https://sputnik.kg/20250117/1091465239.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылдын 1-январына карата "Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоорунун алкагында 12 миң 108 айылдык товар өндүрүүчүгө жеңилдетилген насыя берилди. Финансы... 17.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-17T08:59+0600
2025-01-17T08:59+0600
2025-01-17T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/11/1091465107_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7d41dcbab656c5619c45460e39cdf6de.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылдын 1-январына карата "Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоорунун алкагында 12 миң 108 айылдык товар өндүрүүчүгө жеңилдетилген насыя берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, насыянын көлөмү 4 млрд 861 млн 71 миң сомду түздү. Анын ичинен: "Мал чарбачылык" тармагы боюнча – 4 млрд 379 млн 99 сом сом суммасында 10 миң 664 субъектке; "Өсүмдүк өстүрүүчүлүк" тармагы боюнча – 481 млн 72 миң сом суммасында 1 миң 444 субъектке берилди. Аталган долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ААКтар катышууда. Каржылоонун көлөмү 5 млрд сомду түзөт
Мамлекеттик электрондук кызматтар порталынын колдонуучуларынын саны 2 миллиондон ашты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч долбоор ишке киргенден бери акыркы 5 жыл аралыгында жетишилди. Бүгүнкү күндө портал аркылуу 171 кызмат көрсөтүлөт, ал эми күн сайын 50 миңге жакын кызмат колдонулууда. Портал жана "Түндүк" мобилдик колдонмосу мамлекеттик кызматтарды ар бир адам үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылууда.
Жайыттардагы суу таңсыктыгын чечүү максатында Баткенде үч жасалма мөңгү тоңдурулду. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, мөңгүлөр Лейлектин Сумбула, Баткен районунун Кайыңды жана Газ айылдарында тоңдурулган."Мөңгү тоңдуруу иш-аракеттери жергиликтүү бийлик менен жайыт комитеттеринин, бейөкмөт уюмдардын климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорунун алкагында ишке ашырылууда. Жасалма мөңгү жайыттарда суу таңсыктыгы көйгөйүн чечүүнүн жолу катары каралууда. Тагыраагы, жайыттарды жакшыртуу, эрте жазда жайлоого чыккан малды сугаруу, кайрак жерлерге суу жеткирүү максатын көздөйт", — деп жазылган маалыматта. Буга чейин Кадамжайда дагы пилоттук негизде жасалма мөңгү тоңдурулганы жана аны облуска тегиз жайылтуу максатталып жатканы кошумчаланды.
Жакында борбор калаада эки оюн-зоок паркы пайда болот. Маалыматка ылайык, Жукеев-Пудовкин жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде өзгөчө аттракциондор курулуп жатат. Паркты алты айдын ичинде ачуу пландалууда. Ал эми Асанбай кичи районундагы сейил бак да оңдоо үчүн жабылган. Буга чейин бишкектиктерге ал жерге күн дөңгөлөгү курулары убадаланган. Аймак тосмо менен курчалып турат, бирок курулуш иштери жүрүп жатканы байкалбайт.
2025-жылдын 1-январына карата "Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоорунун алкагында 12 миң 108 айылдык товар өндүрүүчүгө жеңилдетилген насыя берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, насыянын көлөмү 4 млрд 861 млн 71 миң сомду түздү. Анын ичинен: "Мал чарбачылык" тармагы боюнча – 4 млрд 379 млн 99 сом сом суммасында 10 миң 664 субъектке; "Өсүмдүк өстүрүүчүлүк" тармагы боюнча – 481 млн 72 миң сом суммасында 1 миң 444 субъектке берилди. Аталган долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ААКтар катышууда. Каржылоонун көлөмү 5 млрд сомду түзөтМамлекеттик электрондук кызматтар порталынын колдонуучуларынын саны 2 миллиондон ашты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч долбоор ишке киргенден бери акыркы 5 жыл аралыгында жетишилди. Бүгүнкү күндө портал аркылуу 171 кызмат көрсөтүлөт, ал эми күн сайын 50 миңге жакын кызмат колдонулууда. Портал жана "Түндүк" мобилдик колдонмосу мамлекеттик кызматтарды ар бир адам үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылууда.Жайыттардагы суу таңсыктыгын чечүү максатында Баткенде үч жасалма мөңгү тоңдурулду. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, мөңгүлөр Лейлектин Сумбула, Баткен районунун Кайыңды жана Газ айылдарында тоңдурулган."Мөңгү тоңдуруу иш-аракеттери жергиликтүү бийлик менен жайыт комитеттеринин, бейөкмөт уюмдардын климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорунун алкагында ишке ашырылууда. Жасалма мөңгү жайыттарда суу таңсыктыгы көйгөйүн чечүүнүн жолу катары каралууда. Тагыраагы, жайыттарды жакшыртуу, эрте жазда жайлоого чыккан малды сугаруу, кайрак жерлерге суу жеткирүү максатын көздөйт", — деп жазылган маалыматта. Буга чейин Кадамжайда дагы пилоттук негизде жасалма мөңгү тоңдурулганы жана аны облуска тегиз жайылтуу максатталып жатканы кошумчаланды.Жакында борбор калаада эки оюн-зоок паркы пайда болот. Маалыматка ылайык, Жукеев-Пудовкин жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде өзгөчө аттракциондор курулуп жатат. Паркты алты айдын ичинде ачуу пландалууда. Ал эми Асанбай кичи районундагы сейил бак да оңдоо үчүн жабылган. Буга чейин бишкектиктерге ал жерге күн дөңгөлөгү курулары убадаланган. Аймак тосмо менен курчалып турат, бирок курулуш иштери жүрүп жатканы байкалбайт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/11/1091465107_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9268c12272a5c7c4d6443339d9714378.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио