https://sputnik.kg/20250519/1094063514.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун иши кайра кароого жөнөтүлдүЗеленский сүйлөшүүлөрдүн бардык форматына макул экенин жар салдыКыргызстан да, Россия да... 19.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-19T11:00+0600
2025-05-19T11:00+0600
2025-05-19T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/13/1094063382_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_846fa2b3382a10836c493e396e26fe25.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун иши кайра кароого жөнөтүлдүЗеленский сүйлөшүүлөрдүн бардык форматына макул экенин жар салдыКыргызстан да, Россия да кызматташууга кызыкдар. Эки өлкөнүн спикерлери жолуктуАлдыда кененирээкКыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү былтыр 3,5 миллиард долларга жеткен, эми 5 миллиардга жеткирүү кажет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россия Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен жолугушуу учурунда билдиргенин парламенттин маалымат кызматы билдирди. Эскерте кетсек, Мамдума төрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен кечээ келген. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду. Тургунбек уулу Кыргызстан негизги стратегиялык өнөктөш өлкө катары Россия менен калыптанган кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, бул жолугушуу алакаларды дагы тереңдетүүгө көмөкчү болорун кошумчалады.
Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго чыгарылган өкүм жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, жаңы ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү калыбына келтирүү өтүнүчүн Башкы прокуратура берген. Сот аны канааттандырып, ишти Бишкектин Свердлов райондук соту башка курам менен карай турганы айтылды. Сапар Исаков жылуулук борборун жаңылаган Кытайдын ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп шектелип, Свердлов райондук соту тарабынан соттолгон. Мындан тышкары, дагы эки иш боюнча коррупцияга айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылып жазасын өтөп жаткан. 2020-жылдагы Октябрь окуясында түрмөдөн чыгарылып, чет өлкөгө чыгып кеткен.
Кыргызстанда үч жыл ичинде 180-200 миң уйду акысыз уруктандыруу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министр Бакыт Төрөбаев Нарын облусунан өнөктүккө старт берген. "Министрлер кабинети 17,5 миллион сомго 160 комплект жасалма уруктандыруу шаймандарын сатып алууда. Бул шаймандар жакында бардык аймактардагы техник-уруктандыруучуларга берилет. Бюджеттен кошумча 60 миллион сом бөлүнүп, элита классындагы 270 миң доза урук сатып алынып, үч жыл ичинде 180-200 миң уйду акысыз уруктандыруу пландалууда", — деген Төрөбаев. Жасалма уруктандыруу — малдын асылдуулугун жакшыртуу багытында көрүлгөн чараларды бири.
Владимир Зеленский Россия менен сүйлөшүүлөрдүн сунушталган бардык форматына макул экенин айтып, жолугушуу үчүн аянтча болуп берүүгө даярдыгын билдирген Ватиканга ыраазы болду. Бул тууралуу ал Telegram каналына Рим папасы менен жолуккандан кийин жазганын РИА Новости кабарлады. Жума күнү Ыйык тактынын мамлекеттик катчысы, кардинал Пьетро Паролин Рим папасы Лев XIV Россия менен Украинага Ватиканда жолугушууну сунуштаганын билдирген. "Украина менен Россиянын түз сүйлөшүүсү үчүн аятнча болуп берүүгө даярдыгын айткан Ватиканга ыраазычылык. Анык бир жыйынтыкка жетүү үчүн биз жолугушуунун бардык форматына макулбуз", — деп жазган Зеленский. Тирешип жаткан тараптардын сүйлөшүүсүн өткөрүүгө Ватикан ылайыктуу экенин ишемби күнү АКШнын мамкатчысы Марко Рубио да айткан.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун иши кайра кароого жөнөтүлдүЗеленский сүйлөшүүлөрдүн бардык форматына макул экенин жар салдыКыргызстан да, Россия да кызматташууга кызыкдар. Эки өлкөнүн спикерлери жолуктуАлдыда кененирээкКыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү былтыр 3,5 миллиард долларга жеткен, эми 5 миллиардга жеткирүү кажет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россия Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен жолугушуу учурунда билдиргенин парламенттин маалымат кызматы билдирди. Эскерте кетсек, Мамдума төрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен кечээ келген. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду. Тургунбек уулу Кыргызстан негизги стратегиялык өнөктөш өлкө катары Россия менен калыптанган кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, бул жолугушуу алакаларды дагы тереңдетүүгө көмөкчү болорун кошумчалады.Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго чыгарылган өкүм жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, жаңы ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү калыбына келтирүү өтүнүчүн Башкы прокуратура берген. Сот аны канааттандырып, ишти Бишкектин Свердлов райондук соту башка курам менен карай турганы айтылды. Сапар Исаков жылуулук борборун жаңылаган Кытайдын ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп шектелип, Свердлов райондук соту тарабынан соттолгон. Мындан тышкары, дагы эки иш боюнча коррупцияга айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылып жазасын өтөп жаткан. 2020-жылдагы Октябрь окуясында түрмөдөн чыгарылып, чет өлкөгө чыгып кеткен.Кыргызстанда үч жыл ичинде 180-200 миң уйду акысыз уруктандыруу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, министр Бакыт Төрөбаев Нарын облусунан өнөктүккө старт берген. "Министрлер кабинети 17,5 миллион сомго 160 комплект жасалма уруктандыруу шаймандарын сатып алууда. Бул шаймандар жакында бардык аймактардагы техник-уруктандыруучуларга берилет. Бюджеттен кошумча 60 миллион сом бөлүнүп, элита классындагы 270 миң доза урук сатып алынып, үч жыл ичинде 180-200 миң уйду акысыз уруктандыруу пландалууда", — деген Төрөбаев. Жасалма уруктандыруу — малдын асылдуулугун жакшыртуу багытында көрүлгөн чараларды бири. Владимир Зеленский Россия менен сүйлөшүүлөрдүн сунушталган бардык форматына макул экенин айтып, жолугушуу үчүн аянтча болуп берүүгө даярдыгын билдирген Ватиканга ыраазы болду. Бул тууралуу ал Telegram каналына Рим папасы менен жолуккандан кийин жазганын РИА Новости кабарлады. Жума күнү Ыйык тактынын мамлекеттик катчысы, кардинал Пьетро Паролин Рим папасы Лев XIV Россия менен Украинага Ватиканда жолугушууну сунуштаганын билдирген. "Украина менен Россиянын түз сүйлөшүүсү үчүн аятнча болуп берүүгө даярдыгын айткан Ватиканга ыраазычылык. Анык бир жыйынтыкка жетүү үчүн биз жолугушуунун бардык форматына макулбуз", — деп жазган Зеленский. Тирешип жаткан тараптардын сүйлөшүүсүн өткөрүүгө Ватикан ылайыктуу экенин ишемби күнү АКШнын мамкатчысы Марко Рубио да айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/13/1094063382_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_67fe89f08a8276fe8e9573f12cb5177b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио