00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
4-декабрь — “Манас” эпосунун күнү: Манасты жайылтуу аракеттери жетиштүүбү?
13:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Манасты" карачай-балкар тилине которгон Мусукаева: экинчи Мекениме 68 жыл өтүп келдим

© Фото / Из архива "Национальной академии "Манас", Балкар жана карачай тилине которулган “Манас”, “Семетей”, Сейтек” үчилтиги.
Балкар жана карачай тилине которулган “Манас”, “Семетей”, Сейтек” үчилтиги. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2025
Жазылуу
Бишкекте "Дүйнө элдеринин эпостору" фестивалы өтүп, 40тай өлкөдөн илимпоздор келди. Конференцияга Кабардин-Балкариядан "Манас", "Семетей", "Сейтекти" үчилтигин карачай-балкар тилине которгон акын Сакинат Мусукаева да катышып, китептеринин бет ачарын өткөрдү.
Кыргыздын бүтүндөй жашоосун камтыган "Манасты" дүйнөгө жайылтууда чоң иш кылып жаткан Мусукаева менен колумнист Алмаз Батилов баарлашты.
— "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигин карачай-балкар тилине кандайча которуп калдыңыз? Кыргызды, кыргыз тилин кайдан билесиз?
— Менин киндик кан тамган жерим Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылы. 1944-1957-жылдары балкар жана карачайлар Ала-Тоого сүргүнгө айдалып, ушул жерге түшкөн экен. Ата-энемдин, кандаштарымдын "кыргыздар момун, абдан ишенчээк жана аябай боорукер эл" дегенин көп укчумун. "Кыргыздар акыркы тамагын да биз менен бөлүшчү" деп эскеришчү. Ала-Тоодо сүргүндө болгон балкар жана карачайдын улуу мууну кыргыздын түшүн жоручу. Анын үстүнө эки элдин тили кыргыз тилине абдан жакын. Атам депортацияга чейин Кабардин-Балкарияда басмаканада иштечү экен. Бала кезинен китеп окуганга дилгир болуптур. Кыргыздын маданиятына абдан кызыкчу. Ошол убакта "Манас" эпосун окуй баштаган. Энем да кыргызча таза сүйлөчү. Ал да өмүр бою Ала-Тоону эстеп, кыргыз ырларын ырдады. Апам Сын-Ташта жергиликтүү элдин улуттук тамактарынын түрүн жасаганды үйрөнгөн. Бул айылда алар 13 жыл жашашты. Агам, эки эжем, мен жарык дүйнөгө келгенбиз. Бир эжем чарчап калып, сөөгү Сын-Ташта коюлган. 1957-жылы айдалгандар акталып, натыйжада балкар жана карачайлар Ата Мекенине кайтууга уруксат алган. Ата-энем Түндүк Кавказга кайтып жатып "Манас" эпосунун жыйнагын ала кетишкен экен. Ала-Тоону пааналагандар Кыргызстанды бир көрсөк деген арман менен аркы дүйнөгө кетишти. Ала-Тоодо жашаган бир да балкар же карачайдан кыргыздар тууралуу терс пикир уккан жокмун.
© Фото / Из личного архива Зухры ШидаковойVIII бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалынын алкагында балкар жана карачай тилине которулган “Манас”, “Семетей”, Сейтек” үчилтигинин бет ачары. VIII бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалы. Бишкек, 2025
Переводчица и поэтесса Сакинат Мусукаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2025
VIII бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалынын алкагында балкар жана карачай тилине которулган “Манас”, “Семетей”, Сейтек” үчилтигинин бет ачары. VIII бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалы. Бишкек, 2025
Кыргызстанда төрөлгөн балкар жана карачай улутундагылар "биздин эки Мекенибиз бар" деп айтабыз. Ишенесизби, азыркы күндө 70ке таяп калган көп курдаштарымдын көкүрөгүндө Кыргызстанды бир көрсөк деген кыял бар. Биз, балдар, манас угуп чоңойдук. Атам эпосту окуп, үзүндүсүн айтып берчү, биз аны чыдамсыздык менен күтчүбүз.
Кыргыз элинин жакшылыгына жооп катары "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигин карачай-балкар тилине котордум. Китептин баш сөзүндө "Оор учурда балкар жана карачай кандаштарыма жардам берген кыргыздардын урматына бул үчилтик эки тилге которулду" деп жаздым. Кызыбыз кыргыздарды кубандырды деп ата-энемдин да арбагы ыраазы болду го деп ойлойм. Котормого улуу муундагы кандаштарым аябай кубанышты.
2023-жылы абдан катуу оорудум, өлүм менен өмүрдүн ортосунда болдум. Ооруканада жатып, балкар жана карачай балдары үчүн кыргыз акындырынын ырларын которуп көрсөмбү деген ой келди. Тагдырдын буйругу менен колума "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги тийди. Мурда буларды которууга дитим барчу эмес. Жакындарым ооруганымды көрүп, санаага батышты. Ал эми мен эки жума күн-түн дебей үчилтикти которо баштаганда ооруну да унуттум. Бирөө колдогондой болду, муну сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес.
Быйыл жазда Бишкекте өткөн VIII "Дүйнө элдеринин эпостору" бүткүл дүйнөлүк фестивалында котормомдун бет ачары болду. Мени ала-тоолуктар ушунчалык сый-урмат менен тосуп алганы катуу дем берди. Иш-чара манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган экен, жогорку деңгээлде өттү. 40тан ашуун өлкөдөн окумуштуу-илимпоздордун катышканы тарыхта калат.
© Фото / Из личного архива Зухры ШидаковойБалкар акыны Сакинат Мусакаева (солдо) Кыргызстандагы карачайлардын "Ата-Журт" диаспорасынын жетекчиси Зухра Шидакова менен. Сын-Таш айылы, Ысык-Ата району, 2025
Переводчица и поэтесса Сакинат Мусукаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2025
Балкар акыны Сакинат Мусакаева (солдо) Кыргызстандагы карачайлардын "Ата-Журт" диаспорасынын жетекчиси Зухра Шидакова менен. Сын-Таш айылы, Ысык-Ата району, 2025
— Атаңыз Түндүк Кавказга кайтып барганда да кыргыз басылмаларын окудубу?
— Албетте. 1957-жылы атам Кабардин-Балкарияга кайтып келгенде чабан болуп иштеди. Бош болуп калганда "Манас" дастанын окуп, бизге айтып берчү. Бул китеп колдон-колго өтүп, айылдын бардыгы окуп чыккан. Андан тышкары, өмүр бою Фрунзеден "Ала-Тоо" адабий-көркөм журналын алдырып, бир да санын калтырбай окуду. Москвада Горький атындагы адабият институтунда окуган кыргыз студенттер балкар эл жазуучусу Алим Типеев аркылуу атактуу акын Токтогул Сатылгановдун чыгармачылыгы камтылган эки томдон турган китебин атама белек кылышкан. Бул китептерди да кастарлап, толугу менен окуп чыкты. Атамдын Ала-Тоодон алып келген "Манас" эпосун белгилүү маркум журналист Владимир Алькаев менден сурап алган. Ал каза болгондон кийин китептин изи табылбай калды. Алькаев да Ала-Тоодо чоңойгон.
— 1944-1957-жылдары Ала-Тоодо жашап кеткен балкарлардын балдары жергиликтүү мектептерде кыргыз тилинде окуган экен. Аларга Кыргызстандын маданияты кандай таасир берген?
— Биздин улуттук интеллигенциянын жана көрүнүктүү мамлекеттик кызматкерлердин алтын кору Кыргызстанда түптөлдү десек болот. Көбү Ала-Тоого келгенде 13 жашта болчу. Булар кыргыз мектептеринде окуп, "Манас" эпосу менен таанышып, ала-тоолук интеллигенциянын идеясын чын дили менен кабыл алышкан. Улуу Ата Мекендик согушка чейин Кабардин-Балкариянын борбору Нальчикте академиялык опера жана балет театры жок болчу. Келечектеги маданий жана мамлекеттик ишмерлерибиз Фрунзеден Академиялык опера жана балет театрын алгач ирет көрүп, ушул жерде эмгек жолун баштаган. Мисалы, белгилүү режиссёр Измаил Рахаев Улуу Ата Мекендик согушка чейин Москвада А.В. Луначарский атындагы Театр искусствосу институтун бүтүргөн. Ал Фрунзеде Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында башкы администратор болуп иштеген. Ал эми атактуу акын, драматург Исса Боташев да жогорудагы театрда администратор болчу. Экөө балкар өспүрүмдөрүн академиялык опера жана балет театрына бекер киргизип турушкан. Бул унутулгус учурлар эле. Бийчи, ырчы жана артисттердин чыгышына себепкер болгон. Кабардин-Балкариянын атактуу артисти Борис Кулиев өз эскерүүсүндө кыргыздын туңгуч улуттук "Айчүрөк" операсын биринчи ирет көргөндө абдан таң калганын, андагы артисттер сыяктуу сахнада бийлегиси келгенин айткан. Нечен түн уктабай, кыялымды кантип орундатам деген бала кездеги көксөөсүн мага айтып берген. Мекенине кайтып келген соң максатына жетип, артист болду. Кабардин-Балкариянын дагы бир атактуу маданий ишмери Исмаил Жанатаев да жогорудагы операны көрүп аябай таасирленген. Ал да "Айчүрөк" операсындагы ырчыларды туурап ырдай баштадым деп айтып берген. Балкар элинин биринчи профессионалдуу композитору Абдинбай Чукуев да ушул сыяктуу пикирин айткан.
© Фото / Из личного архива Зухры ШидаковойТашка чегилген балкар жана карачай элинен кыргыздарга ыраазычылык билдирген жазуу. Сын-Таш айылы, Ысык-Ата району, 2025
Переводчица и поэтесса Сакинат Мусукаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2025
Ташка чегилген балкар жана карачай элинен кыргыздарга ыраазычылык билдирген жазуу. Сын-Таш айылы, Ысык-Ата району, 2025
— Кыргызстанда окуган балкар интеллигенциясы элибиздин алтын кору дедиңиз. Себебин айтып берсеңиз?
— Булар Ала-Тоодо улуттук интеллигенциянын "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигин, эне тилин, тарыхын жана маданиятын сактап калууга кандай күч жумшаганын өз көзү менен көрүшкөн. Аларга кыргыздардын маданиятка жасаган мамилеси чоң үлгү болду. Октябрь революциясына чейин балкар жана карачай элдеринин фольклорун белгилүү россиялык илимпоздор Всеволод Миллер, Максим Ковалевский өңдүү саналуу илимпоздор гана изилдеген. Алтын кору деп жатпайбызбы, 1957-жылы Түндүк Кавказга кайтып келген соң булар эки калктын этнографиясын, фольклорун, маданиятын жана тарыхын тыкыр изилдөөгө киришет. Жыл сайын илимий экспедициялар уюштурулуп, балкар жана карачайдын ар бир айылын түрө кыдырып, эки элдин дастандарын жана оозеки чыгармачылыгын системалуу түрдө жаздырышты. Бул топ, "Манас" эпосунда айтылгандай, "үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнашты". Кыргыз тили балкар жазуучулары менен акындарынын чыгармачылыгына абдан катуу таасир этти. Мисалы, Москвадан М.Горький атындагы адабият институтун аяктап Нальчикке кайткан жазуучу Алим Типеевге "аңгемелериңизде кыргыз сөздөрү көп экен" деген сын айтылган.
Типеев, акын Ахмед Сузаев, атамдын иниси, филология илимдеринин доктору Борис Мусукаев Чүй районунун Кегети жана Кең-Булуң айылдарында өсүшкөн. 2013-жылы Нальчикте Айтматовдун 85 жылдык мааракесине карата илимий-практикалык конференцияга агам Борис катышып, анда "Манас" эпосу, манасчы Саякбай Каралаев, Ала-Тоого кусалыгы жөнүндө кыргыз тилинде жазган ырын окуган. Бул конференцияга акын, мугалим Хадис Улаков да катышкан. Ал да кыргызча ыр жазган. Хадис Көл кылаасында чоңойгон, Ленинградда чет тилдер факультетин бүтүп, көп жылдар бою Чолпон-Атада англис тилинен сабак берди. Жакында гана Кабардин-Балкарияга кайтты. Жубайы кыргыз кызы. Ушул конференция боюнча өзүнчө китеп чыгардык. Дагы бир залкар акыныбыз, кесиби чабан Маштай Кудаев да балкар, кыргыз тилдеринде ыр жазып жүрдү. Аны Айтматов "балкар поэзиясынын булбулу" дечү. Азыр уулу Кыргызстанда жашайт.
© Фото / Из личного архива Зухры ШидаковойБалкар акыны Сакинат Мусакаева (оң жактан экинчи) Кыргызстандагы кандашы Аслан Атабиев (оң жактан биринчи) жана Сын-Таш айылынын тургундары менен. Ысык-Ата району, 2025
Переводчица и поэтесса Сакинат Мусукаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2025
Балкар акыны Сакинат Мусакаева (оң жактан экинчи) Кыргызстандагы кандашы Аслан Атабиев (оң жактан биринчи) жана Сын-Таш айылынын тургундары менен. Ысык-Ата району, 2025
— Баса, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына атактуу балкар акыны Кайсын Кулиев жол көрсөткөнүн көпчүлүк билбейт. Экөөнүн мамилеси тууралуу айтып бере аласызбы?
— Эки залкар абдан ынак эле. Чыңгыз Нальчикке 1977-жылы Кайсындын мааракесине атайын келген. Ошондо Айтматов Кулиев менен кандайча таанышып калганын айтып берген. Чыңгыз студент кезинде алгачкы чыгармаларын орус тилинде жазып, Кыргыз жазуучулар союзуна алып барат. Ал жактагылар "сен эмнеге аңгемелериңди орусча жазып жатасың, андан көрө кыргызча жазгын. Лев Толстойдон мыкты жазам деп ойлоп жатасыңбы" дешет. Айтматовдун шагы сына түшөт. Ошол учурда Кайсын кирип калат, ал жерде консультант болуп иштечү экен. Бейтааныш жигиттин жаман болуп турганын көрүп себебин сурайт. Чыңгыз түшүндүрүп берет. Кулиев жазган чыгармаларын чогуу карап чыгууну сунуштайт. Кайсын анын аңгемелерин карап чыгып, каталарын оңдоп, чыгармачылыгын орусча уланта беришин айтат. Ошентип Кайсын Чыңгыздын чыгармачылыгына жол ачат. Экинчи ирет 1985-жылы Айтматов Кулиевдин тажиясына келген.
Эмнегедир Улуттук тарых музейиндеги Айтматовго арналган бурчтан эки залкардын чогуу түшкөн бир да сүрөтүн көргөн жокмун...
— Киндик каныңыз тамган Сын-Ташка барган экенсиз. Кандай сезимде болдуңуз?
— Сын-Таш айылына Кыргызстандагы балкар жана карачай диаспорасынын өкүлдөрү Зухра Шидакова, Аслан Атабиевдер алып барып келишти. Жолдо ата-энебиз бала кезде кулагыбызга куйган Юрьевка, Дмитриевка, Ивановка, Кеңеш, Кең-Булуң кыштактарын көрүп, купулум толду. Сын-Таш айылынын кире беришинде ташка чегилген балкар жана карачай элинен кыргыздарга ыраазычылык билдирген жазууну көрүп сүйүндүм. 2014-жылы эки элдин аксакалдары атайын Түндүк Кавказдан келип, Сын-Таш менен Көл кылаасына эки таш орнотуп кетиптир. Автоунаадан түшкөндө 68 жылдык узак сапардан кийин экинчи Мекениме келдим деген сезим пайда болуп, ушунчалык жан дүйнөм эс алды. Айылдагылар да бизди жылуу кабыл алды, бир туугандарымды көргөндөй болдум. Бала кезден Кыргызстанга барып келсек деп кыялданчубуз. Бир туугандардын ичинен бул кыялды мен ишке ашырдым. Экинчи Мекениме келгениме Манас атанын арбагы жардам берди. Дмитриевка айылында Нальчик атындагы көчөнү көрүп ого бетер сүйүндүм. Новопокровка кыштагында кандашым, белгилүү россиялык мамлекеттик ишмер Хусейин Чеченов атындагы көчө бар экенин угуп, дагы кубандым. Ала-Тоодон кайткандан кийин Кыргызстанда төрөлгөн бир курдашым телефон чалып "Сакинат, сен экинчи Ата Мекенибизге зыярат кылып келдиң. Мен дагы Кыргызстанга барып келем деген кыялымды орундатсам жакшы болот эле" деп арман кылды.
© Фото / Из личного архива Зухры ШидаковойБалкар акыны Кайсын Кулиев (оң жактан биринчи), калмак акыны Давид Кугультинов кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов
Переводчица и поэтесса Сакинат Мусукаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2025
Балкар акыны Кайсын Кулиев (оң жактан биринчи), калмак акыны Давид Кугультинов кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов
— "Манастан" кийин казак элинин эпосторун да карачай-балкар тилине которгон экенсиз?
— Ооба. "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигин которгондон кийин Казакстанда сүргүндө болгон кандаштарым эми казак элинин баатыр дастандарын да которбойсуңбу деген өтүнүч менен кайрылышты. Казактар да балкар жана карачайлардын башына каран түн түшкөндө көмөгүн аяган эмес дешти. Ошентип казак элинин "Кыз Жибек", "Алпамыс баатыр", "Кобланды баатыр" өңдүү дастандарын котордум.
Советский казахский поэт, писатель, драматург, акын Баянгали Алимжанов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2020
Айтматов ыраазы болуп, Жусуп Мамай бата берген. Казак манасчы Алимжановдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0