00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
«Блог — это тоже дипломатия»: что блогеры из России увидели в Кыргызстане
18:10
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
Идеядан экранга чейин: “От” фильмин утушка жеткирген сценарий артындагы күрөш
19:08
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Будь в курсе
10 лет ЕАЭС: спорят, но договариваются — итоги форума в Минске
20:09
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ысык-Көл менен Нарын облусу органикалык айыл чарбага өтөт — “Органика 2025–2029" программасы кантип ишке ашат?
21:04
54 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Кыргызстан көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууга убактылуу, алты айлык мөөнөткө тыюу салуу жөнүндө Министрлер кабинети токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документке ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдарга токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды белгиленген тартипте көрүү тапшырылды. Токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргызстанда былтыр беш гана жасалма банкнот табылган — жалпы суммасы 18 миң сомду түзгөн Улуттук банк бул эң төмөнкү көрсөткүч экенин айтат. Миллион реалдуу банкнотко 0,01 гана жасалма. Салыштыруу үчүн, 2023-жылы жасалма акчалар төрт эсе көп болгон. Төмөндөө жаңы сомдун — коопсуздук күчөтүлгөн бешинчи сериянын чыгышы менен түшүндүрүлөт. 20 миң сомдон 5 миң сомго чейинки жаңыланган банкноттор жүгүртүүгө чыккан. Ошондой эле накталай акчаны текшерүү үчүн заманбап жабдуулар колдонула баштады жана "Кыргыз сому" тиркемеси ишке кирди. Ал жерден жасалма банкнотту айырмалоону так үйрөнсө болот.
Ысык-Көлдө суу үстүнөн тынбай каттам жүргүзүү пландалып, биринчи кеме ийгиликтүү сүзүп келди. Облустун тарыхында биринчи ирет жүк ташуучу компания ар бири 80 жүргүнчүгө ылайыкталган эки заманбап моторлуу "Тоң" жана "Жыргалаң" кемелерин сатып алды. Кемелер Кытайдан чыгарылган. Бүгүн моторлуу кемелердин бири Чолпон-Атадан Тоң айылына техникалык сүзүүнү ийгиликтүү ишке ашырды. Узундугу 60 километрдей болгон каттам үч сааттан бир аз ашык убакытта жетти. Кеме ташуучу компаниянын маалыматы боюнча бул каттамда кемелердин даярдыгы сыналды. Тоң айылында жаңы моторлуу кемелер үчүн атайын пристан курулду. Эми туристтер көлдүн түштүк жээгине круизге чыга алышат, деп айтылат маалыматта. Келечекте Ысык-Көлдүн эки жээгине жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз тейлөөнү уюштуруу пландалууда. Эске салсак, көлдөгү суу транспортун жандандыруу идеясы бир нече жылдан бери талкууланып келет.
Ташкент-Тамчы багыты боюнча каттамдар ачылды. Fly Kiva авиакомпаниясы Ташкент-Тамчы багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташуучу каттамдарды аткара баштады. Бул тууралуу "Кыргызстандын аэропорттору" ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Өзбекстандын лоукостери болгон Fly Kiva Airlines авиакомпаниясы Ташкент-Тамчы багыты боюнча алгачкы жүргүнчү рейсин ишке ашырды. Каттамдар 2025-жылдын 22-июнунда башталган жана 2025-жылдын 10-августуна чейин ар жекшемби күнү аткарылат.
Ормуз кысыгы жабылса, АКШ үчүн аянт жок калат. Бул туурасында РФтин Түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. 22-июнда Ирандын парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын мүчөсү Исмаил Коусари Ормуз кысыгын жабууну колдоорун, акыркы чечимди Улуттук коопсуздук кеңеши кабыл аларын айткан. Эксперттер эгерде Иран АКШнын чабуулуна жооп кылып Ормузду жок дегенде бир күн жаап койсо, баа кескин көтөрүлүп, баррели 120дан 150 долларга чейин өсүп кетерин айтышууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0