00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Садыр Жапаров менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Анын жүрүшүндө РФ президенти Владимир Путин менен АКШнын башчысы Дональд Трамптын Аляскадагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча пикир алмашуу болду. Садыр Жапаров аталган саммит ишенимди бекемдөөгө жана глобалдык чыңалууну басаңдатууга карай маанилүү кадам болгонун белгилеген. Ошондой эле ал Россия менен АКШнын ортосундагы аракеттер украиналык кризисти тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн кошумча шарттарды түзөрүнө ишенерин белгиледи. “Кыргызстан Евразиянын борборунда жайгашкан жана аймактык интеграциялык бирикмелердин ишине жигердүү катышкан өлкө катары аймактагы туруктуулукту чыңдоого өзгөчө маани берет жана Россия менен туруктуу өнүгүү максатында кызматташууга даярдыгын ырастайт”, — деди Жапаров. Соңунда тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маанилүү маселелер боюнча пикир алмашууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Борбор Азияда суу ресурстарынан улам чыр-чатактардын чыгып кетүү тобокелдиги абдан жогору. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун Социалдык изилдөөлөр борборунун башчысы, IV Евразиялык аналитикалык форумдун уюштуруу комитетинин тең төрагасы Нурбек Өмүралиев билдирди. Ал 9-12-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турган IV Евразиялык аналитикалык форумду (ЕАФ–2025) жана III Эл аралык жаштар аналитикалык конгрессин утурлай Sputnik маалымат борборунда видеокөпүрө форматында уюштурулган жыйында сүйлөгөн. Өмүралиев Афганстан Аму дарыясында Кош-Тепа каналын куруп жатканын эске салды.Ал туруктуулук факторун белгилеп, Кыргызстандын жетекчилиги көрүп жаткан аракеттин аркасында бардык чек ара маселеси чечилгенин кошумчалады."Эгерде мамлекеттер аралык кагылышууга эч кандай негиз болбосо, анда коңшу жашаган элдер ортосунда байланыш бекемделет. Чек арадан эркин өтүшөт, жаңы экономикалык алака орнойт", — деди Өмүралиев.
Россия жана АКШ лидерлери Владимир Путин менен Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшкөнүн РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. РИА Новости берген маалымат боюнча, Трамп Путинге Владимир Зеленский жана Европа мамлекеттеринин башчылары менен жолуккандан кийин чалып, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынан кабардар кылган. Ушаковдун айтымында, 40 мүнөткө созулган баарлашуу "ачык-айкын жана мазмундуу" болду. Мындан тышкары, лидерлер Россия менен Украина делегацияларынын түз сүйлөшүүсүн улантуунун зарылдыгын белгилеп, өкүлдөрдүн сүйлөшүү жүргүзүү деңгээлин жогорулатууну талкуулашкан. Президенттер Украина жана башка маселелер боюнча мындан ары да тыгыз байланышта болууну макулдашышты. Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү кечинде Трамп Зеленский жана Европа лидерлери менен жолугуп, жарым саатка жетпеген убакыт сүйлөшкөн. Ага НАТОнун баш катчысы Марк Рютте, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен, Британия премьери Кир Стармер, Франция президенти Эммануэль Макрон, Германия канцлери Фридрих Мерц, Финляндия президенти Александр Стубб, Италия премьери Жоржа Мелони жана Владимир Зеленский катышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0