Бакчиев: 20дай өлкө катышкан Сибирь фольклорчуларынын III форуму өттү
Жазылуу
Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, манасчы Талантаалы Бакчиев Сибирь фольклорчулар форумунда көтөрүлгөн маселелерге токтолду.
Россия илимдер академиясынын Новосибирск шаарында жайгашкан Сибирь бөлүмүнүн филология илимий институтунун фольклор сектору уюштурган фольклорчулардын III форуму болуп өткөнүн Талантаалы Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Манасчы анда Сагынбай Орозбаковдун "Манасындагы" азыркы Сибирь өрөөнүндө жайгашкан топонимикалык аталыштар тууралуу кызыктуу баяндама жасаган. Бакчиевдин айтымында, аталган форум 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет.
"Россиянын илимий академиясынын Сибирь бөлүмү 2016-жылдан бери Сибирь фольклорчулар форумун өткөрүп келет. Быйыл үчүнчү ирет уюштурулду, экинчиси 2020-жылы онлайн өткөн болчу. Жалпысынан 20дай мамлекеттен өкүлдөр катышкан чоң жана абдан маанилүү форумдардын бири. Мында көпчүлүктө Кыргызстан менен кандай байланышы бар деген суроо жаралышы ыктымал. Бирок илим көрсөтүп, тарых тастыктагандай, Сибирь өрөөнү абдан фольклорго бай жана айтуучулук өнөрү, башка элдик чыгармачылыгы кыргыздардыкы менен тектеш, айрым булактарда учурда бул өрөөндү жердеген элдер кыргыздан тарагандыгы айтылат. Кандай болгон күндө дагы бизди мына ушул фольклор тыгыз байланыштырат. Быйылкы форумга мен өзүмдүн соңку беш жылда жарык көргөн китептерим менен бардым. Анткени форумдун эрежелеринин бири ушул болчу. Мындан сырткары, Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы "Манас" эпосунда кездешкен Сибирь өрөөнүндөгү топонимикалык аталыштар боюнча чакан иликтөөм менен баяндама жасадым. Мисалга алсак, Алтай топоними Сагынбайдын вариантында 470 ирет кайталанат. Ал эми Сибирь аталышы тогуз ирет кезигет. Тундар этноними, эскимос этноними да "Манастын" ушул вариантында бар", — деди Бакчиев.
Манасчы учурда эпосту жазуу иретинде жайылтуу, башка улуттарга ачып, таанытуу эмгектери колго алынышы керек деп эсептейт.
"Манас" эпосуна келе турган болсок, албетте, айтуучулук касиети өзүнчө изилдене турган, эпосту сактоо, жайылтууда орду чоң болгон бир бөлүгү. Ошону менен катар эле биз аны башка өлкөлөргө таанытууну кааласак ар тараптан изилдеп, жазып, которуу иштерине көңүл бурушубуз керек", — деди окумуштуу.
Ал кайсы элде болбосун, айтуучулук өнөрдүн түбү акыры келип биригерин кошумчалады.