https://sputnik.kg/20250320/1092758295.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров 20-21-март күндөрү Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын... 20.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-20T11:00+0600
2025-03-20T11:00+0600
2025-03-20T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/14/1092758163_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6d8d841ac6a1606c52cd1317cbc93653.jpg.webp
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров 20-21-март күндөрү Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчы Баткенде Иса Ахунбаев атындагы КММАнын окуу-дарылоо жана илимий комплексинин жана Кара-Суу районунун Таш-Арык айылындагы кирпич заводунун ачылышына катышат. Ошондой эле президент Ош шаарындагы Нооруз майрамына катышары кошумчаланды.
Кыргызстанда алкоголдук, нефть жана тамеки продукцияларынан башка товарларга ЭТТК жокко чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Ага ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тарта дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар үчүн ЭТТК колдонуу милдеттүү болот. 1-октябрга чейин салык төлөөчүлөр кагаз түрүндөгү жөнөкөйлөтүлгөн эсеп-фактураларды бере алышат. Андан кийин электрондук кагаз эсеп-фактураларына акырындык менен өтүү башталат. Буга чейин Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов беш товардын башкасына ЭТТК документин алып салуу керектигин айтып, бул чакан жана орто бизнеске колдоо болорун айткан.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Оштогу сел коркунучу жогору аймактарды текшерди. Министрликтен маалымдашкандай, Бообек Ажикеев Ош шаарында жаан-чачындын кесепетинен улам сел жүрүү коркунучу бар аймактардын абалын жеринде баалоо максатында тиешелүү жетекчилер менен биргеликте мониторинг жүргүздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө министр Жапалак айылына барып, Озгур айылындагы Тотоев көчөсүндө жайгашкан сел тосмолорунун абалын көрдү. Ал жакта сел тосмолорунун айрым бөлүктөрү ылай-баткактан толуп, тазалоо иштерин талап кылары белгилүү болду. Министр бул тосмолорду кеңейтүү жана тазалоо боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырма берди. Ошондой эле Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы айрым курулуштарды көрүп, көйгөйлүү маселелерди белгиледи. Текшерүү маалында сел сайынын нугуна мыйзамсыз курулган турак үйлөр жана уруксаты жок салынган көпүрөлөр аныкталды. Бул факторлор сел жүргөн учурда коркунуч жаратышы мүмкүн. Буга байланыштуу жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мыйзамсыз курулуштарды алуу боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырма берилди.
Россия президенти Владимир Путин Украина чатагын саясий-дипломатиялык жактан чечүүнүн маанилүү шарттарынын бири аталган өлкөгө аскердик жардам менен чалгын маалыматтарын берүүнү толук токтотуу экенин айтты. Бул туурасында Кремлдин РФ жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефондон сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча тараткан билдирүүсүндө айтылган. "Чатактын мындан ары ырбап кетпеши жана кырдаалды саясий-дипломатиялык жактан чечүү иштерин жүргүзүү үчүн маанилүү шарттардын бири — Киевге аскердик жардам менен чалгын маалыматтарын берүүнү толук токтотуу", — деп айтылган анда. Эске салсак, Путин менен Трамп телефондон эки сааттан ашуун сүйлөшүп, бир катар маселелерге токтолгон. Дүйнөлүк ЖМКлар баарлашуу "абдан жакшы" өткөнүн кабарлады. Кремль менен Ак үй билдирүү таратып, Россия менен АКШнын мамилесинин келечеги "ири экономикалык келишимдерди" жана геосаясий стабилдүүлүктү камтый турганын белгилешти.
Президент Садыр Жапаров 20-21-март күндөрү Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчы Баткенде Иса Ахунбаев атындагы КММАнын окуу-дарылоо жана илимий комплексинин жана Кара-Суу районунун Таш-Арык айылындагы кирпич заводунун ачылышына катышат. Ошондой эле президент Ош шаарындагы Нооруз майрамына катышары кошумчаланды.Кыргызстанда алкоголдук, нефть жана тамеки продукцияларынан башка товарларга ЭТТК жокко чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Ага ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тарта дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар үчүн ЭТТК колдонуу милдеттүү болот. 1-октябрга чейин салык төлөөчүлөр кагаз түрүндөгү жөнөкөйлөтүлгөн эсеп-фактураларды бере алышат. Андан кийин электрондук кагаз эсеп-фактураларына акырындык менен өтүү башталат. Буга чейин Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов беш товардын башкасына ЭТТК документин алып салуу керектигин айтып, бул чакан жана орто бизнеске колдоо болорун айткан.Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Оштогу сел коркунучу жогору аймактарды текшерди. Министрликтен маалымдашкандай, Бообек Ажикеев Ош шаарында жаан-чачындын кесепетинен улам сел жүрүү коркунучу бар аймактардын абалын жеринде баалоо максатында тиешелүү жетекчилер менен биргеликте мониторинг жүргүздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө министр Жапалак айылына барып, Озгур айылындагы Тотоев көчөсүндө жайгашкан сел тосмолорунун абалын көрдү. Ал жакта сел тосмолорунун айрым бөлүктөрү ылай-баткактан толуп, тазалоо иштерин талап кылары белгилүү болду. Министр бул тосмолорду кеңейтүү жана тазалоо боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырма берди. Ошондой эле Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы айрым курулуштарды көрүп, көйгөйлүү маселелерди белгиледи. Текшерүү маалында сел сайынын нугуна мыйзамсыз курулган турак үйлөр жана уруксаты жок салынган көпүрөлөр аныкталды. Бул факторлор сел жүргөн учурда коркунуч жаратышы мүмкүн. Буга байланыштуу жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мыйзамсыз курулуштарды алуу боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырма берилди. Россия президенти Владимир Путин Украина чатагын саясий-дипломатиялык жактан чечүүнүн маанилүү шарттарынын бири аталган өлкөгө аскердик жардам менен чалгын маалыматтарын берүүнү толук токтотуу экенин айтты. Бул туурасында Кремлдин РФ жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефондон сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча тараткан билдирүүсүндө айтылган. "Чатактын мындан ары ырбап кетпеши жана кырдаалды саясий-дипломатиялык жактан чечүү иштерин жүргүзүү үчүн маанилүү шарттардын бири — Киевге аскердик жардам менен чалгын маалыматтарын берүүнү толук токтотуу", — деп айтылган анда. Эске салсак, Путин менен Трамп телефондон эки сааттан ашуун сүйлөшүп, бир катар маселелерге токтолгон. Дүйнөлүк ЖМКлар баарлашуу "абдан жакшы" өткөнүн кабарлады. Кремль менен Ак үй билдирүү таратып, Россия менен АКШнын мамилесинин келечеги "ири экономикалык келишимдерди" жана геосаясий стабилдүүлүктү камтый турганын белгилешти.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/14/1092758163_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9ef76c70fc43723af911fb3d426fd71c.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио