00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
1 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:56
3 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Четыре свободы ЕАЭС: что мешает бизнесу работать без барьеров
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын тоо-кен тармагын өзүнчө орган кылыш керекпи — лицензиялоо, мамлекеттик саясат, кадрдык потенциал
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
ОДКБ и безопасность в ЦА — беседа с политологом
14:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Акча кантип пайда болгон? Акчанын пайда болуу тарыхы жана жүгүртүү механизмдери тууралуу
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Өкүл ата, өкүл апа институту эмнеден пайда болгон?
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Беседы о главном
О главном в Рождество Христово. Беседа о вере и традициях с Епископом Бишкекским и Кыргызстанским
20:06
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстан Россиянын Екатеринбург шаарында өтүп жаткан "ИННОПРОМ" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышууда. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага КМШ, Азия жана Африканын 50дөн ашык мамлекети катышууда. Бул жылы өнөктөш өлкө Сауд Аравиясы болуп саналат. Көргөзмөнүн ишине экономика министринин орун басары Султан Ахматов баштаган Кыргызстандын делегациясы катышууда. Кыргызстандын Улуттук павильонунда Свердлов облусунун жана жалпысынан Россиянын кызыкдар өнөр жай, курулуш ишканалары жана ишкер чөйрөлөрү үчүн сунушталган өнөр жай, курулуш жана башка продукциялардын кеңири түрү көрсөтүлүүдө. Тактап айтканда 17 кыргыз компаниясы үй буюмдарын, радиаторлорду, каптоочу таштарды, керамикалык плиталарды, ысытуучу лампаларды, айнек, самын жуучу буюмдарды, жасалгалоочу материалдарды, жүк ташуучу мотоциклдерди, желдетүү системаларын жана спорттук кийимдерди сунуштоодо. "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсү Екатеринбургда 7-июлдан 10-июлга чейин өтөт.
Кыргыз улуттук университетинен 2 710 студент окуудан айдалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат аталган окуу жайдан кызматтык жасалмалоо фактыларын аныктаган. "Текшерүүдө окуу жайда студент катары катталып, бирок окууга келбей жүргөндөр бар экени белгилүү болгон. Натыйжада 2 710 адам окуу жайдан чыгарылды", — деп айтылат маалыматта. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар такталууда. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин ректорлор, кесиптик лицей жана колледждердин директорлору менен жолугуп, тармакта коррупция гүлдөп жатканын белгилеген. Төрага айрым мугалим жана жетекчилер өздөрүнүн окуу жайында коррупциянын жайылышына түрткү болуп жатканын айтып, күрөш күч аларын билдирген. Андан көп өтпөй Нарын мамлекеттик университетинен 300дөн ашуун чет өлкөлүк студент чыгарылып, институттун директору кызматынан четтетилген.
Жашы жете электер үчүн абакта отурган өспүрүм 12 жылдан кийин энеси менен жолукту. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, Вознесеновка айылындагы ЖАМКнын №14 мекемесинин 15 жаштагы тарбиялануучусу балдар үйүндө чоңойгон. Мекеменин кызматкерлери баланын өтүнүчү менен анын энесин таап беришкен. "Жолугушуу үй-бүлөлүк байланыштарды жандандыруу жана моралдык колдоо көрсөтүү максатында өткөрүлгөн. ЖАМК мындай демилгелер аркылуу соттолгондордун социалдык адаптациясын жана руханий абалын бекемдөөнү көздөйт", — деп белгилешти мекемеден. Өспүрүм бул жолугушууну "жашоосундагы бурулуш учур" катары мүнөздөгөнү кошумчаланды.
АКШ президенти Дональд Трамп Москвага карата жасала турган кийинки кадамдары тууралуу айтып жатып Россия үчүн "кичинекей сюрприз" даярдап жатканын кыйытты. Анткен менен президент Вашингтон кандай чара көрөрүн ачыктаган жок. Ошол эле жыйында Трамп Россияга каршы санкциялар тууралуу мыйзам долбоорун дыкат карап жатканын, чектөөлөр анын жеке чечими менен гана киргизилерин белгилеген. "Мен кандай десем ошондой болот. Конгресс мыйзам долбоорун менин каалоом боюнча кабыл алат", — деген президент.РИА Новости агенттигинин маалыматына караганда Трамп Ак үйдө жыйын өткөргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0