https://sputnik.kg/20250602/1094358267.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында жеңиш ырлары жаңыратМединский Россия Украинадан тынчтык диалогу боюнча меморандум алганын билдирдиТашиев кыргыз-тажик чек арасына... 02.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-02T13:00+0600
2025-06-02T13:00+0600
2025-06-02T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/02/1094358135_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_fc36cb0918bb358870e574aa8f0a1798.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында жеңиш ырлары жаңыратМединский Россия Украинадан тынчтык диалогу боюнча меморандум алганын билдирдиТашиев кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери качан бүтөрүн айттыАлдыда кененирээкКамчыбек Ташиев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери качан бүтөрүн айтты. УКМК төрагасы чек араны тосууга 200дөн ашык киши, бир нече техника тартылганын билдирген."25 чакырымдай жерге зым тосулуп бүтүп калды. Күчтү катуураак жумшасак быйыл тосуп бүтүп калабыз деген үмүттөмүн. Быйыл бүтпөй калсак, жазга барып бүтөбүз", — деген ал УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында журналисттин суроосуна жооп берип жатып. Биринчи этапта кыргыз-тажик чек арасынын 420 чакырымына зым тартылары айтылган.
Бүгүн өлкөдө 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялык экзамендер башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024–2025-окуу жылында Кыргызстанда негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн окуу программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдарында тиешелүү. Жобого ылайык төмөнкү мөөнөттөрдө жана формаларда өткөрүлөт. 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде, аттестациянын мөөнөтү 2-июндан 17-июнга чейин.
Ал аралыкта өлкөдө бүгүн саат 09:00дө жаңы 2025/26-окуу жылына мектептерге электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 250 миңге жакын окуучу биринчи жолу партасына отурат. Белгиленгендей, 2-этап үстүбүздөгү жылдын 2-июнунан 15-августуна чейин өткөрүлөт.Мектепке кабыл алуу боюнча бардык суроолорду Агартуу министрлигинин 110 телефону аркылуу кайрылсаңыз болот. Эскерте кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлиги Агартуу министрлиги менен биргеликте ушул жылдын март айында Tunduk мобилдик тиркемесинде жаңы кызматтын бет ачарын өткөргөн. Эми бул колдонмо аркылуу балаңызды мектепке каттай аласыз.
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында жеңиш ырлары жаңырат. Бул тууралуу Кыргызстандагы Россиянын элчилиги жиберген маалыматта айтылган. Тагыраагы, 4-июнда саат 19:00дө "Хор Турецкого" жана SOPRANO аялдар тобунун катышуусунда "Жеңиш ырлары" аттуу концерт өтөт. Иш-чара Москва жана Бишкек мэриясынын, Кыргызстандагы Россиянын элчилигинин колдоосу менен уюштурулууда. Кирүү акысыз.
Стамбулда боло турган сүйлөшүүгө катышчу россиялык делегациянын башчысы Владимир Мединский Киевден жаңжалды жөнгө алуу боюнча меморандумдун вариантын алганын билдирди. Бул туурасында RT кабарлады. "Стамбулдагы сүйлөшүүгө барган россиялык делегациянын башчысы Владимир Мединский RT каналына мурдараак Украинадан согушту жөнгө салуу боюнча меморандумдун вариантын алганын айтты. Анын билдиргенине караганда, документ украин жана англис тилдеринде берилген", — деп айтылат маалыматта. Reuters тараткан кабарда Киев тынчтыкка жетүү боюнча долбоор сунуштайт. Талаптар буга чейин коюлгандарга окшош. Алар — армияны курал менен камсыздоого чектөөлөр болбошу керек, Россиянын курамына өткөн аймактар эл аралык деңгээлде таанылбасын жана согуштун чыгымы төлөнүшү.
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында жеңиш ырлары жаңыратМединский Россия Украинадан тынчтык диалогу боюнча меморандум алганын билдирдиТашиев кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери качан бүтөрүн айттыАлдыда кененирээкКамчыбек Ташиев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери качан бүтөрүн айтты. УКМК төрагасы чек араны тосууга 200дөн ашык киши, бир нече техника тартылганын билдирген."25 чакырымдай жерге зым тосулуп бүтүп калды. Күчтү катуураак жумшасак быйыл тосуп бүтүп калабыз деген үмүттөмүн. Быйыл бүтпөй калсак, жазга барып бүтөбүз", — деген ал УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында журналисттин суроосуна жооп берип жатып. Биринчи этапта кыргыз-тажик чек арасынын 420 чакырымына зым тартылары айтылган.Бүгүн өлкөдө 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялык экзамендер башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024–2025-окуу жылында Кыргызстанда негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн окуу программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдарында тиешелүү. Жобого ылайык төмөнкү мөөнөттөрдө жана формаларда өткөрүлөт. 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде, аттестациянын мөөнөтү 2-июндан 17-июнга чейин. Ал аралыкта өлкөдө бүгүн саат 09:00дө жаңы 2025/26-окуу жылына мектептерге электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл 250 миңге жакын окуучу биринчи жолу партасына отурат. Белгиленгендей, 2-этап үстүбүздөгү жылдын 2-июнунан 15-августуна чейин өткөрүлөт.Мектепке кабыл алуу боюнча бардык суроолорду Агартуу министрлигинин 110 телефону аркылуу кайрылсаңыз болот. Эскерте кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлиги Агартуу министрлиги менен биргеликте ушул жылдын март айында Tunduk мобилдик тиркемесинде жаңы кызматтын бет ачарын өткөргөн. Эми бул колдонмо аркылуу балаңызды мектепке каттай аласыз. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында жеңиш ырлары жаңырат. Бул тууралуу Кыргызстандагы Россиянын элчилиги жиберген маалыматта айтылган. Тагыраагы, 4-июнда саат 19:00дө "Хор Турецкого" жана SOPRANO аялдар тобунун катышуусунда "Жеңиш ырлары" аттуу концерт өтөт. Иш-чара Москва жана Бишкек мэриясынын, Кыргызстандагы Россиянын элчилигинин колдоосу менен уюштурулууда. Кирүү акысыз.Стамбулда боло турган сүйлөшүүгө катышчу россиялык делегациянын башчысы Владимир Мединский Киевден жаңжалды жөнгө алуу боюнча меморандумдун вариантын алганын билдирди. Бул туурасында RT кабарлады. "Стамбулдагы сүйлөшүүгө барган россиялык делегациянын башчысы Владимир Мединский RT каналына мурдараак Украинадан согушту жөнгө салуу боюнча меморандумдун вариантын алганын айтты. Анын билдиргенине караганда, документ украин жана англис тилдеринде берилген", — деп айтылат маалыматта. Reuters тараткан кабарда Киев тынчтыкка жетүү боюнча долбоор сунуштайт. Талаптар буга чейин коюлгандарга окшош. Алар — армияны курал менен камсыздоого чектөөлөр болбошу керек, Россиянын курамына өткөн аймактар эл аралык деңгээлде таанылбасын жана согуштун чыгымы төлөнүшү.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/02/1094358135_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a126941099682ca60e647e19a293b17b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио