00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
Особый акцент
Кыргызский каганат: как жили кыргызы в эпоху великодержавия
14:06
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Нейроурологиялык оорулар көбөйдү — кантип алдын алуу керек?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
Помогут ли налоговые льготы швейной отрасли в Кыргызстане?
16:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Давление санкций: как решение Трампа отзовётся в ЕАЭС
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
11 мин
Стоп-кадр
«Биздин класс» сериалынын кийинки сезонунда кандай окуялар көрсөтүлөт?
19:12
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Меняющие мир
Театр вне столицы: почему Иссык-Кульская труппа собирает Гран-при фестивалей
20:07
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Нейроурологиялык оорулар көбөйдү — кантип алдын алуу керек?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө КР президентинин 2025-жылдын 8-январындагы жарлыгында каралгандай, салык карыздарын кечүү чаралары тиешелүү мыйзам күчүнө киргенден кийин жүргүзүлүшү мүмкүн экенин эскертет. Ведомстводон билдиришкендей, мыйзам долбооруна ылайык карыздын төмөнкү түрлөрү эсептен чыгарылууга тийиш: 2022-жылдын 1-январына чейинки мезгилинде пайда болгон салыктык карызы; 2025-жылдын 1-январына чейинки салык мезгили үчүн транспорт каражаттарына мүлк салыгы боюнча карыз.Учурда аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, КР президентине кол коюуга жөнөтүү процессинде турат. Мыйзам күчүнө киргенден кийин Салык кызматы www.sti.gov.kg расмий сайты, жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу жарандарга кошумча маалымат берет. Белгилеп кетсек, салык карыздарын эсептен чыгаруу боюнча чаралар КР президентинин жарлыктарында көрсөтүлгөн стратегиялык милдеттерди ишке ашыруунун алкагында, ишкердикти колдоо жана экономиканы чыңдоо максатында ишке ашырылууда. Эске салсак, салык мыйзамдарынын жаңы ченемдерине ылайык, Салык кызматы салык төлөөчүлөргө жер тилкелерине, турак жай имараттарына салыкты эсептөө жөнүндө билдирүүнү салык төлөө мөөнөтүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбей, 1-августка чейин жөнөтөт.
Кыргызстандын ички дүң продукциясы 13,1 пайызга өсүп, ЕАЭБде лидер болду. Бул тууралуу ЕЭКтин маалыматында айтылган. Көрсөткүч 2025-жылдын I кварталына карата берилди.Быйыл биримдикке мүчө өлкөлөрдүн баарында өсүш катталган. Алсак, Казакстанда 5,6 пайыз, Арменияда 5,2 пайыз, Беларуста 3,1 пайыз жана Россияда 1,4 пайыз өсүш болду.Жалпысынан ЕАЭБдин ИДПсы 2 пайызга жогорулаганы кошумчаланды.
"Евразиянын жүрөгүнө саякат" экспедициясынын катышуучулары Өчпөс отко гүл коюшту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, экспедицияны уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнөн келген эксперттер, окумуштуулар, журналисттер жана коомдук ишмерлер катышты.Алар кыргыз элинин тарыхты сактоого кошкон салымын белгилеп, Евразия мейкиндигиндеги гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөдө мындай демилгелердин маанилүү экенин айтышты.Эске салсак, Москвадан башталган бул эл аралык экспедиция Россия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын 30дан ашык шаарына багытталган. Кыргызстандагы бөлүгү Каракол шаарында өткөн маданий иш-чаралар жана Аялдар диалогу форуму менен башталып, учурда Бишкекте бизнес жана гуманитардык жолугушуулар менен уланууда.
Пентагон АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругу менен Украинага кошумча "коргонуучу куралдарды" жиберүүгө даяр. Бул туурасында РИА Новости аталган министрликтин расмий өкүлү Шон Парнеллге шилтеме кылып жазды."Биз тынчтыкты бекем орнотуу жана өмүрлөрдүн кыйылышын токтотуу иштерин жүргүзүп жатканда украиналыктар өздөрүн коргошу үчүн президент Трамптын буйругу менен Коргоо министрлиги Киевге коргоно турган кошумча куралдарды жиберет", — деп айтылган алардын билдирүүсүндө. Ак үйдүн башчысы буга чейин кеп биринчи иретте "коргонуучу" каражаттар туурасында жүрүп жатат деп белгилеп, Украинага көбүрөөк курал жөнөтүүнү убада кылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0