https://sputnik.kg/20250109/1091307244.html
On air
On air
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин токтому менен чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жокторго 2025-жылга карата иммиграциялык квота аныкталды. Ага ылайык, республика боюнча 1... 09.01.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-01-09T09:00+0600
2025-01-09T09:00+0600
2025-01-09T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/01/09/1091307112_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_fb9a1a2faaef4b1da71c73a967ad28c4.jpg
On air
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин токтому менен чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жокторго 2025-жылга карата иммиграциялык квота аныкталды. Ага ылайык, республика боюнча 1 100 квота бөлүнгөн. Анын ичинен 300ү Бишкекке, 100ү Ошко туура келет. Белгилей кетсек, былтыр 400 адамга гана квота берилген. Анын ичинен борбор калаадан 100, ал эми Оштон 30 бөлүнгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чатырдагы муз адам өмүрүнө кооптуу экендигин эскертти. Мекеменин маалыматына ылайык, кыш мезгилинде жана эрте жазда абанын табы кескин түрдө жогорулап, кайра төмөндөгөндө бак-дарактардын бутагында, жарнама калкандарда муздар пайда болот. Бул көрүнүшкө чоңдор көп көңүл бурбай шаша-буша жол уласа, кичинекей балдар аны түшүрүп ойногонго кызыгышат. Катуу жана учтуу муз кокустан адамдын башына түшсө, арты өкүнүчтүү бүтөрүн эстен чыгарбоо зарыл. Мындан улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жол жээгинде бара жатканда имараттын дубалына жакын баспоону, чатырдын карнизинин астына турбоону, балдардын пайда болгон муздарды сындырып ойноосуна жол бербөөгө ошондой эле сыртка чыгып жатканда үйүңүздүн, имараттын чатырына чогулган кардын көлөмүнө көңүл буруу сыяктуу эрежелерди эске алууну сунуштайт.
Бишкекте чылым чегүүгө каршы рейд өтүп, мыйзам бузгандарга 200 миң сом айып салынды. Муниципалитеттен билдиришкендей, рейд учурунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу талабын бузган, тамактануучу жана көңүл ачуучу жайлар текшерилди. Жалпысынан 30 объект текшерилип, 4 протокол түзүлүп, 12 санитардык көрсөтмө берилди. Маалыматта белгиленгендей, рейддин жүрүшүндө 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Ноокен районунда жаңы заманбап вакцина сактоочу кампа ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Ноокен райондук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашып, жалпы 3 млн 923 миң 198 сом акча каражаты сарпталды. Анын ичинен 3 млн 523 миң 198 сом фонд тарабынан бөлүнсө, 400 миң сом Ноокен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөлдөө борборунун өздүк салымына туура келди. Ноокен районунун калкынын саны 171 миң 275ке жетип, өсүп жаткандыктан, вакцина сактоо шарттарын жакшыртуу зарылдыгы пайда болгон.
Молдова Кыргызстандын авиакомпанияларынын ишмердүүлүгүнө тыюу салууну мерчемдөөдө. Тиешелүү документти аталган өлкөнүн Инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Долбоордун максаты — улуттук мыйзамдарды Европа биримдигинин нормаларына шайкеш келтирүү. Ага ылайык, Кыргызстан, Россия, Армения, Афганстан, Иран жана башка болуп жалпы 20дан ашык өлкөнүн авиакомпанияларына тыюу салуу максатталган. Документ 9-январга чейин талкууда болот. Аны кабыл алгандан кийин Кыргызстандын 16 компаниясынын ишмердүүлүгүнө Молдовада тыюу салынат. Алардын көпчүлүгү жүк ташуучу компаниялар.
Министрлер кабинетинин токтому менен чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жокторго 2025-жылга карата иммиграциялык квота аныкталды. Ага ылайык, республика боюнча 1 100 квота бөлүнгөн. Анын ичинен 300ү Бишкекке, 100ү Ошко туура келет. Белгилей кетсек, былтыр 400 адамга гана квота берилген. Анын ичинен борбор калаадан 100, ал эми Оштон 30 бөлүнгөн.Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чатырдагы муз адам өмүрүнө кооптуу экендигин эскертти. Мекеменин маалыматына ылайык, кыш мезгилинде жана эрте жазда абанын табы кескин түрдө жогорулап, кайра төмөндөгөндө бак-дарактардын бутагында, жарнама калкандарда муздар пайда болот. Бул көрүнүшкө чоңдор көп көңүл бурбай шаша-буша жол уласа, кичинекей балдар аны түшүрүп ойногонго кызыгышат. Катуу жана учтуу муз кокустан адамдын башына түшсө, арты өкүнүчтүү бүтөрүн эстен чыгарбоо зарыл. Мындан улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жол жээгинде бара жатканда имараттын дубалына жакын баспоону, чатырдын карнизинин астына турбоону, балдардын пайда болгон муздарды сындырып ойноосуна жол бербөөгө ошондой эле сыртка чыгып жатканда үйүңүздүн, имараттын чатырына чогулган кардын көлөмүнө көңүл буруу сыяктуу эрежелерди эске алууну сунуштайт. Бишкекте чылым чегүүгө каршы рейд өтүп, мыйзам бузгандарга 200 миң сом айып салынды. Муниципалитеттен билдиришкендей, рейд учурунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу талабын бузган, тамактануучу жана көңүл ачуучу жайлар текшерилди. Жалпысынан 30 объект текшерилип, 4 протокол түзүлүп, 12 санитардык көрсөтмө берилди. Маалыматта белгиленгендей, рейддин жүрүшүндө 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Ноокен районунда жаңы заманбап вакцина сактоочу кампа ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Ноокен райондук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашып, жалпы 3 млн 923 миң 198 сом акча каражаты сарпталды. Анын ичинен 3 млн 523 миң 198 сом фонд тарабынан бөлүнсө, 400 миң сом Ноокен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөлдөө борборунун өздүк салымына туура келди. Ноокен районунун калкынын саны 171 миң 275ке жетип, өсүп жаткандыктан, вакцина сактоо шарттарын жакшыртуу зарылдыгы пайда болгон. Молдова Кыргызстандын авиакомпанияларынын ишмердүүлүгүнө тыюу салууну мерчемдөөдө. Тиешелүү документти аталган өлкөнүн Инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Долбоордун максаты — улуттук мыйзамдарды Европа биримдигинин нормаларына шайкеш келтирүү. Ага ылайык, Кыргызстан, Россия, Армения, Афганстан, Иран жана башка болуп жалпы 20дан ашык өлкөнүн авиакомпанияларына тыюу салуу максатталган. Документ 9-январга чейин талкууда болот. Аны кабыл алгандан кийин Кыргызстандын 16 компаниясынын ишмердүүлүгүнө Молдовада тыюу салынат. Алардын көпчүлүгү жүк ташуучу компаниялар.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/09/1091307112_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f6e1a508938b5d646c1667feb43958d1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио