https://sputnik.kg/20241213/1090788828.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылдын 1-январынан тарта “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору ишке кирет. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык... 13.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-13T08:59+0600
2024-12-13T08:59+0600
2024-12-13T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0d/1090788696_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_195a7c1ae274ae095a75ded46adca378.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
2025-жылдын 1-январынан тарта “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору ишке кирет. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоордун максаты – жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү менен кичи товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Долбоор 5 жыл иштеп, республикалык бюджеттен, «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» тарабынан каржыланат. Алсак, мал жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенген бирдиктүү товар өндүрүүчүлөр үчүн кредиттик каражаттар 25 миллион сомго чейин 6 пайыздык үстөк менен 6 айга берилет. Ал эми товар өндүрүүчүлөрдүн бирикмелери менен кластердик бирикмелерди түзгөн кайра иштетүү өнөр жайынын ишканалары 6 айга 6 пайыз менен 150 миллион сомго чейин каражат ала алат.
Өлкөдө ички каттамдар жакшырып, бул туризмдин өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүүдө. Бул тууралуу Туризм департаментинин укуктук камсыздоо жана маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси Нургазы Тойчуев билдирди. Анын айтымында, ыңгайлуу транспорт каражаттары — эс алуучулардын негизги талаптарынын бири. "Өлкөдө ички аба каттамдарынын көбөйүп жатканы туризмге жакшы таасир берет. Эс алуучулар үчүн бир дубандан экинчи аймакка барганда ыңгайлуу жетишине шарт түзүлөт, убакытты үнөмдөйт. Ошондой эле чет өлкөлүк туристтерге дагы ыңгайлуулукту жаратат. Бизге чет элдик туристтер "Манас" аэропорту аркылуу келишет. Андан нары, мисалы, Караколго же Ошко ички каттамдагы учактар менен жетип алышат", — деди Тойчуев. Ошондой эле ал быйыл кышкы туризмге бүгүн, 13-декабрда расмий старт берилерин кошумчалады.
Өлкөдөгү 1871 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчанын ичинен 1186 бала бакчага видеокөзөмөлдөр орнотулду. Билим жана илим министрлигинен билдиришкендей, Баткен облусунда 81 бала бакчада, Ош облусунда – 369, Ош шаарында – 51, Жалал-Абад облусунда – 230, Чүй облусунда – 79, Бишкек шаарында – 115, Ысык-Көл облусунда – 87, Нарын облусунда – 121, Талас облусунда – 53 бала бакчада видеокөзөмөлдөр коюлду. Калган 685 бала бакчада да видеокөзөмолдөрдү тез арада орнотуу талабы коюлду.
КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын Кеңеши Москвада өткөн жыйындын соңу менен 2025-жылы Шериктештик өлкөлөрүнүн абадан кол салуудан коргой турган бирдиктүү системасын түзүүгө жана аны өнүктүрүүгө каражат бөлүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Документтерге кол коюу аземинде, мындан тышкары, КМШ мамлекеттеринин коргоо министрлер кеңешинин алдындагы абадан кол салуудан коргонуу боюнча координациялык комитеттин ишмердүүлүгүн камсыздоо да макулдашылган. КМШ премьерлер Кеңешинин жыйыны Москвада Россия өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин төрагалыгы менен өттү.
2025-жылдын 1-январынан тарта “Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо” долбоору ишке кирет. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоордун максаты – жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү менен кичи товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат. Долбоор 5 жыл иштеп, республикалык бюджеттен, «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» тарабынан каржыланат. Алсак, мал жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк менен алектенген бирдиктүү товар өндүрүүчүлөр үчүн кредиттик каражаттар 25 миллион сомго чейин 6 пайыздык үстөк менен 6 айга берилет. Ал эми товар өндүрүүчүлөрдүн бирикмелери менен кластердик бирикмелерди түзгөн кайра иштетүү өнөр жайынын ишканалары 6 айга 6 пайыз менен 150 миллион сомго чейин каражат ала алат. Өлкөдө ички каттамдар жакшырып, бул туризмдин өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүүдө. Бул тууралуу Туризм департаментинин укуктук камсыздоо жана маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси Нургазы Тойчуев билдирди. Анын айтымында, ыңгайлуу транспорт каражаттары — эс алуучулардын негизги талаптарынын бири. "Өлкөдө ички аба каттамдарынын көбөйүп жатканы туризмге жакшы таасир берет. Эс алуучулар үчүн бир дубандан экинчи аймакка барганда ыңгайлуу жетишине шарт түзүлөт, убакытты үнөмдөйт. Ошондой эле чет өлкөлүк туристтерге дагы ыңгайлуулукту жаратат. Бизге чет элдик туристтер "Манас" аэропорту аркылуу келишет. Андан нары, мисалы, Караколго же Ошко ички каттамдагы учактар менен жетип алышат", — деди Тойчуев. Ошондой эле ал быйыл кышкы туризмге бүгүн, 13-декабрда расмий старт берилерин кошумчалады. Өлкөдөгү 1871 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчанын ичинен 1186 бала бакчага видеокөзөмөлдөр орнотулду. Билим жана илим министрлигинен билдиришкендей, Баткен облусунда 81 бала бакчада, Ош облусунда – 369, Ош шаарында – 51, Жалал-Абад облусунда – 230, Чүй облусунда – 79, Бишкек шаарында – 115, Ысык-Көл облусунда – 87, Нарын облусунда – 121, Талас облусунда – 53 бала бакчада видеокөзөмөлдөр коюлду. Калган 685 бала бакчада да видеокөзөмолдөрдү тез арада орнотуу талабы коюлду. КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын Кеңеши Москвада өткөн жыйындын соңу менен 2025-жылы Шериктештик өлкөлөрүнүн абадан кол салуудан коргой турган бирдиктүү системасын түзүүгө жана аны өнүктүрүүгө каражат бөлүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Документтерге кол коюу аземинде, мындан тышкары, КМШ мамлекеттеринин коргоо министрлер кеңешинин алдындагы абадан кол салуудан коргонуу боюнча координациялык комитеттин ишмердүүлүгүн камсыздоо да макулдашылган. КМШ премьерлер Кеңешинин жыйыны Москвада Россия өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин төрагалыгы менен өттү.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0d/1090788696_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_61ea0ae22daa75b1a6fd797c990cf96f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио