш козголгону айтылат.Кармалгандар Нарын облусунун Ат-Башы РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда бул фактыга башка дагы кызмат адамдарынын тиешеси бар-жогу боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы белгиленген. Кечээ, 31-августта, Ташиев Сузак районундагы курулуштарды кыдырып жүрүп, телефон аркылуу Нарын шаарында жол салып жаткан ишкана убада кылган мөөнөтүнөн кечиккенин айтып, жетекчисин жана министрдин орун басарын тез арада камоого тапшырма берген.Бразилия АКШнын көп полярдуулукка жасаган “чабуулуна” байланыштуу БРИКСтин кезексиз саммитин өткөрүүнү көздөйт. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, жолугушуу онлайн болот. Анда АКШ пошлина киргизгенден кийинки кадамдар талкууланат. “АКШнын көп полярдуулукка жасаган “чабуулуна” байланыштуу Бразилия БРИКСтин кезексиз саммитин чакырууга аракет кылууда”, — деп жазылган билдирүүдө. Бразилия президентинин атайын кеңешчиси Селсу Аморим саммит боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ал кийинки жумада Кытайга барып, Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат. Сапардын алкагында Аморим көп полярдуулук маселесине байланыштуу эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөрү күтүлүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/01/1096225767_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1f723c3eb122101cf064f230c7250aee.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио