00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Тажикстанга барганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.Кабарда бул бир күндүк сапар экени айтылган. Касымалиевди аэропорттон коңшу өлкөнүн премьер-министринин орун басары Зиезода Сулаймон тосуп алды.Сапардын алкагында Касымалиев Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшөрү каралган.Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарды камтыган кызматташуунун келечектүү багыттарын кеңейтүүгө багытталган маселелер талкууланары айтылды.Мындан тышкары, Касымалиев Тажикстандын гидроэнергетика тармагындагы тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Рогун ГЭСине бармакчы.
2024-жылдын 11 айында Кыргызстан менен Свердлов облусунун товар жүгүртүүсү 130 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы өкүлү Айнур Сманов Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Эске салсак, Кыргызстанга Россиянын Свердлов облусунун губернаторунун орун басары Василий Козлов баштаган делегация келген. Сманов Свердлов облусу кыргыз экспортунун эң көп жөнөтүлүүчү аймактарынын бири экенин белгиледи.Василий Козлов барган сайын россиялык ишкерлер Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө жана инвестиция салууга кызыгып жатканын белгиледи. Свердлов облусунун губернаторунун орун басарынын иш сапарынын алкагында Бишкекке 38 компаниянын өкүлдөрү келди, алардын ичинен жети компания өлкөдө продукция өндүрүүгө даяр.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ийгиликтүү экономикалык өнүгүүсүнүн негизинде адилеттүү атаандаштык жатат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматында айтылган. ЕЭКтин атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаментинин директору Жанар Адикованын айтымында, комиссиянын чечимдерин аткарбагандарга айып салуу каралган. "ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, комиссиянын чечимдерин белгиленген мөөнөттө аткарбаган мамлекеттик органдар үчүн жоопкерчилик каралган. Бул өзгөртүүлөр иш козгоо, айып салуу жана улуттук органдарга мажбурлап аткарууга жиберүү процедуралары камтылган. Айып салуу тартиби комиссияга талап кылынган маалымат берилбеген учурлардагы чараларга окшош механизмде жүргүзүлөт. Ушул түрдөгү мыйзам бузуулар боюнча мөөнөт бир жылды түзөт. Ал эми айыптын суммасы мыйзам бузуунун мүнөзүнө жараша аныкталат, мында жеңилдетүүчү же оорлотуучу жагдайлар каралышы ыктымал", — деди Адикова.
АКШ Украинага аскердик жардамын токтотуп, өнөктөштөрүн тынчтык орнотуу ниетин колдоого чакырды. Маалыматты Ак үйдүн өкүлү тастыктаганын РИА Новости кабарлады. Буга чейин Fox News телеканалы Ак үйдүн кызматкерине таянуу менен АКШ Украинага аскердик жардамдын бардык түрүн токтоторун билдирген. Маалыматта колдоо Трамп Киевдин тынчтык сүйлөшүүлөргө багыт алганына ынанганга чейин көрсөтүлбөй турганы айтылат. Телеканал кеп жардамдын биротоло эмес, убактылуу токтотулганын тактады. Bloomberg басылмасынын жазганы боюнча, АКШ администрациясы кабыл алган чечимдин алкагында ушу тапта Киевге карай жолдо бараткан, ошондой эле Польшанын аймагындагы транзиттик зонада турган курал-жарак, техника жана ок-дары жүктөлгөн транспорттун баары токтотулду.
Жаңылыктар түрмөгү
0