https://sputnik.kg/20250506/1093781719.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан январь-февраль айларында 3 миллион 670 мин долларга 581 тонна ак май экспорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында... 06.05.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-05-06T11:00+0600
2025-05-06T11:00+0600
2025-05-06T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/05/06/1093781587_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5dd441113e0d3a6e73c782215b88b179.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан январь-февраль айларында 3 миллион 670 мин долларга 581 тонна ак май экспорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Билдирүүгө ылайык, анын 86 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн. Тагыраагы, 500 тоннасы, 3 миллион 200 мин долларлык май Россияга сатылган. Ал эми Казакстанга 71,8 тонна, 432 миң долларлык май, Өзбекстанга 9,4 тонна 22 мин долларлык ак май экспортолгон жана АКШга 200 килограмм (2 мин долларга) сатылган. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, май экспортунун көлөмү 16,3 эсеге көбөйгөн. Анда өлкө 147 миң долларга 35,7 тонна ак май саткан.
Кыргызстан Жеңиш эстафетасынын символун Тажикстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Казакстандык чек арачылардан 29-апрелде өткөрүп алынган эстафета Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарын кыдырып, каттамы кыргыз-тажик чек арасындагы Бор-Дөбө өткөрүү пунктунда аяктап, 4-майда тажик чек арачыларына салтанаттуу түрдө тапшырылды.“Кыргыз-тажик чек арасы чечилип, эки элдин алакасы бекемделип жаткан маалда Жеңиш эстафетасы Тажикстанга өткөрүлдү. Бул эки өлкөнүн бир туугандык мамилесинин символуна айланды. Эстафета – Улуу Ата Мекендик согуштагы жалпы жеңиштин ыйык белгиси”, — деп жазылган маалыматта.Жеңиш эстафетасынын символу — алгачкылардан болуп фашисттик чабуулга туш болгон Брест чебинин топурагы салынган капсула.
Ысык-Көлдө таштанды өрттөөчү эки завод курулат. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов Кытайдан келген "Хунань Цзюньсинь Хуаньбао" компаниясынын өкүлдөрү менен жолуккан. Жолугушууда Ысык-Көл облусунун экологиялык абалын жакшыртуу, катуу тиричилик калдыктарын башкарууну жөнгө салуу максатында Балыкчы шаарында жана Ак-Суу районунда таштанды өрттөөчү заманбап заводдорду куруу боюнча инвестициялык долбоор сунушталды. Инвесторлор учурда ушундай эле заводду Бишкек шаарында куруп жатышканын жана бул тармактагы тажрыйбасын Ысык-Көлдө да колдонууга даяр экенин белгилешти. Алар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап бүтүшкөнүн жана курулушту 2025-жылдын ичинде баштоого даярдыгын билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Инвесторлор тарабынан заводдорду куруу, жабдуулар менен камсыз кылуу жана кызматкерлерди окутуу иштери жүргүзүлөт.
АКШ Кытайдан келген товарларга импорттук бажы алымын азайтууга аргасыз болорун, антпесе эки өлкөнүн соода алакасын өнүктүрүү мүмкүн эмес экенин президент Дональд Трамп билдирди. Анын айткандарын РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме берип жазды. "Бир убакта мен аны төмөндөтөм, антпесе иш кылуу кыйын", — деген президент. Ошол эле учурда Трамп Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн Кытайдан келген товарларга тыюу салынган соода тоскоолдуктарын азайтууга ниети жок экенин белгилеген. Ак үйдүн башчысы Кытай экономикасы АКШ киргизген импорттук салыктардан улам бүлгүнгө учурап жатат деген пикирде.
Кыргызстандан январь-февраль айларында 3 миллион 670 мин долларга 581 тонна ак май экспорттолгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Билдирүүгө ылайык, анын 86 пайызы ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн. Тагыраагы, 500 тоннасы, 3 миллион 200 мин долларлык май Россияга сатылган. Ал эми Казакстанга 71,8 тонна, 432 миң долларлык май, Өзбекстанга 9,4 тонна 22 мин долларлык ак май экспортолгон жана АКШга 200 килограмм (2 мин долларга) сатылган. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, май экспортунун көлөмү 16,3 эсеге көбөйгөн. Анда өлкө 147 миң долларга 35,7 тонна ак май саткан.Кыргызстан Жеңиш эстафетасынын символун Тажикстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Казакстандык чек арачылардан 29-апрелде өткөрүп алынган эстафета Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарын кыдырып, каттамы кыргыз-тажик чек арасындагы Бор-Дөбө өткөрүү пунктунда аяктап, 4-майда тажик чек арачыларына салтанаттуу түрдө тапшырылды.“Кыргыз-тажик чек арасы чечилип, эки элдин алакасы бекемделип жаткан маалда Жеңиш эстафетасы Тажикстанга өткөрүлдү. Бул эки өлкөнүн бир туугандык мамилесинин символуна айланды. Эстафета – Улуу Ата Мекендик согуштагы жалпы жеңиштин ыйык белгиси”, — деп жазылган маалыматта.Жеңиш эстафетасынын символу — алгачкылардан болуп фашисттик чабуулга туш болгон Брест чебинин топурагы салынган капсула.Ысык-Көлдө таштанды өрттөөчү эки завод курулат. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов Кытайдан келген "Хунань Цзюньсинь Хуаньбао" компаниясынын өкүлдөрү менен жолуккан. Жолугушууда Ысык-Көл облусунун экологиялык абалын жакшыртуу, катуу тиричилик калдыктарын башкарууну жөнгө салуу максатында Балыкчы шаарында жана Ак-Суу районунда таштанды өрттөөчү заманбап заводдорду куруу боюнча инвестициялык долбоор сунушталды. Инвесторлор учурда ушундай эле заводду Бишкек шаарында куруп жатышканын жана бул тармактагы тажрыйбасын Ысык-Көлдө да колдонууга даяр экенин белгилешти. Алар долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап бүтүшкөнүн жана курулушту 2025-жылдын ичинде баштоого даярдыгын билдиришти. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Инвесторлор тарабынан заводдорду куруу, жабдуулар менен камсыз кылуу жана кызматкерлерди окутуу иштери жүргүзүлөт. АКШ Кытайдан келген товарларга импорттук бажы алымын азайтууга аргасыз болорун, антпесе эки өлкөнүн соода алакасын өнүктүрүү мүмкүн эмес экенин президент Дональд Трамп билдирди. Анын айткандарын РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме берип жазды. "Бир убакта мен аны төмөндөтөм, антпесе иш кылуу кыйын", — деген президент. Ошол эле учурда Трамп Вашингтон менен Пекиндин ортосундагы сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн Кытайдан келген товарларга тыюу салынган соода тоскоолдуктарын азайтууга ниети жок экенин белгилеген. Ак үйдүн башчысы Кытай экономикасы АКШ киргизген импорттук салыктардан улам бүлгүнгө учурап жатат деген пикирде.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/06/1093781587_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e8890a102955085d2a404bec24777ad6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио