00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Стоп-кадр
19:05
43 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
4 мин
Ачык кеп
Айрым товарларды акциздик маркасы жок жүгүртүүгө тыюу кирүүдө - пайдасы жана талкуу жараткан жагдайлары
15:06
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Пожары в больницах: можно ли предотвратить трагедии?
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Согуштан аман келгениме сүйүнөм
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
Лечиться, или не болеть — что дешевле? Экономика здоровья
18:06
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Дүйнөнү багындырган көзү азиз паратриатлет — спорттогу жолу, жетишкендиктери
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Наследники
Наследие Садыбакаса Умурзакова: вклад ученого в географию и топонимику Кыргызстана
20:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Айрым товарларды акциздик маркасы жок жүгүртүүгө тыюу кирүүдө - пайдасы жана талкуу жараткан жагдайлары
21:05
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Өлкөдө бакчага барган балдардын саны 26 пайыздан 40 пайызга чейин өстү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын коллегиясында минкаб башчысы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, келечекте бакчага барган балдардын санын 80 пайызга жеткирүү пландалууда. "Албетте, биз 100 пайызга жеткирүүгө аракет кылабыз, бирок азырынча 80 пайыз тууралуу кеп болууда. Бул — алдыдагы үч-төрт жылга карата план", — деди Касымалиев.Ошондой эле ал менчигине карабастан бала бакчаларда видеокөзөмөл орнотулушу керектигин белгиледи. Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева билдиргендей, Бишкектин бала бакчаларында жана мектептеринде тышкы жана ички болуп, экиден камера орнотулган."2024-жылы 10 жаңы бала бакча эксплуатацияга берилди. Анын ичинен бакчанын кошумча корпусу жана эки бакчада ремонт болду. Бишкекте бала бакчага барган балдардын саны 5 миң 988ге көбөйдү", — деди ал.
Бишкекте жерлердин амнистиясы жыл соңуна чейин аягына чыгат. Бул тууралуу шаар мэриясынын коллегиясында вице-мэр Азамат Кадыров билдирди.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мыйзамдаштыруу иштери Бишкекте эле эмес, өлкө боюнча да аягына чыгышы керектигин белгиледи.Эске салсак, 2022-жылдын март айында Жогорку Кеңеш "Жер мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамын кабыл алган. Ага ылайык, жалпы 29 872 гектар жер трансформацияланат. Министрлер кабинети "Жер амнистиясынын тартиби жөнүндө" жобону бекиткен.2024-жылы жер амнистиясынын алкагында өлкө боюнча 140 миңден ашуун арыз түшкөнү, алардын 50 пайызы канааттандырылганы маалым болгон.
АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоо сунушталат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылган.Мекеме АКШда мыйзамсыз мигранттарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын эскертти. "ТИМ АКШнын аймагында жүргөн же бул өлкөгө барууну пландаган Кыргызстандын жарандарына миграциялык мыйзамдардын жаңы жоболорун так сактоону жана өлкөдө жүрүү статусун тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүүнү сунуштайт. Министрлик суроолор пайда болгондо элчиликке жана Чикагодогу консулдукка кайрылууну өтүнөт", — деп жазылган маалыматта.
Шанхай кызматташтык уюмунда террордук аракеттери үчүн издөөгө алынган адамдардын реестри түзүлдү. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Нурлан Ермекбаев маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, мындан тышкары, ШКУ өлкөлөрүнүн аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук жана экстремисттик топтордун жалпы тизмеси бар."Террорчулук, экстремизм жана сепаратизмге каршы Регионалдык антитеррордук структура деп аталган туруктуу орган түзүлдү. Анын Ташкент шаарында жайгашкан аткаруу комитети бар. Структура уюмга мүчө мамлекеттердин укук коргоо жана атайын органдарынын өкүлдөрүн камтыйт", — деди Ермекбаев.Баш катчы уюм алкагында антеррордук машыгуулар өтүп келерин, маалымат алмашуу да активдүү жүрүп жатканын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0