https://sputnik.kg/20250604/1094400483.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сыртынан 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Биринчи май райондук сотунда отурум аяктады. Атамбаевдин... 04.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-04T11:00+0600
2025-06-04T11:00+0600
2025-06-04T11:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/04/1094400351_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_fccd94d8b42042b35d3e3807887a8904.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сыртынан 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Биринчи май райондук сотунда отурум аяктады. Атамбаевдин мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу да чечим кабыл алынган.Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевден башкаларга да соттун өкүмү чыкты. Фарид Ниязов — 7 жыл 8 ай; Канат Сагымбаев — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл; Ирина Карамушкина — 7 жыл 6 ай; Равшан Жээнбеков — 7 жыл 8 ай; Кундуз Жолдубаева — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл; Фархад Баабиев — 5 жыл 6 ай; Мээрбек Мискенбаев — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл; Асел Кодуранова — 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл.
Ал арада президент Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевге карата чыккан соттун өкүмү боюнча "Кабар" агенттигине комментарий берди. Өлкө башчы "соттордун ишине аралашпагыла" деп айтып келгенин белгилеп, журналисттин "Атамбаев камалабы" деген суроосуна жооп кылган. "Кандай болсо да соттун чечимине баш ийгенди үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Менин дагы укугум жок. Менин мунапыс берүү укугум бар. Эгер арыз менен кайрылышса, мунапыс берсем болот. Кой-Таш окуясына алты жыл болуптур. Сууп деле калган. Соттор мынча катуу кетпесе деле болот эле деп ойлойм. Албетте, бул менин сотторго таңуулаган оюм эмес, жеке жарандык пикирим. Пробация же айып пул салуулар менен эле чектелсе жакшы болмок деп ойлойм. Бирок бир чети ал окуяда адам өлүп жатат. Жүзгө жакын киши жаракат алып жатат. Соттун чечими оор болобу, же жеңил болобу, кандай болгондо да, ал мыйзам чегинде кабыл алынды. Баш ийишибиз керек", — деди Жапаров. Өлкө башчы үч жыл мурда бир кезде өлкөнү башкаргандарды топтоп, өткөн-кеткенди унутууну сунуштаганын эскерип, азыр дагы ошол ниетте экенин кошумчалаган.
2026-жылдын аягына чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнө импорттолгон пахтадан жасалган шейшептерге жогорулатылган бажы төлөмү колдонулат. Чечимди Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши кабыл алды. Төлөм ставкасы 12 пайызды түзөт, бирок бир килограмм үчүн 0,44 евродон кем болбойт. ЕЭК кеңешинин чечими расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирери кошумчаланды.
Украинанын Евробиримдикке кириши уюм үчүн жеңилүүгө дуушар кылган согуштагы ыңгайлуу келишим болгону менен европалыктар мындан пайда көрбөйт, анткени Киев европа экономикасына жумшала турган акчанын баарын соруп алат. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан соцтармагына жазганын РИА Новости кабарлады. "Брюссель үчүн Украинанын Евробиримдикке кошулушу өтө маанилүү: азыркы ыңгайсыз абалын актоого жол ачылып, жеңилип жаткан согуштагы жакшы келишим болуп бермек. Бирок мындан европалыктар жабыр тартат. Украина европалык үй-бүлө, дыйкан, өнөр жайды колдоого кеткен ар бир еврону, форинтти жана злотыйды соруп тынат", — деп жазган премьер. Орбан "бюрократтар үчүн европалыктардын акчасы каякка кетери баары бир" экенин белгилеген.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча сыртынан 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Биринчи май райондук сотунда отурум аяктады. Атамбаевдин мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу да чечим кабыл алынган.Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевден башкаларга да соттун өкүмү чыкты. Фарид Ниязов — 7 жыл 8 ай; Канат Сагымбаев — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл; Ирина Карамушкина — 7 жыл 6 ай; Равшан Жээнбеков — 7 жыл 8 ай; Кундуз Жолдубаева — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл; Фархад Баабиев — 5 жыл 6 ай; Мээрбек Мискенбаев — 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл; Асел Кодуранова — 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл.Ал арада президент Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевге карата чыккан соттун өкүмү боюнча "Кабар" агенттигине комментарий берди. Өлкө башчы "соттордун ишине аралашпагыла" деп айтып келгенин белгилеп, журналисттин "Атамбаев камалабы" деген суроосуна жооп кылган. "Кандай болсо да соттун чечимине баш ийгенди үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Менин дагы укугум жок. Менин мунапыс берүү укугум бар. Эгер арыз менен кайрылышса, мунапыс берсем болот. Кой-Таш окуясына алты жыл болуптур. Сууп деле калган. Соттор мынча катуу кетпесе деле болот эле деп ойлойм. Албетте, бул менин сотторго таңуулаган оюм эмес, жеке жарандык пикирим. Пробация же айып пул салуулар менен эле чектелсе жакшы болмок деп ойлойм. Бирок бир чети ал окуяда адам өлүп жатат. Жүзгө жакын киши жаракат алып жатат. Соттун чечими оор болобу, же жеңил болобу, кандай болгондо да, ал мыйзам чегинде кабыл алынды. Баш ийишибиз керек", — деди Жапаров. Өлкө башчы үч жыл мурда бир кезде өлкөнү башкаргандарды топтоп, өткөн-кеткенди унутууну сунуштаганын эскерип, азыр дагы ошол ниетте экенин кошумчалаган.2026-жылдын аягына чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнө импорттолгон пахтадан жасалган шейшептерге жогорулатылган бажы төлөмү колдонулат. Чечимди Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши кабыл алды. Төлөм ставкасы 12 пайызды түзөт, бирок бир килограмм үчүн 0,44 евродон кем болбойт. ЕЭК кеңешинин чечими расмий жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирери кошумчаланды.Украинанын Евробиримдикке кириши уюм үчүн жеңилүүгө дуушар кылган согуштагы ыңгайлуу келишим болгону менен европалыктар мындан пайда көрбөйт, анткени Киев европа экономикасына жумшала турган акчанын баарын соруп алат. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан соцтармагына жазганын РИА Новости кабарлады. "Брюссель үчүн Украинанын Евробиримдикке кошулушу өтө маанилүү: азыркы ыңгайсыз абалын актоого жол ачылып, жеңилип жаткан согуштагы жакшы келишим болуп бермек. Бирок мындан европалыктар жабыр тартат. Украина европалык үй-бүлө, дыйкан, өнөр жайды колдоого кеткен ар бир еврону, форинтти жана злотыйды соруп тынат", — деп жазган премьер. Орбан "бюрократтар үчүн европалыктардын акчасы каякка кетери баары бир" экенин белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/04/1094400351_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_439b9e274c97b0e2f39f92226bcbb03b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио