00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Спички и Транспортир
Оливье, ёлка и обещание начать заново: зачем нам всё это каждый год
14:06
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Поэзияда жаңы ысымдар, жаңы дем – Жаштарга жол ачкан “Жаш акын” сынагы өттү
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Стоп-кадр
«Агент келин» — күлкү, күтүүсүз окуя жана жаңы жылга жагымдуу маанай
17:16
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:08
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстан менен Казакстандык маданият министрлери жолукту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева менен жолукту. Жолугушуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында орун алган. Анда эки өлкөнүн алакасы талкууланып, айрыкча маданият, маалымат жана жаштар саясаты тармактарындагы байланышка өзгөчө маани берилди. Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер биргелешкен демилгелерди улантуу боюнча макулдашышты. Ошондой эле тажрыйба жана мыкты практикалар менен алмашуу үчүн туруктуу аянтчаларды түзүү жана биргелешкен билим берүү жана илимий-изилдөө программаларын ишке ашырууга макулдашышты.
Бишкек шаарынын мэриясы Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, калаа бийлиги туура эмес токтотулган унааларды эвакуция кылуу жана жаза чегерүү укугун сурап жатат. Мэрия буга чейин жеңил унааларды сүйрөп кете турган атайын техниканын бир нечесин сатып алган. Бирок Кайгуул милициясынын кызматкерлеринин катышуусу жок эвакуация кылууга муниципалитеттин укугу жок. Ошондой эле шаар куруу эрежелерин бузгандарга, белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштап, үйүп, өрттөгөндөргө, жол тилкесин уруксаты жок казып, тешип, курулуш кылгандарга, тиешелүү органдар менен макулдашпастан жол жээгиндеги тилкелерде, соода түйүндөрүн, тамактануу, тейлөө пунктарын куруп алгандарга карата айып пулду жогорулатуу маселесин көтөрүүдө. Мындан тышкары, укук бузуулар жөнүндө билдиргендерге акчалай сыйлык институтун киргизүү каралууда. Ал ишке ашса, кимдир бирөө эреже бузууну сүрөткө же видеого тартып, атайын органдарга билдирсе аларга акча берилиши мүмкүн. Бирок, сыйлык төлөөнүн жол-жобосу тууралуу айтылган эмес.
Учурда тарбиячы кесиби жакшы өнүгүп жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин өкүлү Индира Дууланова билдирди. Анын айтымында тарбиячылыкка окугандардын саны мындан он жыл мурункуга салыштырмалуу бир нече эсеге өскөн.“Саны тууралуу айтсак, мен 2012-жылдан 2014-жылга чейин окугам. Биз 6 эле киши бүткөнбүз. Азыр тарбиячыларды даярдаган окуу жайда сабак берем, быйыл ал жакты 26 киши бүттү. Ал эми сапаты тууралуу айтсак, көйгөйлөр жок эмес. Бирок жакшы өзгөрүүлөр бар. Мурда квалификацияны жогорулатканы баргыла деп мажбурлап жөнөтсөк, азыр өздөрүнүн кызыгуусу, аракети көп", — деди Дууланова.
Жаңылыктар түрмөгү
0