00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Генплан Бишкека: что поддерживают строители и что их тревожит
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
“Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу идеологиялык документ боло алабы?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Красные и зелёные книги уходят? Юрист о том, что значит кадастровый план
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Алтын менен камсыздалган улуттук стейблкоин — артыкчылыктары жана келечеги
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Чет элдиктер ЖМК акциясынын 35 пайыздан ашыгына ээлик кыла албайт. Тиешелүү "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 25-июнда кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаты расмий катталгандан кийин гана маалымат таратууга укуктуу. Анын иши негиздөөчүсү же соттун чечими менен гана токтотулушу мүмкүн. Ошондой эле Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражатын түзүүдө чет элдик жарандарга жана юридикалык жактарга уставдык капиталдагы акциялардын, үлүштөрдүн, пайлардын 35 пайыздан ашуунуна ээлик кылууга, колдонууга, башкарууга тыюу салынары көрсөтүлгөн, мындан тышкары, ЖМК таратуу жана редакциялык саясат боюнча этикалык стандарттарды сактоого милдеттендирилген. Мыйзам парламентте кабыл алынып жатканда маданият, маалымат, жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев буга чейин катталган эл аралык ЖМКларга аталган мыйзам таасирин тийгизбесин, анткени мыйзам артка иштебей турганын белгилеген.
Мугалимдерге жасалма интеллект боюнча курстар өткөрүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министрлик тиешелүү курсту иштеп чыгып, ustat.edu.gov.kg платформасына жайгаштырган. Анда жасалма интеллект тууралуу негизги түшүнүктөр, колдонуу ыкмалары жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу модулдар камтылган. "Жасалма интеллект мугалимдин сабакка тезирээк, жеңилирээк жана натыйжалуураак даярданышына, ошондой эле билим берүү контентин жакшыртууга көмөктөшө алат", — деген министрдин орун басары Лира Самыкбаева. Ал министрлик учурда жасалма интеллектини балдардын саны, социалдык абалы, мугалимдердин дарамети, мектептердин абалы сыяктуу маалыматтарды талдоо максатында колдонуп жатканын кошумчалаган.
Чүйдө айыл чарба жерлерин сатууга шектелип А.Сыдыков атындагы айыл аймагынын мурдагы жана учурдагы жергиликтүү депутаттары кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.Кечээ Аламүдүн районунун акимчилигинин кайрылуусу менен териштирүү башталган. "Түзүлгөн мекемелер аралык комиссия А.Сыдыков атындагы айыл аймагынын жеринде айдоо жана жайыт жерлерде мыйзамсыз курулуштарды аныктаган. Кылмыш иши козголуп, айылдык кеңештин айрым депутаттары жана жергиликтүү кызмат адамдары жер тилкелерин сатууга тиешеси бар экени аныкталды. Ошондой эле опузалап акча талап кылуу, документтерди жасалмалоо жана мыйзамсыз курулушка уруксат берүү фактылары катталды", — деп айтылат маалыматта. Кылмышка шектелип 59 жаштагы жана 38 жаштагы учурдагы жана мурдагы жергиликтүү депутаттар кармалган.
Киев туткундалган украиналык миң аскерин айырбаштоо тизмесинен чыгарып салды. Бул тууралуу RT басылмасы жазды. Сайттагы айрым маалыматтар боюнча, Киев ал аскерлердин тизмесинин ордуна башка адамдарды киргизмек. Россия президентинин жардамчысы Владимир Мединский Киев айрым туткундарын кабыл алуудан баш тартканы үчүн Россия менен Украина ортосунда аскер алмашуунун экинчи этабы татаал болгонун, ал эми үчүнчүсү баштала электигин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0