00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Россияга барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, ал 12-13-декабрда КМШнын жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат. "Жыйындардын жүрүшүндө интеграциялык бирикмелердин алкагындагы экономикалык кызматташуу, маданий-гуманитардык байланыш жана башка маселелер талкууланат" — деп айтылат маалыматта.
Бишкекте бычак менен куралданган беткапчандар адамдарды тоноп кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга саат 17:00 чамасында Чокморов көчөсүндө белгисиз адамдар мушташып жатканы боюнча маалымат түшкөн. “Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Кол салгандар Ford Focus автоунаасы менен качып кеткени аныкталды. Алар акча каражатын тоноп кетишкен, жабыркагандар бар”, — деп айтылат маалыматта. АКИpress агенттиги бөлүшкөн видеого караганда, кылмышкерлер экөө болгон. Аларга каршылык көрсөтүлүп, бирок кийин шериктери жардамга келгенин көрүүгө болот. "Перехват" планы жарыяланып, борбордук милициянын өздүк курамына багыттамалар берилгени кошумчаланды. Укук коргоо органдарындагы маалымат булактар кол салуу акча алмаштыруу жайынын кызматкерлерине жасалганын билдиришти. Алардын 31 миллион рублден ашык акчасы тонолгону айтылды.
"Евразия" уюму Ленин айылындагы 2 миңден ашык бала окуган мектепке автобус тартуулады. Айыл башчысы Гүлкайыр Ниязованын айтымында, окуучулардын көпчүлүгү мектепке алыстан келет. Бул өз кезегинде, өзгөчө кышкысын кыйын экенин белгиледи. "Жаңы автобус туруктуу маршрут менен иштеп, балдар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз болушун кепилдейт", — деди Ниязова. Автобус 20 орунга ылайыкталып, бардык коопсуздук талаптарына жооп берет. Аны "Евразия. Кыргызстан" коомдук фондунун жетекчиси Кымбат Урумкулова тапшырды. "Бул долбоор аркылуу "Евразия" уюму Кыргызстандагы мектептерге 100 автобус тартуулады. Жардам билим берүү процессине гана эмес, спорт, туризм, илим жана маданият сыяктуу башка тармактардын да өнүгүүсүнө салым кошоруна ишенебиз", — деди Урумкулова. Мындан тышкары, 2024-жылдын сентябрында "Евразия" уюму жана Кыргызстандын ортосунда кызматташуу келишими түзүлүп, өлкө салтуу баалуулуктар платформасына кошулган. Уюм Бишкек жана Кызыл-Кыяда мектептерди салууга жана оңдоого, ошондой эле Раззаков шаарында стадион жана спорт зал курууга көмөктөшөт.
Владимир Зеленский Рождество маалында Россия менен элдешүү жана туткундарды алмашуу боюнча сунушту четке какты. Бул тууралуу Венгриянын премьери Виктор Орбан соцтармактагы баракчасына жазганын РИА Новости жазды. "Венгрия ЕБдеги төрагалыгынын соңунда тынчтык орнотуу үчүн жаңы кадамдарга барды. Рождество учурунда ок атпай, туткундар менен алмашууну сунуштадык. Зеленскийдин баш тартканы кейиштүү болду. Колубуздан келгендин баарын жасадык!" — деп жазган Орбан. Өлкөнүн ТИМ жетекчиси Петер Сийярто Орбан мындай сунушту Россия президенти Владимир Путинге да телефондон сүйлөшүп жатып бергенин кабарлады.
Жаңылыктар түрмөгү
0