00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:08
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше штрафов — меньше аварий? Обсуждаем новые меры безопасности
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Алматыда КМШ өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын Кеңешинин жыйыны башталды. Белгиленгендей, делегациялар жыйын өтүүчү жерге келип жатышат. ТИМ башчылары эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, шериктештиктин алкагында алаканы бекемдөөнү талкуулашат. Ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты талкуулашат. Министрлер Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөөгө даярдыкка өзгөчө көңүл бурушары айтылды.
Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган жайлар августта рекультвацияланып бүтүп калат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, маселе ӨКМ башчысы Бообек Ажикеевдин "Росатом" компаниясынын башкы директору Николай Спасский менен жолугушуусунда көтөрүлгөн. "Росатомдун" өкүлдөрү министрге Миң-Куштагы уран калдыктары жайгашкан объектилердеги иштер тууралуу маалымат берип, зыянсыздандыруу иштери ушул жылдын август айында бүтүп каларын айтышты. ӨКМ рекультивация бүткөн соң эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгына арналган мемориалдык стелла Миң-Кушта коюларын кошумчалады. Тараптар Кажы-Сай, Кызыл-Жар №12, Кара-Таш, Сумсар жана Кан калктуу конуштарын реабилитациялоо этаптарын да талкуулашкан.
Чүй облусунда европалык туристтер Балыкчыдан Бишкекти көздөй бара жаткан поездди белгисиздер таш менен ургулашкан. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан кабарлашты.Маалыматка ылайык, окуя 8-апрелде саат 22:00дөр чамасында Кант — Аламүдүн темир жол тилкесинде болгон."Белгисиз адамдар поезддин терезелерине таш ыргытышкан. Натыйжада 6 жана 8-вагондордун терезелери сынып, бир кызматкер жаракат алды. Мындай көрүнүштөр жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна коркунуч туудурат. Өзгөчө чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугуна шек келтирип, Кыргызстандын аброюна терс таасирин тийгизиши мүмкүн", — деп жазылган маалыматта.Милиция окуяны териштирип жатканы кошумчаланды.
3-майда Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл “Run the Silk Road” эл аралык марафону старт алат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, марафонго ШКУга мүчө болгон мамлекеттердин алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү жана бардык каалочулар катышат. Марафондун алкагында 42,2 , 21, 1, 10, 3 чыкырым жана скандинавиялык басуу дистанцияларында жарыш өтөт. Иш-чарага 4 миңден ашуун катышуучунун келүүсү күтүлүүдө.
АКШ Украина жаңжалын жөнгө салуу жарым же бир жылга созулуп кетүүсүн каалабайт. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Тэмми Брюс билдиргенин РИА Новости жазды. "Мамлекеттитки катчы Марко Рубио Россиянын тирешүүнү жөнгө салууга канчалык даяр экени жакынкы жумаларда билинип каларын ачык айтты. Алты айга же бир жылга созулушу мүмкүн эмес", — деген Брюс брифинг учурунда. Эскерте кетсек, Украинадагы абалды жөнгө салуу аракеттери Дональд Трамптын президент болуп шайланышынан кийин башталып, АКШ менен Россиянын сууп кеткен мамилесин калыбына келтирүү боюнча да кадамдар жасалууда. Эки президент телефондон баарлашып, делегациялар жолугуп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0