https://sputnik.kg/20250528/1094253544.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Балдын дарылык касиеттери тууралуу такталбаган маалыматтарды жайылтууга тыюу салынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тиешелүү жобосунда айтылган. Аталган... 28.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-28T08:59+0600
2025-05-28T08:59+0600
2025-05-28T17:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/1c/1094253412_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ab6f5aad1c61cc8d0625bf0b854e66bf.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Балдын дарылык касиеттери тууралуу такталбаган маалыматтарды жайылтууга тыюу салынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тиешелүү жобосунда айтылган. Аталган документте аарычылык тармагын жөнгө салуу жана балдын коопсуздугу менен сапатын камсыз кылуу үчүн жаңы эрежелер бекитилди. Аларга ылайык, аары фермасы жана бал челек милдеттүү түрдө каттоого алынып, идентификациядан өтөт. Челектер ачык түстө боёлуп, номер берилип, жалпы санынан кеминде 10 пайыз кошумча уюк болушу зарыл.Ошондой эле балдын сапатына карата талаптар күчөтүлдү. Анын курамында бөтөн заттар, тамак-аш кошулмалары, кычкылдануу же көгөрүү белгилери болбошу керек. Балдын дарылык касиеттери тууралуу такталбаган маалыматтарды жайылтууга тыюу салынды. Балдын сапатына жооптуу өндүрүүчүлөр, сатуучулар же өкүлдөр продукциясы талаптарга жооп бербесе кемчиликтерди жоюуга, жараксыз продукцияны жок кылууга жана чыгымдарды өз эсебинен төлөөгө милдеттүү. Ал эми балдын иденцификациясы алынган жерине жараша жүргүзүлөрү документте айтылган.
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов жеңилдетилген 0,25 пайыздык бирдиктүү салык зергерчилик тармакты легалдаштырууга, инвестициялоого жана экспорттоого жол ачарын айтты. Зергерчилик тармакты өнүктүрүү боюнча президенттин жарлыгы чыгып, зер буюмдарды жасаган ишкерлердин 80 пайызы кошумча нарк салыгынан бошотулду. Мындай кадам жаңы экономикалык сектордун жигердүү өнүгүшүнө жол ачат. Анын айтымында, зергерчилик тармагы салыктарды кыскартуу жана мамлекеттик колдоонун аркасында тигүү тармагындагы ийгиликтерди кайталай алат."Салыктарды кыскартуу жана мамлекеттик колдоонун аркасында тигүү тармагындагы ийгиликтерди кайталай алат", — деди АкматовОшондой эле ал кыргыз зер буюмдары көбүнесе ЕАЭБге кирген Казакстан, Россияга экспорттолорун кошумчалады.
2025-жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн 150 миллион доллар бөлөт. Фонддун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков фонддун кеңеши 95 миллион доллардан ашык суммага алты арызды жактырганын билдирди. "Алардын арасында өнөр жай кооперациясы жана "Кыргыз темир жолу" үчүн өнөр жай платформаларынын долбоорлору, кант тармагын колдоо, ошондой эле Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү жакшыртууга багытталган долбоорлор бар", — деди Новиков. РКӨФ кеңешинин төрагасы, Россиянын финансы министринин орун басары Тимур Максимовдун айтымында, 2024-жылы фонддо максималдуу операциялык киреше катталып, инвестициялык портфель көбөйүп, рекорддук натыйжалар болгон.Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков фонд менен кызматташуу стратегиялык мааниге ээ экенин, анткени ал экономикалык өсүштүн маанилүү куралы болуп калганын белгиледи. "Өткөн жылы 102 өнөр жай ишканасы ачылды, быйыл дагы 128 ишкана ишке киргизилет. РКӨФ өлкө жетекчилигинин тапшырмаларын аткарууда жана стратегиялык маанилүү долбоорлорду каржылоодо биз үчүн негизги өнөктөш бойдон калууда", — деди Сыдыков.
Балдын дарылык касиеттери тууралуу такталбаган маалыматтарды жайылтууга тыюу салынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тиешелүү жобосунда айтылган. Аталган документте аарычылык тармагын жөнгө салуу жана балдын коопсуздугу менен сапатын камсыз кылуу үчүн жаңы эрежелер бекитилди. Аларга ылайык, аары фермасы жана бал челек милдеттүү түрдө каттоого алынып, идентификациядан өтөт. Челектер ачык түстө боёлуп, номер берилип, жалпы санынан кеминде 10 пайыз кошумча уюк болушу зарыл.Ошондой эле балдын сапатына карата талаптар күчөтүлдү. Анын курамында бөтөн заттар, тамак-аш кошулмалары, кычкылдануу же көгөрүү белгилери болбошу керек. Балдын дарылык касиеттери тууралуу такталбаган маалыматтарды жайылтууга тыюу салынды. Балдын сапатына жооптуу өндүрүүчүлөр, сатуучулар же өкүлдөр продукциясы талаптарга жооп бербесе кемчиликтерди жоюуга, жараксыз продукцияны жок кылууга жана чыгымдарды өз эсебинен төлөөгө милдеттүү. Ал эми балдын иденцификациясы алынган жерине жараша жүргүзүлөрү документте айтылган.Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов жеңилдетилген 0,25 пайыздык бирдиктүү салык зергерчилик тармакты легалдаштырууга, инвестициялоого жана экспорттоого жол ачарын айтты. Зергерчилик тармакты өнүктүрүү боюнча президенттин жарлыгы чыгып, зер буюмдарды жасаган ишкерлердин 80 пайызы кошумча нарк салыгынан бошотулду. Мындай кадам жаңы экономикалык сектордун жигердүү өнүгүшүнө жол ачат. Анын айтымында, зергерчилик тармагы салыктарды кыскартуу жана мамлекеттик колдоонун аркасында тигүү тармагындагы ийгиликтерди кайталай алат."Салыктарды кыскартуу жана мамлекеттик колдоонун аркасында тигүү тармагындагы ийгиликтерди кайталай алат", — деди АкматовОшондой эле ал кыргыз зер буюмдары көбүнесе ЕАЭБге кирген Казакстан, Россияга экспорттолорун кошумчалады.2025-жылы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн 150 миллион доллар бөлөт. Фонддун башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков фонддун кеңеши 95 миллион доллардан ашык суммага алты арызды жактырганын билдирди. "Алардын арасында өнөр жай кооперациясы жана "Кыргыз темир жолу" үчүн өнөр жай платформаларынын долбоорлору, кант тармагын колдоо, ошондой эле Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү жакшыртууга багытталган долбоорлор бар", — деди Новиков. РКӨФ кеңешинин төрагасы, Россиянын финансы министринин орун басары Тимур Максимовдун айтымында, 2024-жылы фонддо максималдуу операциялык киреше катталып, инвестициялык портфель көбөйүп, рекорддук натыйжалар болгон.Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков фонд менен кызматташуу стратегиялык мааниге ээ экенин, анткени ал экономикалык өсүштүн маанилүү куралы болуп калганын белгиледи. "Өткөн жылы 102 өнөр жай ишканасы ачылды, быйыл дагы 128 ишкана ишке киргизилет. РКӨФ өлкө жетекчилигинин тапшырмаларын аткарууда жана стратегиялык маанилүү долбоорлорду каржылоодо биз үчүн негизги өнөктөш бойдон калууда", — деди Сыдыков.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/1c/1094253412_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0229f01b79ab719cd140350e7d51dc33.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио