00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Как незаметно приучить ребенка к брокколи и моркови по советам педиатров
08:05
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеңүүчүлөр Россияга барат — өлкөнүн күчтүү механизаторлору «Айдоо Фест 2026» чемпионатында күч сынашат
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Личный интерес
Школа Говорухина: Лариса Лужина и Сергей Баталов об изнанке легендарного кино
10:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ШКУ өлкөлөрүндө айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине кандай көңүл бурулат?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эми курулуш лицензиясын 1 эле күндүн ичинде алууга болот — лицензиялардын баасы канча?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек и Санкт-Петербург перешли от слов к реализации масштабных дорожных карт
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Передел мира и рождение капитализма — простыми словами
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жол кырсыктарынан коргоо: «КАСКО Эконом» программасынын мүмкүнчүлүктөрү
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как научить ребенка отвечать за свой выбор и не бояться ошибок - беседа с психологом
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Өнөр жана өмүр: Акимжан Жээнбай тууралуу маек
17:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
20:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетов медиктерге "чай пул" алууга уруксат берүүнү сунуштаган билдирүүсүн түшүндүрдү. Эскерте кетсек, кечээ айтылган бул демилге коомчулукта кызуу талкууланып, нааразычылык жараткан. Баетовдун айтымында, сунушта мамлекеттик системаны бюрократиядан арылтуу боюнча мекеме аралык комиссиянын жыйынында ыктыярдуу акча төлөө жөнүндө гана сөз болгон. "Чай пулду" мыйзамдаштыруу контексттен үзүп алынган. Министр "ыктыярдуу төлөм" санариптик көзөмөлгө алынып, сөзсүз касса аркылуу өтүп, белгилүү бир чектен ашпаган (маселен 3,5 миң сом) суммада болорун белгиледи. Баетов бул бекитилген план же министрлер кабинетинин чечими эмес, болгону ведомстволор аралык комиссиянын талкуусуна коюлган сунуш болгондугун кошумчалаган .
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 21-августта Бишкекке расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. Сапардын алкагында мамлекет башчыларынын тар курамдагы сүйлөшүүсү жана мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жетинчи жыйыны өтөрү айтылган. "Лидерлердин катышуусунда "Ынтымак" паркында "Достуктун алтын көпүрөсү" монументинин расмий ачылыш аземин өткөрүү пландалган", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле Казакстандын Ош шаарындагы башкы консулдугу, Лев Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын ачылышы күтүлүп жатканы кабарланды. Казак лидеринин сапарын утурлай Кыргызстанда казак киносунун күндөрү жана Кыргыз-казак жаштар форумун өткөрүү пландаштырылган.
Эки күн ичинде Ысык-Көлдүн жээгиндеги таштандыларга байланышкан бир катар учурлар аныкталып, жалпы 320 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, көлдүн жээгиндеги таштандыларга толгон 14 тилке аныкталды. Жыйынтыгында 63 протокол жана 49 акт түзүлүп, Укук бузуулар кодексине ылайык, жалпы 320 миң сом айып салынды. Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, президент Садыр Жапаровдун жарыялаган акыркы видеокадрлары Ысык-Көлдүн жээгиндеги абалдын чыныгы кейиштүү көрүнүшүн ачып көрсөттү. Айрым эс алуучулар көлдү барктабастан, таштандыларга толтуруп, жээкти булгап жатат. Бул көрүнүш эс алуу маданиятынын өтө төмөн экендигин айкын далилдеди. Мындан улам өкүлчүлүк эс алуучуларды жана тургундарды Ысык-Көлдү сыйлоого чакырат.
АКШ президенти Дональд Трамп мындан ары дүйнөлүк үчүнчү согуш чыгып кетет деп кооптонууга негиз жок деген билдирүү жасады. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Баары дүйнөлүк үчүнчү согуштун чыгып кетишине бараткан, эми мындай болбойт. Көңүл тынчый турган, жагымдуу учур — силер бул тууралуу мындан ары ойлонуп, түйшөлбөйсүңөр", — деген Трамп.
Жаңылыктар түрмөгү
0