https://sputnik.kg/20250612/1094590088.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотекага эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу онлайн-кезекке турса болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Ал... 12.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-12T11:00+0600
2025-06-12T11:00+0600
2025-06-12T11:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0c/1094589956_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e6ab603662b8c1b79895dc34b526cf8a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотекага эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу онлайн-кезекке турса болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Ал онлайн-кезек президент Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында ишке ашканын белгиледи. "Мурда жарандар документтерди чогултуп, кол менен толтуруп, көп убакыт коротушчу. Эми болсо баары кыйла жеңилдеди, болгону 2-3 мүнөт ичинде керектүү маалымат автоматтык түрдө толтурулат. Жадагалса жубайынын макулдугун да тиркеме аркылуу ыңгайлуу жана мыйзамдуу жол менен берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул — жарандар үчүн шарттарды жеңилдетүүгө багытталган дагы бир практикалык кадам. Президенттин тапшырмалары ырааттуу аткарылып, мамлекеттик кызматтар элге барган сайын жеткиликтүү болууда", — деп жазды Туманбаев. Эске салсак, "Түндүк" тиркемеси аркылуу буга чейин да ID-карта алуу, ЖААК күбөлүктөрүн кайра чыгартуу жана башка кызматтар жеткиликтүү болгон.
Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү тынымсыз өсүп жатат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. "Россия — биздин эзелки жакшы өнөктөшүбүз. Эки тараптуу соода байланыштын негизи болуп саналат. Былтыркы жылды эле алып карай турган болсок, товар жүгүртүү 14 пайызга өстү", — деди Сейитов. Ал Кыргызстан менен Россия товар жүгүртүүнү беш миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатканын кошумчалады.
Мыйзамсыз менчиктештирилген мейманкананын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган мейманкана менен кошо Таластын борборундагы жарым гектар жер жана административдик имарат мыйзамсыз пайдаланылып келген. Башкача айтканда, облустук сот жер тилкесин менчикке берүү боюнча мэриянын токтомун жараксыз деп тапкан. Мындан улам имараттын кожоюндары административдик имаратты мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү боюнча арыз менен кайрылышкан. Учурда имарат Талас шаардык мэриясынын балансына өттү.
Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин атайын кызматтарынын 18-жыйыны өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 10-11-июнда өткөн иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү катышкан. "Жыйында катышуучулар коопсуздукка коркунуч жараткан факторлорду жана алардын өнүгүү тенденцияларын талкуулашты. Чек ара аймактарындагы терроризмге каршы кызматташуу, мыйзамсыз миграция жана каражаттарды алып өтүү каналдарына бөгөт коюу маселелери көтөрүлдү. Кыргыз делегациясы улуттук тажрыйба, мыйзамдык база жана радикалдашууга каршы аракеттер боюнча маалымат берди" — деп айтылат маалыматта. Жыйынтыгында иш-чаранын катышуучулары терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы компетенттүү органдардын ортосундагы эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жыйынтыктоочу документ кабыл алышты.
Мамлекеттик ипотекага эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу онлайн-кезекке турса болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Ал онлайн-кезек президент Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында ишке ашканын белгиледи. "Мурда жарандар документтерди чогултуп, кол менен толтуруп, көп убакыт коротушчу. Эми болсо баары кыйла жеңилдеди, болгону 2-3 мүнөт ичинде керектүү маалымат автоматтык түрдө толтурулат. Жадагалса жубайынын макулдугун да тиркеме аркылуу ыңгайлуу жана мыйзамдуу жол менен берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул — жарандар үчүн шарттарды жеңилдетүүгө багытталган дагы бир практикалык кадам. Президенттин тапшырмалары ырааттуу аткарылып, мамлекеттик кызматтар элге барган сайын жеткиликтүү болууда", — деп жазды Туманбаев. Эске салсак, "Түндүк" тиркемеси аркылуу буга чейин да ID-карта алуу, ЖААК күбөлүктөрүн кайра чыгартуу жана башка кызматтар жеткиликтүү болгон. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү тынымсыз өсүп жатат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди. "Россия — биздин эзелки жакшы өнөктөшүбүз. Эки тараптуу соода байланыштын негизи болуп саналат. Былтыркы жылды эле алып карай турган болсок, товар жүгүртүү 14 пайызга өстү", — деди Сейитов. Ал Кыргызстан менен Россия товар жүгүртүүнү беш миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатканын кошумчалады.Мыйзамсыз менчиктештирилген мейманкананын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган мейманкана менен кошо Таластын борборундагы жарым гектар жер жана административдик имарат мыйзамсыз пайдаланылып келген. Башкача айтканда, облустук сот жер тилкесин менчикке берүү боюнча мэриянын токтомун жараксыз деп тапкан. Мындан улам имараттын кожоюндары административдик имаратты мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү боюнча арыз менен кайрылышкан. Учурда имарат Талас шаардык мэриясынын балансына өттү.Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин атайын кызматтарынын 18-жыйыны өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 10-11-июнда өткөн иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү катышкан. "Жыйында катышуучулар коопсуздукка коркунуч жараткан факторлорду жана алардын өнүгүү тенденцияларын талкуулашты. Чек ара аймактарындагы терроризмге каршы кызматташуу, мыйзамсыз миграция жана каражаттарды алып өтүү каналдарына бөгөт коюу маселелери көтөрүлдү. Кыргыз делегациясы улуттук тажрыйба, мыйзамдык база жана радикалдашууга каршы аракеттер боюнча маалымат берди" — деп айтылат маалыматта. Жыйынтыгында иш-чаранын катышуучулары терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы компетенттүү органдардын ортосундагы эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, жыйынтыктоочу документ кабыл алышты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/0c/1094589956_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fca5fb8028d9616af20501c36da8d857.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио