https://sputnik.kg/20241211/1090747426.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
11-13-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын Москва шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер... 11.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-11T11:00+0600
2024-12-11T11:00+0600
2024-12-11T17:00+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0b/1090747294_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c864b944f16d61745b64acf35bfc5b3b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
11-13-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын Москва шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат. КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюу менен мындан аркы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде транспорттук комплексти санариптик трансформациялоо жаатында, пенитенциардык кызматтар үчүн кадрларды даярдоо маселелери талкууланат, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин өз ара соодасындагы тоскоолдуктар, 2025–2026-жылдарга карата КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтыгы жаатында жана башка маселелер каралат. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында өнөр жай тармактарындагы биргелешкен кызматташуу долбоорлоруна каржылык жардам көрсөтүү, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү жаатындагы маселелер каралат.
Евразия” бейөкмөт уюму жана Россиянын Билим берүү министрлигинин биргелешкен долбоорунун алкагында Россиядан келген жаш мугалимдер Кыргызстандын мектептеринде ар кандай предметтер боюнча орус тилинде сабак беришет. Мамлекеттик Думанын депутаты, “Евразия” уюмунун Кеңешинин төрайымы Алена Аршинова белгилегендей, уюм Россиянын континент өлкөлөрү менен кызматташтыгын кеңейтүүгө жана билим берүү программаларын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга ар дайым даяр.Евразия" автономиялуу бейөкмөт уюму — улуттар аралык мамилени илгерилетүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруучу коммерциялык эмес уюм. Максаты — элдердин улуттук иденттүүлүгүн сактоо менен постсоветтик аймактагы интеграциялык процесстерди бекемдөө. Уюмдун башкы багыттарынын бири окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо болуп саналат.
Баткен облусунун Баткен районундагы Зардалы айылына электр жарыгы берилди. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Зардалы айылындагы 56 турак үйгө, 2 мечит, 1 мектеп, 1 ФАП жана 1 чек ара тозотуна күн панелдери орнотулуп бүтүп, электр энергиясы берилди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жеке көзөмөлү менен айылга минималдуу кубаттуулугу 303 кВт болгон автономдуу күн фотоэлектр станциясы орнотулду. Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Баткен облусунун Зардалы айылына барган. Мамлекет башчысы алдыда айылга барчу жолдун курулушу башталарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөөрүн айтып, тийиштүү жетекчилерге тапшырма койгон. Натыйжада эки ай аралыгында айылга күн панелдери орнотулуп, электр энергиясы берилди.
Сирия өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнүн өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткарып жаткан Мухаммед аль-Башир билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Шейшембиде өкмөттүн башчылыгына дайындалган Аль-Башир өкмөттүн азыркы милдети өлкөнүн чачырап кетпешинин алдын алып, элди тейлөөнү камсыздоо үчүн мамлекеттик институттардын туруктуулугу менен коопсуздугун сактоо экенин айткан. Бул өкмөт министрлердин жаңы кабинети түптөлгөнгө чейин иштейт. Аль-Башир учурда министрлер кабинетинин мурдагы курамына ишеним артарын, анткен менен өкмөттүн алдында бир топ маселелер турганын белгилеген.
11-13-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын Москва шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат. КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюу менен мындан аркы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде транспорттук комплексти санариптик трансформациялоо жаатында, пенитенциардык кызматтар үчүн кадрларды даярдоо маселелери талкууланат, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин өз ара соодасындагы тоскоолдуктар, 2025–2026-жылдарга карата КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтыгы жаатында жана башка маселелер каралат. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында өнөр жай тармактарындагы биргелешкен кызматташуу долбоорлоруна каржылык жардам көрсөтүү, Евразия экономикалык биримдигинин алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү жаатындагы маселелер каралат. Евразия” бейөкмөт уюму жана Россиянын Билим берүү министрлигинин биргелешкен долбоорунун алкагында Россиядан келген жаш мугалимдер Кыргызстандын мектептеринде ар кандай предметтер боюнча орус тилинде сабак беришет. Мамлекеттик Думанын депутаты, “Евразия” уюмунун Кеңешинин төрайымы Алена Аршинова белгилегендей, уюм Россиянын континент өлкөлөрү менен кызматташтыгын кеңейтүүгө жана билим берүү программаларын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга ар дайым даяр.Евразия" автономиялуу бейөкмөт уюму — улуттар аралык мамилени илгерилетүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруучу коммерциялык эмес уюм. Максаты — элдердин улуттук иденттүүлүгүн сактоо менен постсоветтик аймактагы интеграциялык процесстерди бекемдөө. Уюмдун башкы багыттарынын бири окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо болуп саналат.Баткен облусунун Баткен районундагы Зардалы айылына электр жарыгы берилди. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Зардалы айылындагы 56 турак үйгө, 2 мечит, 1 мектеп, 1 ФАП жана 1 чек ара тозотуна күн панелдери орнотулуп бүтүп, электр энергиясы берилди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жеке көзөмөлү менен айылга минималдуу кубаттуулугу 303 кВт болгон автономдуу күн фотоэлектр станциясы орнотулду. Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Баткен облусунун Зардалы айылына барган. Мамлекет башчысы алдыда айылга барчу жолдун курулушу башталарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөөрүн айтып, тийиштүү жетекчилерге тапшырма койгон. Натыйжада эки ай аралыгында айылга күн панелдери орнотулуп, электр энергиясы берилди. Сирия өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнүн өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткарып жаткан Мухаммед аль-Башир билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Шейшембиде өкмөттүн башчылыгына дайындалган Аль-Башир өкмөттүн азыркы милдети өлкөнүн чачырап кетпешинин алдын алып, элди тейлөөнү камсыздоо үчүн мамлекеттик институттардын туруктуулугу менен коопсуздугун сактоо экенин айткан. Бул өкмөт министрлердин жаңы кабинети түптөлгөнгө чейин иштейт. Аль-Башир учурда министрлер кабинетинин мурдагы курамына ишеним артарын, анткен менен өкмөттүн алдында бир топ маселелер турганын белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0b/1090747294_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3916b134bba1111fa680cb91a6f28394.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио