https://sputnik.kg/20241210/1090710663.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 9-декабрдагы жыйынында «Тамак-аш продукциясынын... 10.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-10T09:00+0600
2024-12-10T09:00+0600
2024-12-10T10:00+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0a/1090710531_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_503b3a0f6bf7cff92bdd47d6f69af54e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 9-декабрдагы жыйынында «Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө», «Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Демилгечилер депутаттар тобу. Демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, мыйзам долбоорлору калк арасында топтук жугуштуу ооруларды, тамак-аштан массалык түрдө ууланууларды болтурбоо максатында иштелип чыккан. Долбоорго ылайык, жеке адамдар үчүн айып пул 50 миң сомго, юридикалык жактар үчүн 100 миң сомго чейин көбөйтүлүшү мүмкүн. Бул коопсуздук чаралары тамак-аш ууланууларынын жана жугуштуу оорулардын алдын алууга багытталган.Парламенттин бюджет жана экономика боюнча комитети азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн айып пулдарды көбөйтүү тууралуу мыйзам долбоорлорун буга чейин колдогон.
Баткендин Кадамжай районунун Майдан айылында Фергана өрөөнүндө эрте эскертүү системасынын метеостанциясы ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Фергана өрөөнү – Борбордук Азиядагы калкы жыш жайгашкан жана климаттык коркунучтарга өзгөчө дуушар болгон аймактардын бири. Аймакта суу ташкындары, селдер жана жер көчкүлөр сыяктуу табигый кырсыктар көп катталат. Майдан айылында жайгашкан жаңы метеостанция табигый коркунучтарды убагында аныктоо, маалыматтарды чогултуу жана талдоо аркылуу алдын ала божомолдорду жакшыртууга, ошондой эле ыкчам чара көрүүгө шарт түзөт. Бул долбоор Европа биримдиги тарабынан каржыланган БУУнун өнүктүрүү программасынын «Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшү жана туруктуулук» программасынын алкагында ишке ашырылды.
Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган Газиантеп шаарында жаштар менен жолугуп саясий айдыңдагы жолунун узактыгы жана тажрыбайсынын молдугу боюнча дүйнөдө эки гана саясатчы бардыгын, алар — өзү жана Владимир Путин экендигин айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Лидерлер тууралуу айтсак... Дүйнөдө мен жана Путин мырза гана калды. Силердин алдыңарда турган кишиники 22 жыл (саясаттагы жолу — ред.), урматтуу Путиндики да ошого барат", — деген Эрдоган. Ал жакынкы эки-үч ай Түркия жана дүйнө үчүн "өтө маанилүү" болорун белгилеген. Эрдогандын айтымында, мындан улам Анкара зарыл деген чараларды көрүп жатат. Мамлекет башчы ал эмне кадамдар экендигин ачыктаган жок.
Америка Кошмо Штаттары НАТОнун калган мүчөлөрү да аяльска мүчө акынын деңгээлин сактап турса гана уюмдун курамында калат. Бул тууралуу жаңы шайланган президент Дональд Трамп NBC News телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Эгер алар эсебин төлөсө — калабыз", — деген Трамп берилген суроого жооп берип жатып. Буга чейин да президент болгон Дональд Трамп 5-ноябрда өткөн шайлоодо жеңишке ээ болгон. Ал XIX кылымдан бери Ак үйгө кайтып келген биринчи саясатчы болуп калды. Тандоочулардын коллегиясы 17-декабрда
Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин 9-декабрдагы жыйынында «Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө», «Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Демилгечилер депутаттар тобу. Демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, мыйзам долбоорлору калк арасында топтук жугуштуу ооруларды, тамак-аштан массалык түрдө ууланууларды болтурбоо максатында иштелип чыккан. Долбоорго ылайык, жеке адамдар үчүн айып пул 50 миң сомго, юридикалык жактар үчүн 100 миң сомго чейин көбөйтүлүшү мүмкүн. Бул коопсуздук чаралары тамак-аш ууланууларынын жана жугуштуу оорулардын алдын алууга багытталган.Парламенттин бюджет жана экономика боюнча комитети азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн айып пулдарды көбөйтүү тууралуу мыйзам долбоорлорун буга чейин колдогон.Баткендин Кадамжай районунун Майдан айылында Фергана өрөөнүндө эрте эскертүү системасынын метеостанциясы ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Фергана өрөөнү – Борбордук Азиядагы калкы жыш жайгашкан жана климаттык коркунучтарга өзгөчө дуушар болгон аймактардын бири. Аймакта суу ташкындары, селдер жана жер көчкүлөр сыяктуу табигый кырсыктар көп катталат. Майдан айылында жайгашкан жаңы метеостанция табигый коркунучтарды убагында аныктоо, маалыматтарды чогултуу жана талдоо аркылуу алдын ала божомолдорду жакшыртууга, ошондой эле ыкчам чара көрүүгө шарт түзөт. Бул долбоор Европа биримдиги тарабынан каржыланган БУУнун өнүктүрүү программасынын «Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшү жана туруктуулук» программасынын алкагында ишке ашырылды.Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган Газиантеп шаарында жаштар менен жолугуп саясий айдыңдагы жолунун узактыгы жана тажрыбайсынын молдугу боюнча дүйнөдө эки гана саясатчы бардыгын, алар — өзү жана Владимир Путин экендигин айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Лидерлер тууралуу айтсак... Дүйнөдө мен жана Путин мырза гана калды. Силердин алдыңарда турган кишиники 22 жыл (саясаттагы жолу — ред.), урматтуу Путиндики да ошого барат", — деген Эрдоган. Ал жакынкы эки-үч ай Түркия жана дүйнө үчүн "өтө маанилүү" болорун белгилеген. Эрдогандын айтымында, мындан улам Анкара зарыл деген чараларды көрүп жатат. Мамлекет башчы ал эмне кадамдар экендигин ачыктаган жок.Америка Кошмо Штаттары НАТОнун калган мүчөлөрү да аяльска мүчө акынын деңгээлин сактап турса гана уюмдун курамында калат. Бул тууралуу жаңы шайланган президент Дональд Трамп NBC News телеканалына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды. "Эгер алар эсебин төлөсө — калабыз", — деген Трамп берилген суроого жооп берип жатып. Буга чейин да президент болгон Дональд Трамп 5-ноябрда өткөн шайлоодо жеңишке ээ болгон. Ал XIX кылымдан бери Ак үйгө кайтып келген биринчи саясатчы болуп калды. Тандоочулардын коллегиясы 17-декабрда
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/0a/1090710531_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3f028b66bf354d9498c78ff493bb97d8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио