https://sputnik.kg/20250717/1095350208.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Эл аралык мамилелерде ишенбестик, кош стандарттуулук жана макулдашууларды одоно бузуу көп болуп жатат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин катчысы Бактыбек... 17.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-17T08:59+0600
2025-07-17T08:59+0600
2025-07-17T09:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/11/1095350076_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f04b027b257f1f2ed8a59e82b710e142.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Эл аралык мамилелерде ишенбестик, кош стандарттуулук жана макулдашууларды одоно бузуу көп болуп жатат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин катчысы Бактыбек Бекболотов "Союзники. ОДКБ" басылмасына берген интервьюсунда билдирген. Анын айтымында, көп жана эки тараптуу мамилелер кадимки опузалоо жана омуроолоого чейин түшүп кетүүдө. "Аскердик күч мыйзамсыз жана ылгабай колдонулуп, мунун кесепетинен саясий шоулар уюштурулуп келет. Алар бейкүнөө набыт болгондордун арбагын каралап, жалпы адам өмүрүнүн баалуулугун жокко чыгарат," — деди Бекболотов. Ал ЖККУга мүчө өлкөлөр бири-биринин кызыкчылыгына сый мамиле жасап, коопсуздукту камсыздоону макулдашуп жана ошол багытта айкын иш алып барып жатканын белгиледи.
Ысык-Көлдө 13-15-августта Кыргыз-Россия тараптын VII экономикалык форуму өтөрүн уюштуруучулар билдиришти. Бул иш-чара — Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулай турган негизги аянтча. Форумда санариптештирүү, финансы, логистика жана башка стратегиялык тармактар боюнча кеп болот. "Бул — дүйнөлүк алдыңкы экономикалык форумдардын бири тарабынан жаралган уникалдуу мүмкүнчүлүк. Мындай өнөктөштүк иш-чаранын деңгээлин көтөрүү менен чектелбейт. Андан сырткары, кыргыз бизнесин евразиялык жана глобалдык экономикалык мейкиндикке алып чыгууга кадимкидей түрткү берет", — деп РКӨФтөн билдиришти.Иш-чаранын алкагында Петербург эл аралык экономикалык форумунун көчмө сессиясы да уюштурулат. Иш-чарага жүздөгөн делегация катышары жана он миллиондогон долларлык келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.
Өлкөгө мототранспорт алып келүүдө 48 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин ИИМден билдиришти. Эксперттик уюмдун адистери мопед, скутер, мотоциклдердин баарын 50 куб деп жазып бере беришкен. Ал "кызматы" үчүн 2 500 сомдон өйдө алышкан. "Натыйжада былтыр августтан бери 4 388 корутунду берилген. Ал эми мыйзамсыз алып келинген мототранспорттор интернет аркылуу жөнөкөйлөтүлгөн схема менен сатылган. Мындан улам бюджетке келтирилген зыяндын көлөмү 48 миллион 158 миң 300 сомду түздү", — деп айтылат маалыматта. Шектүү катары эксперттик уюмдун 52 жаштагы ээси, 48 жаштагы директору жана 46 жаштагы эксперти кармалып, камалды.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өрүктүн эрте бышкан сортторун терүү башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары министрлигинен кабарлашты. Жаңы бышкан өрүктөр көбүн эсе Россия жана Казакстанга экспорттолуп, ал үчүн алармандар жүк ташуучу унаалары менен келип, жергиликтүүлөрдүн түшүмүн ыңгайлуу баада сатып алышууда. "Жергиликтүү тургундар жаңы бышкан өрүктүн баасы 30 сомдон 45 сомго чейин сатылып жаткандыгын билдиришет. Бул райондун тургундары үчүн ыңгайлуу баа дешет алар. Себеби, өткөн жылдары өрүктүн баасы кайсыл бир учурларда 20 сомго чейин дагы чыкпай калчу", - деп айтылат министрликтин маалыматында. Ак-Терек айылынын тургунунун айтымында быйыл түшүм мол жана алармандар жетиштүү. Ал ошондой эле жакын арада өрүктүн бал даммдуу “Королева” сорту да бышарын кошумчалады.
Эл аралык мамилелерде ишенбестик, кош стандарттуулук жана макулдашууларды одоно бузуу көп болуп жатат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин катчысы Бактыбек Бекболотов "Союзники. ОДКБ" басылмасына берген интервьюсунда билдирген. Анын айтымында, көп жана эки тараптуу мамилелер кадимки опузалоо жана омуроолоого чейин түшүп кетүүдө. "Аскердик күч мыйзамсыз жана ылгабай колдонулуп, мунун кесепетинен саясий шоулар уюштурулуп келет. Алар бейкүнөө набыт болгондордун арбагын каралап, жалпы адам өмүрүнүн баалуулугун жокко чыгарат," — деди Бекболотов. Ал ЖККУга мүчө өлкөлөр бири-биринин кызыкчылыгына сый мамиле жасап, коопсуздукту камсыздоону макулдашуп жана ошол багытта айкын иш алып барып жатканын белгиледи. Ысык-Көлдө 13-15-августта Кыргыз-Россия тараптын VII экономикалык форуму өтөрүн уюштуруучулар билдиришти. Бул иш-чара — Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулай турган негизги аянтча. Форумда санариптештирүү, финансы, логистика жана башка стратегиялык тармактар боюнча кеп болот. "Бул — дүйнөлүк алдыңкы экономикалык форумдардын бири тарабынан жаралган уникалдуу мүмкүнчүлүк. Мындай өнөктөштүк иш-чаранын деңгээлин көтөрүү менен чектелбейт. Андан сырткары, кыргыз бизнесин евразиялык жана глобалдык экономикалык мейкиндикке алып чыгууга кадимкидей түрткү берет", — деп РКӨФтөн билдиришти.Иш-чаранын алкагында Петербург эл аралык экономикалык форумунун көчмө сессиясы да уюштурулат. Иш-чарага жүздөгөн делегация катышары жана он миллиондогон долларлык келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө. Өлкөгө мототранспорт алып келүүдө 48 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин ИИМден билдиришти. Эксперттик уюмдун адистери мопед, скутер, мотоциклдердин баарын 50 куб деп жазып бере беришкен. Ал "кызматы" үчүн 2 500 сомдон өйдө алышкан. "Натыйжада былтыр августтан бери 4 388 корутунду берилген. Ал эми мыйзамсыз алып келинген мототранспорттор интернет аркылуу жөнөкөйлөтүлгөн схема менен сатылган. Мындан улам бюджетке келтирилген зыяндын көлөмү 48 миллион 158 миң 300 сомду түздү", — деп айтылат маалыматта. Шектүү катары эксперттик уюмдун 52 жаштагы ээси, 48 жаштагы директору жана 46 жаштагы эксперти кармалып, камалды.Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өрүктүн эрте бышкан сортторун терүү башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары министрлигинен кабарлашты. Жаңы бышкан өрүктөр көбүн эсе Россия жана Казакстанга экспорттолуп, ал үчүн алармандар жүк ташуучу унаалары менен келип, жергиликтүүлөрдүн түшүмүн ыңгайлуу баада сатып алышууда. "Жергиликтүү тургундар жаңы бышкан өрүктүн баасы 30 сомдон 45 сомго чейин сатылып жаткандыгын билдиришет. Бул райондун тургундары үчүн ыңгайлуу баа дешет алар. Себеби, өткөн жылдары өрүктүн баасы кайсыл бир учурларда 20 сомго чейин дагы чыкпай калчу", - деп айтылат министрликтин маалыматында. Ак-Терек айылынын тургунунун айтымында быйыл түшүм мол жана алармандар жетиштүү. Ал ошондой эле жакын арада өрүктүн бал даммдуу “Королева” сорту да бышарын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/11/1095350076_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8cb67d3e2b41d066d76b2694f90c272d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио