00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
“Тулпар Моторс” заводу быйыл 3800 унаа чыгарат — кимдер сатып алууда?
09:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Госорганы снова проверяют бизнес: чего ожидать предпринимателям?
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдин алкагында жүк ташуулар эркин жүргүзүлөт — автотранспортаркылуу жүк ташууну жеңилдетүү үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
"Кызмат" мекемесинин жаңы имараты курулат — калкты тейлөө борборлорунда эмнелер өзгөрөт?
13:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мөңгү ээрип, майда көлдөр көбөйүп сел коркунучу жаралууда - Глобалдык климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанга таасири
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Аял затына караганда жүгөрүнүн сырын жакшы билем. Дайыма мол түшүм алган дыйкан менен маек
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Об итогах госвизита Эмомали Рахмона в Кыргызстан
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Улуттук Банктын "Санарип сом" долбоору кайсы этапта?
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мөңгү ээрип, майда көлдөр көбөйүп сел коркунучу жаралууда - Глобалдык климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанга таасири
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Жеңил унаалардын кузовун өлкөгө ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу каралуудаРоссиядан электр энергиясын импорттоо январда 2,4 эсе жогорулаганМаркетплейстен товар алгандар кайтара алат. ЕЭК макулдашуунун долбоорун даярдадыАлдыда кененирээкӨкмөт жеңил машиналардын кузовун өлкөгө ташып келүүгө тыюу салууну сунуштап жатат. Тиешелүү токтом долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Бийлик акыркы учурда кузовду алмаштыруу шылтоосу менен унаалардын каттоо маалыматтарын өзгөрткөн фактылар көбөйүп жатканын айтты. Бул иш жүзүндө бажыдан өтпөгөн унааларды мыйзамдаштырууну шарттайт. Ошондой эле куралган автоунааларды мыйзамсыз эксплуатациялаган учурлар да бар. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, унаалардын кузовунун басымдуу бөлүгү Литва, Япония жана Германиядан алып келинет. Өткөн жылдын 10 айында 3,7 миң кузов ташылып, аны импорттоо 32 пайызга өскөн.
Маркетплейстен товар алгандар жакпаса кайра кайтара алат. Бул тууралуу ЕЭК иштеп чыккан макулдашуунун долбоорунда айтылган. ЕАЭБдеги электрондук соода боюнча макулдашууда товарды артка кайтаруу мөөнөтүнө басым жасалган. Учурда кардар товарды 14 күндүн ичинде артка кайтарып берсе болот. "Биримдикке мүчө өлкөлөр кардар сапатсыз товардан баш тартканда кайтарып бере турган мөөнөттү узартып кое алат", — деп айтылат долбоордо. Кайтаруунун шартын, мөөнөтүн ЕЭК кеңеши аныктай турганы белгиленген.
Борбор калаанын тургундары жана меймандары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги уюштурган жарманкеде азык-түлүк жана эл керектөөчү товарларды дүң баада ала алышат. Жарманке шаардын үч жеринде өтүп, үч күнгө — 7-9-мартка чейин уланат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Белгиленгендей, иш-чаранын негизги максаты ата мекендик өндүрүшчүлөргө, агроөнөр жай ишканаларына жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү болуп саналат. Жарманкеден жашылчалар, жемиштер, эт жана сут азыктары, нан азыктары, ошондой эле эң зарыл керектелүүчү товарлар сыяктуу социалдык маанилүү тамак-аш продуктыларынын ассортиментин таба алышат.
Россиядан электр энергиясын импорттоо январда 2,4 эсе көбөйгөн. Бул тууралуу КМШнын энергетикалык кеңешинин маалыматында айтылган. Ага ылайык, электр энергиясынын импортунун көлөмү Казакстандын электр тармактарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүнө жараша аныкталат. "Россиянын "Интер РАО" компаниясынан 34,7 миллион кВт/саат электр энергиясы импорттолгон. Бул көрсөткүч 2024-жылдын январындагыдан 20,3 миллион кВт/саатка көп. 35 миллион кВт/саат электр энергиясы кыш мезгилинде жалпы Кыргызстанды 12 саат бою камсыздоого жетет", — деп жазылган маалыматта. Аталган компания 2023-жылдын 15-апрелинен тарта Кыргызстанга электр энергиясын сата баштаганы кошумчаланды. Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстан 3 миллиард кВт/саат электр энергиясын импорттой турганын, анын баасы 1 кВт/саатына 3 сом 50 тыйын экенин билдирген.
АКШ президенти Дональд Трамп НАТОдогу өнөктөш өлкө коргонууга сарптала турган чыгымдар боюнча милдеттерин толук аткарбаса, аны коргоодон баш тартышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу NBC басылмасына таянып РИА Новости жазды. Трамп өлкөнүн НАТОго катышуусуна олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап жатканын америкалык аткаминерлер билдиришкен. Ошондой эле Трамп милдеттерин так аткарган өнөктөш өлкөлөр менен НАТО машыгууларын өткөрүүнү карап жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0