00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
19:05
54 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Министрлер кабинети Социалдык фондду Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражатынын эсебинен 1 миллиард 750 миллион сомго "Ала-Арча" соода борборун сатып алууга милдеттендирди. Минкабдын атайын буйругу менен Мамлекеттик мүлк агенттигине "Ала-Арча" акционердик коомун түзүү жана анын уставдык капиталына төмөнкү объект, жер тилкелерди кошуу тапшырмасы берилген: "Ала-Арча" соода-көңүл ачуу борборунун имараты; Айтматов проспектиси, 299В дарегиндеги 10,7 миң чарчы метр жер тилкеси; Айматов — Масалиев проспектилеринин кесилишиндеги 3,3 миң чарчы метр жер тилкеси. Ал убактылуу колдонууда; Ошондой эле Социалдык фондго Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражатынын эсебине акционердик коомду алуу тапшырмасы берилди. Түшкөн 1 миллиард сом 750 миллион сом өлкөнүн Турукташтыруу фондуна жөнөтүлөт. Эске салсак, апрелдин ортосунда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик соода борбордун өзүн жана биринчи айтылган жер тилкени аукционго койгон. Анда баштапкы баа 1 миллиард 244 миллион сом деп көрсөтүлгөн.
ФСБ Улуу Ата Мекендик согуштан кийин украин униат чиркөөсүнүн өкүлдөрү совет бийлигине каршы иш жүргүзгөнү тууралуу архивдик документтерди жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Анда1950-жылдын5-июлунда СССРдин мамлекеттик коопсуздук министри Виктор Абакумовдун атына жазылган Украин ССРинин Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин катынын фотокөчүрмөсү жарыяланган. Документке ылайык, 1948-1950-жылдары униат чиркөөсүнүн өкүлдөрү менен Украин улутчулдары уюмунун (ОУН) байланышы аныкталган. Алар жашыруун кызматташып, униат дин кызматкерлери бандиттерди жашырып, фашисттик идеологияны жайылтканы белгиленген. 1949-жылдын декабрынан1950-жылдын майына чейин чекисттер 80ге жакын униат динчилдерин камакка алган. Алардын арасында немец оккупациясы маалында коллаборационисттик ишмердик жүргүзгөн, "Галичина" дивизиясын түзүүгө катышкан Николай Хмелевский да болгон. Ошондой эле анын аскердик кылмышкер, Украин улутчулдары уюмунун ана башчысы Роман Шухевич менен байланышта болгону жазылган.
АКШ Кытайдан келген товарларга импорттук бажы алымын азайтууга аргасыз болорун, антпесе эки өлкөнүн соода алакасын өнүктүрүү мүмкүн эмес экенин президент Дональд Трамп билдирди. Анын айткандарын РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме берип жазды. Ошол эле учурда Трамп Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн Кытайдан келген товарларга тыюу салынган соода тоскоолдуктарын азайтууга ниети жок экенин белгилеген. Ак үйдүн башчысы Кытай экономикасы АКШ киргизген импорттук салыктардан улам бүлгүнгө учурап жатат деген пикирде. "Кытайлар азыр кыйналып жатат. Завод, ишканалар жабылып, жумушсуздук күч алууда. Алардын экономикасы начарлап баратат", — деген Америка лидери.Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп 2-апрелде өлкөгө кирген импортко пошлина киргизилерин жар салган.
Жаңылыктар түрмөгү
0