00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Личный интерес
Поддержка молодёжных инициатив – о конкурсах для молодых творческих школьников и студентов от АНО «Евразия»
16:06
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жасалма интеллект жана дүйнөлүк экономика. Саресеп
17:04
35 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Выход из тени и послабления для бизнеса — как 2025 год прошел для предпринимателей КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Кеменгер
Фергана өрөөнүндөгү кыргыз кыз-келиндеринин косметикалары. Тарыхчы менен маек
19:08
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов мигранттарды легалдаштырууга жардамдашуу үчүн ТИМ менен Эмгек министрлигинин кызматкерлерин эки айга Россияга жиберүүнү сунуштады. Эл өкүлү Россияда чет элдиктердин жүрүүсүн мыйзамдаштыруу мөөнөтү сентябрга чейин узартылганын эске салган. "Жарандарды мүмкүн болушунча эртерээк каттоодон өтүүгө чакырып жатабыз. Бизде миграциялык маселелерге Тышкы иштер жана Эмгек министрликтери жооптуу. Мына ошол эки министрликтин кызматкерлерин эки айга жөнөтүү керек. Алар атайын мандат менен барып, мигранттарга жеринде көмөктөшүүгө тийиш. Москвадагы элчиликке, Новосибирск, Екатеринбург сыяктуу ири шаарларга барып, кыргызстандыктарга бардык жагынан жардам бериши керек", — деди Ормонов. Ал министрлер кабинетин бул маселени кароого жана тиешелүү чечим кабыл алууга чакырды.
Мамлекеттик ипотекага эми "Түндүк" тиркемеси аркылуу онлайн-кезекке турса болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Ал онлайн-кезек президент Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында ишке ашканын белгиледи. "Мурда жарандар документтерди чогултуп, кол менен толтуруп, көп убакыт коротушчу. Эми болсо баары кыйла жеңилдеди, болгону 2-3 мүнөт ичинде керектүү маалымат автоматтык түрдө толтурулат. Жадагалса жубайынын макулдугун да тиркеме аркылуу ыңгайлуу жана мыйзамдуу жол менен берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул — жарандар үчүн шарттарды жеңилдетүүгө багытталган дагы бир практикалык кадам. Президенттин тапшырмалары ырааттуу аткарылып, мамлекеттик кызматтар элге барган сайын жеткиликтүү болууда", — деп жазды Туманбаев. "Түндүк" тиркемеси аркылуу буга чейин да ID-карта алуу болгон.
Ысык-Көлгө Россиядан экологиялык катерлерди алып келүү пландалууда. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков билдирди. Ал Бишкекте өтүп жаткан россиялык ишкерлердин көп тармактуу миссиясында "Надежные инвестиции" компаниясы менен Ысык-Көлдүн жетекчилиги тиешелүү келишим түзгөнүн айтты. "Бул Ысык-Көл үчүн биринчи экологиялык, транспорттук долбоор болуп калмакчы. Биз үчүн да чоң сыймык, анткени бул келишимге Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду өнөктөш катары катышууда", — деди Новиков. Уюмдун жетекчиси мындай долбоорлор экологияны коргоо жана туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0