https://sputnik.kg/20250630/1094997958.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектин Ауэзов көчөсүндө ЖЭБ каналынын көпүрөсү кеңейтиле баштадыЧолпон-Атада ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңеши отурумга чогулдуӨКМ Такыр-Төр боюнча... 30.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-30T11:00+0600
2025-06-30T11:00+0600
2025-06-30T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1e/1094997826_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_310a0591756cf5a1a9af3e25fa387fe0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектин Ауэзов көчөсүндө ЖЭБ каналынын көпүрөсү кеңейтиле баштадыЧолпон-Атада ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңеши отурумга чогулдуӨКМ Такыр-Төр боюнча соңку маалыматтарды берди. Алдыда кененирээкЫсык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги отуруму башталды. Иш-чарага уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышууда. Тараптар эл аралык жана аймактык кырдаалды жана анын ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугуна келтирген таасирин талкууламакчы. Тышкы иштер министрлери эл аралык маалыматтык коопсуздукка тиешеси бар маселе боюнча орток билдирүүлөрдү кабыл алышат. Алар радикалдаштырууга, террорчулукка жана экстремизге каршы күрөшүү жаатында болмокчу. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга өзгөчө басым жасалары айтылды. Андан сырткары, Борбор Азия жана Афганстандагы туруктуу өнүгүүнү камсыздоо үчүн БУУнун аймактык борборун түзүү маселеси каралары маалым болду. Эл аралык ири уюмдардын алакасы жаатында ШКУ, КМШ менен өз ара кызыкчылыктардан улам кызматташуу маселеси да талкууга алынмакчы.
Ысык-Ата районундагы Такыр-Төрдүн аймагына жакын жайгашкан куткаруучулар тоонун башында күнү-түнү байкоо жүргүзүп жатат, учурда анын жырылып кетүү кооптуулугу бар. Бул туурасында ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев билдирди.Ал кечээ жумушчу топ Улуттук академиянын илимий институтунун адистери менен аймакка учуп барып, карап, изилдөөлөрүн жүргүзүп жатканын айтты. Сандар менен айтсак, суунун көлөмү башында 500 миң куб болсо, азыр анын 300 миңдейи калган. Сакыев суу болжол менен үч кубдан алты кубга чейин агып чыгып жатканын белгиледи. "Учурда кооптуулук сакталып турат. Көлдүн астындагы, жер алдындагы каналдары ачык, суу кичинеден агып жатат. Ал каналдар жабылып, көл толуп, нугу жырылып кетүү кооптуулугу да бар. Куткаруучулар күнү-түнү байкап турмакчы", — деди Сакыев. Эске салсак, 27-июнда Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кеткен. Тоо көлүнүн ташкыны Алмалуу жана Кебек бий айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызган. Жалпысынан 950 тургун эвакуацияланып, убактылуу жайларга жайгаштырылган.
Бишкектин Ауэзов көчөсүндө ЖЭБ каналынан өткөн көпүрөнү кеңейтүү иштери башталганын мэрия кабарлады. Ушу тапта курулушка даярдык жүрүп, коммуникациялык чубалгылар, түтүктөр алынууда. Муниципалитеттин маалыматында көпүрөнүн туурасы 13 метрден 24 метрге чейин кеңейтилери, эки жагына эл баскыдай тротуарлар түшөрү айтылган.Автоунаа жүрүүчү жери Сагынбай манасчы көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин кеңейтилет. Быйыл дагы эки көпүрө куруу пландалган: Жибек Жолу проспектиндеги Аламүдүн суусуна; Шүкүров көчөсүнөн Медеровго чейинки Чоң Чүй каналына.
Каракол шаарынын 156 жылдыгына 1-2-июль күндөрү “VI Улут баскан – Улуу жол” эл аралык этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында "ОЙМО" кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү, тамак-аш, “IV Кыргыз боз үйү” эл аралык фестивалы, "Сармерден" концерти, айтыш, улуттук оюндар, жаш манасчылардын өнөрлөрү тартууланат. Ошондой эле “Сабантуй–2025” – Татар-Башкыр этникалык тобунун этнофестивалы жана жылдыздардын катышуусунда гала-концерт болот.
Бишкектин Ауэзов көчөсүндө ЖЭБ каналынын көпүрөсү кеңейтиле баштадыЧолпон-Атада ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңеши отурумга чогулдуӨКМ Такыр-Төр боюнча соңку маалыматтарды берди. Алдыда кененирээкЫсык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги отуруму башталды. Иш-чарага уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышууда. Тараптар эл аралык жана аймактык кырдаалды жана анын ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугуна келтирген таасирин талкууламакчы. Тышкы иштер министрлери эл аралык маалыматтык коопсуздукка тиешеси бар маселе боюнча орток билдирүүлөрдү кабыл алышат. Алар радикалдаштырууга, террорчулукка жана экстремизге каршы күрөшүү жаатында болмокчу. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга өзгөчө басым жасалары айтылды. Андан сырткары, Борбор Азия жана Афганстандагы туруктуу өнүгүүнү камсыздоо үчүн БУУнун аймактык борборун түзүү маселеси каралары маалым болду. Эл аралык ири уюмдардын алакасы жаатында ШКУ, КМШ менен өз ара кызыкчылыктардан улам кызматташуу маселеси да талкууга алынмакчы.Ысык-Ата районундагы Такыр-Төрдүн аймагына жакын жайгашкан куткаруучулар тоонун башында күнү-түнү байкоо жүргүзүп жатат, учурда анын жырылып кетүү кооптуулугу бар. Бул туурасында ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев билдирди.Ал кечээ жумушчу топ Улуттук академиянын илимий институтунун адистери менен аймакка учуп барып, карап, изилдөөлөрүн жүргүзүп жатканын айтты. Сандар менен айтсак, суунун көлөмү башында 500 миң куб болсо, азыр анын 300 миңдейи калган. Сакыев суу болжол менен үч кубдан алты кубга чейин агып чыгып жатканын белгиледи. "Учурда кооптуулук сакталып турат. Көлдүн астындагы, жер алдындагы каналдары ачык, суу кичинеден агып жатат. Ал каналдар жабылып, көл толуп, нугу жырылып кетүү кооптуулугу да бар. Куткаруучулар күнү-түнү байкап турмакчы", — деди Сакыев. Эске салсак, 27-июнда Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кеткен. Тоо көлүнүн ташкыны Алмалуу жана Кебек бий айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызган. Жалпысынан 950 тургун эвакуацияланып, убактылуу жайларга жайгаштырылган.Бишкектин Ауэзов көчөсүндө ЖЭБ каналынан өткөн көпүрөнү кеңейтүү иштери башталганын мэрия кабарлады. Ушу тапта курулушка даярдык жүрүп, коммуникациялык чубалгылар, түтүктөр алынууда. Муниципалитеттин маалыматында көпүрөнүн туурасы 13 метрден 24 метрге чейин кеңейтилери, эки жагына эл баскыдай тротуарлар түшөрү айтылган.Автоунаа жүрүүчү жери Сагынбай манасчы көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин кеңейтилет. Быйыл дагы эки көпүрө куруу пландалган: Жибек Жолу проспектиндеги Аламүдүн суусуна; Шүкүров көчөсүнөн Медеровго чейинки Чоң Чүй каналына.Каракол шаарынын 156 жылдыгына 1-2-июль күндөрү “VI Улут баскан – Улуу жол” эл аралык этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында "ОЙМО" кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү, тамак-аш, “IV Кыргыз боз үйү” эл аралык фестивалы, "Сармерден" концерти, айтыш, улуттук оюндар, жаш манасчылардын өнөрлөрү тартууланат. Ошондой эле “Сабантуй–2025” – Татар-Башкыр этникалык тобунун этнофестивалы жана жылдыздардын катышуусунда гала-концерт болот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1e/1094997826_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a71e8d88ac1ba4781734b7da5daecd07.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио