00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Социалдык тармактарда өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуу акыларынын 2-3 эсе өсүп кеткени айтылып, коомдо кызуу талкуу жаратууда. Бул боюнча Жусуп Баласагын атындагы КУУга кайрылганыбызда төлөм 20-40 пайыз көтөрүлгөнүн тастыкташты. Ал эми Кусейин Карасаев атындагы БМУда окуунун акысы 4-20 пайызга чейин кошулганын айтышты. Мунун себеби катары инфляция, коммуналдык кызматтардын өсүшү жана эмгек акыны көтөрүү, окуу программаларын жаңыртуу муктаждыгы белгиленди. Мындан тышкары, контракт мамлекет бөлгөн гранттык жана ваучердик суммадан кем болбошу керектиги кошумчаланды. Ошондой эле ЖОЖдорун өкүлдөрү өлкөдөгү окуу жайлардын контрактысын көтөрүүгө үч жылдык мораторий болгонун эске салышты. Чектөө президенттин буйругу менен алынгандан бери акырындан көбөйүп жатканы айтылды. Ал эми Монополияга каршы кызматты контрактардын көлөмүн окуу жайлар өз алдынча аныктарын белгиледи.
"Менин шаарым" тиркемеси аркылуу эми шаар аралык каттамдардын транспортторун да кайсы жерде бара жатканын көрүүгө шарт түзүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясына караштуу Санариптик технологиялар борбору муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Чыңгыз Жумагулов билдирди."Менин шаарым" коомдук тиркемесин, "Акылдуу аялдама" долбоорун Бишкектин башка аймактарында да ишке киргизгенге даярбыз. Жакында эле Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен келишим түзүп, Чүй облусундагы шаарлардан борборго келген маршруттук каттамдарга gps-трекерлер орнотула баштады. Учурда айрым рейстерде кадимкидей иштеп жатат", — деди Жумагулов. Ошондой эле ал GPS-трекерлерди алыскы дубандарга каттаган маршруттук каттамдарга да орнотуу пландалып жатканын кошумчалады.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын арты менен Кыргызстанга келген чет элдик туристтердин саны көбөйдү. Бул тууралуу маалымат жыйында аталган долбоордун автору Асхат Акибаев билдирди. Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлгөн төрт жылдын ичинде өлкөдө туристтердин саны үч эсеге көбөйдү. Мисалы, 2014-жылы Кыргызстанга 2,2 миллионго жакын адам келсе, 2018-жылы, үчүнчү оюндардан кийин бул көрсөткүч 5,8 миллионго чейин өскөн. Ал эми туризмдин экономикадагы үлүшү 1,5 пайыздан 5 пайызга жеткен. Акибаев маданиятты, руханий байлыкты жана салт-санааны бириктирген масштабдуу долбоорду дүйнөгө Кыргызстан бергенин белгиледи.
"Евразия" бейөкмөт уюмунун эл аралык сыйлыгынын ар бир номинациясынын жеңүүчүлөрү бир миллион рублден алышат. Бул тууралуу сыйлыктын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Алина Молдокеева билдирди. Экинчи орунду алган катышуучуларга 500 миң рубль, ал эми үчүнчү орунду ээлегендерге 200 миң рубль берилет. "Бул — ат салышууга мотивация бере турган чоң сумма. Эгерде ишке ашыргыңыз келген кыялдарыңыз болсо, анда катышуу үчүн арыз таштаңыз", — деди Молдокеева. Байге фонду 25 миллион рублди түзгөн "Евразия" сыйлыгы Россотрудничество менен биргеликте ишке ашырылууда. Күздө Евразия мамлекеттеринин социалдык, экономикалык жана маданий жактан өнүгүшүнө, элдик дипло
Жаңылыктар түрмөгү
0