00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Стимул
Милиция кызматкеринен атайын даярдык менен кошо адамгерчилик да талап кылынат - Жүрөк жылыткан иши менен коомго таанылган Жакшылык Нурланбеков менен маек
15:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Стоп-кадр
“Качан турмушка чыгасың?” тасмасы — жалган мамиледен чыныгы сүйүүгө кеткен жол
17:11
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:07
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
2025-жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн 150 миллион доллар бөлөт. Фонддун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков фонддун кеңеши 95 миллион доллардан ашык суммага алты арызды жактырганын билдирди. "Алардын арасында өнөр жай кооперациясы жана "Кыргыз темир жолу" үчүн өнөр жай платформаларынын долбоорлору, кант тармагын колдоо, ошондой эле Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү жакшыртууга багытталган долбоорлор бар", — деди Новиков. Фонддун кеңешинин төрагасы, Россиянын финансы министринин орун басары Тимур Максимовдун айтымында, 2024-жылы фонддо максималдуу операциялык киреше катталып, инвестициялык портфель көбөйүп, рекорддук натыйжалар болгон. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков фонд менен кызматташуу стратегиялык мааниге ээ экенин, анткени ал экономикалык өсүштүн маанилүү куралы болуп калганын белгиледи.
Чүйдө Сербиядан алып келинген жүзүм эгилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда бир гектарга сыноо үчүн "Мустанг Италия", "Мустанг Гамбург" жана "Виктория" сорттору отургузулган. Министрлик бул кадам аталган өсүмдүктүн товардык жана технологиялык мүнөздөмөлөрүн жакшыртууга багытталганын белгиледи. Ушу тапта жүзүм өстүрүү боюнча өлкөдө жакшы жылыш бар. Алсак, былтыр жүзүмдүн дүң жыйымы 5990,1 тоннаны түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 17,2 пайызга көбөйгөнү айтылды. Эң чоң өсүш Ош облусунда катталган. Чүй, Жалал-Абад, Баткенде дагы түшүмдүүлүк эки-үч эсе өскөнү кошумчаланды.
Бишкектин Чүй проспекти менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде ири жер өтмөк жана унаа токтотуучу жай куруу үчүн капсула салынды. Иш-чарага шаар мэри Айбек Жунушалиев катышкан. Долбоордун жалпы аянты 20 миң чарчы метрден ашат, ал эми өтмөк эскалатор жана лифт менен жабдылат. Унаа токтотуучу жай 220 автокөлүккө ылайыкталган. "Олд Бишкек" долбоорун мурдагы мэр Нариман Түлеевдин үй-бүлөсүнө таандык компания ишке ашырууда. Курулуштун бюджети 2 миллиард сомду түзөт. Шаар мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, долбоор аяктаганда шаар тургундары заманбап инфраструктурага ээ болушат, бул борбордогу жол кыймылын жеңилдетет. "Көп функциялуу жер алдындагы өтмөк болот, анда соода борборлору да жайгашат. Бир эле курулуш аркылуу унаа токтотуучу жай, жөө жүргөндөрдүн коопсуздугу, тыгын сыяктуу бир нече маселени чечебиз. Жол кыймылын көзөмөлдөө зарылдыгы жоюлат. Долбоор ички инвесторлордун эсебинен ишке ашырылып жатканы маанилүү", — деди Жунушалиев. Бардык иштерди эки жыл ичинде аяктоо пландалууда.
Украинанын Россия менен болуп жаткан жаңжалды жөнгө салуу боюнча АКШга берген сунушунда ок атууну токтотуу гана каралган, калган маселени Киев сүйлөшүү учурунда чечүү ниетинде. Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысынын орун басары Игорь Брусило билдиргенин РИА Новости жазды. "Америка Украинадан ок атууну токтотуу боюнча сунуш алды. Эч кандай шарт коюлбашы керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0