https://sputnik.kg/20250124/1091609410.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк 2027-жылдан тарта санарип сомду жүгүртүүгө киргизүүнү пландап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды... 24.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-24T08:59+0600
2025-01-24T08:59+0600
2025-01-24T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/18/1091609278_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_79e60f7259a87e8e6ff65bd9631cebb4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк 2027-жылдан тарта санарип сомду жүгүртүүгө киргизүүнү пландап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды. Парламентте баяндама жасаган Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мэлс Аттокуровдун айтымында, санарип сом өлкөнүн улуттук валютасынын үчүнчү формасы болуп эсептелет жана учурда колдонулуп жаткан накталай, накталай эмес акчалар менен катарлаш иштейт. Ал Улуттук банк тарабынан гана чыгарылып, көзөмөлдөнүп, коопсуздугу камсыздалат. Баяндамачынын айтымында, улуттук валютанын үч формасы тең бир баада болот. Ал ошондой эле бул валютаны интернет жокто деле колдонууга болорун кошумчалады.
Кадрлар бөлүмдөрүнүн иш кагаздары санарип форматка өтүүсү мамлекеттин каражатын, элдин убактысын үнөмдөп жатат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Бопушева билдирди. Анын айтымында, айрым учурда жетекчи башка жакта болуп, буйруктарга бир нече күн кол коюлбай турган учурлар дагы болгон. "Мурда кагаз түрүндө бир буйрукту чыгаруу 3-4 сааттан 2-3 күнгө чейин созулган учурлар болгон. Электрондук форматка өткөндө мындай буйруктарды 2-3 мүнөттө деле чыгарып койгонго мүмкүнчүлүк жаралды. Мындан сырткары Мамлекеттик мекемелерде 300 миңден ашуун кызматкер иштейт. Бир жылда эле эмгек өргүүлөргө байланыштуу миллиондон ашуун буйрук чыгат. Башка дагы буйруктар бар. Эми санарип форматка өттүк, миллиондогон кагаз үнөм болот", — деди Бопушева. Ошондой эле ал эски документ, буйруктарды архивден бат табууга да ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн кошумчалады.
Жакында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясына кабыл алуу башталат. УКМКдан кабарлашкандай кабыл алуу 2025-жылдын 27-январынан 27-февралына чейин ар бир шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 09:30дан 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Буга байланыштуу УКМК улуттук коопсуздук органдарынын кесипкөй кызматкерлерин даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга багытталган илимий-методикалык борбору бар жогорку аскердик окуу жайына өтүү үчүн зарыл талаптардын тизмесин жарыялады. Анда көрсотүлгөндөй ага 17 жаштан 21 жашка чейинки бою 170 см жогорулар катыша алат.
АКШнын президенти Дональд Трамп кызматка киришкенден кийин Владимир Путинге ультиматум койгону менен Россияга да, Украинага да таасир этчү эч кандай куралы жок. Бул тууралуу Европа саясатынын анализ борборунун демократиялык туруктуулук боюнча директору Сэм Грин билдиргенин The Hill гезити жазды. Анын айтымында, эгер Трамп Россияга таасир этүүнү көздөсө, Европа менен биримдикте болушу керек. "Чындыгында Трамптын жана бүтүндөй АКШнын бул жаңжалда эки тарапка тең таасир эте турчу нерселери жок", — деп айтылат макалада. Трамп буга чейин Россияга зыян келтиргиси келбей турганын айтып, Украинадагы атайын аскердик операцияны токтотууга чакырган. Антпесе жаңы санкциялар салынып, Россиядан АКШга кирген товарларга бажы төлөмдөрү киргизилет деп коркуткан. Мамлекеттик Дума Америка президентинин сөзүнө комментарий берип, эгер ал Россияга ультиматум коюуну чечсе, анда жаңылыш жана туюкка кептеген стратегияны тандап алганын билдирди.
Улуттук банк 2027-жылдан тарта санарип сомду жүгүртүүгө киргизүүнү пландап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды. Парламентте баяндама жасаган Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мэлс Аттокуровдун айтымында, санарип сом өлкөнүн улуттук валютасынын үчүнчү формасы болуп эсептелет жана учурда колдонулуп жаткан накталай, накталай эмес акчалар менен катарлаш иштейт. Ал Улуттук банк тарабынан гана чыгарылып, көзөмөлдөнүп, коопсуздугу камсыздалат. Баяндамачынын айтымында, улуттук валютанын үч формасы тең бир баада болот. Ал ошондой эле бул валютаны интернет жокто деле колдонууга болорун кошумчалады. Кадрлар бөлүмдөрүнүн иш кагаздары санарип форматка өтүүсү мамлекеттин каражатын, элдин убактысын үнөмдөп жатат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Бопушева билдирди. Анын айтымында, айрым учурда жетекчи башка жакта болуп, буйруктарга бир нече күн кол коюлбай турган учурлар дагы болгон. "Мурда кагаз түрүндө бир буйрукту чыгаруу 3-4 сааттан 2-3 күнгө чейин созулган учурлар болгон. Электрондук форматка өткөндө мындай буйруктарды 2-3 мүнөттө деле чыгарып койгонго мүмкүнчүлүк жаралды. Мындан сырткары Мамлекеттик мекемелерде 300 миңден ашуун кызматкер иштейт. Бир жылда эле эмгек өргүүлөргө байланыштуу миллиондон ашуун буйрук чыгат. Башка дагы буйруктар бар. Эми санарип форматка өттүк, миллиондогон кагаз үнөм болот", — деди Бопушева. Ошондой эле ал эски документ, буйруктарды архивден бат табууга да ыңгайлуу шарт түзүлгөнүн кошумчалады. Жакында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясына кабыл алуу башталат. УКМКдан кабарлашкандай кабыл алуу 2025-жылдын 27-январынан 27-февралына чейин ар бир шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 09:30дан 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Буга байланыштуу УКМК улуттук коопсуздук органдарынын кесипкөй кызматкерлерин даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга багытталган илимий-методикалык борбору бар жогорку аскердик окуу жайына өтүү үчүн зарыл талаптардын тизмесин жарыялады. Анда көрсотүлгөндөй ага 17 жаштан 21 жашка чейинки бою 170 см жогорулар катыша алат. АКШнын президенти Дональд Трамп кызматка киришкенден кийин Владимир Путинге ультиматум койгону менен Россияга да, Украинага да таасир этчү эч кандай куралы жок. Бул тууралуу Европа саясатынын анализ борборунун демократиялык туруктуулук боюнча директору Сэм Грин билдиргенин The Hill гезити жазды. Анын айтымында, эгер Трамп Россияга таасир этүүнү көздөсө, Европа менен биримдикте болушу керек. "Чындыгында Трамптын жана бүтүндөй АКШнын бул жаңжалда эки тарапка тең таасир эте турчу нерселери жок", — деп айтылат макалада. Трамп буга чейин Россияга зыян келтиргиси келбей турганын айтып, Украинадагы атайын аскердик операцияны токтотууга чакырган. Антпесе жаңы санкциялар салынып, Россиядан АКШга кирген товарларга бажы төлөмдөрү киргизилет деп коркуткан. Мамлекеттик Дума Америка президентинин сөзүнө комментарий берип, эгер ал Россияга ультиматум коюуну чечсе, анда жаңылыш жана туюкка кептеген стратегияны тандап алганын билдирди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/18/1091609278_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_401a017d8777018c09ead5d6cfba28e5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио