https://sputnik.kg/20241209/1090688426.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Мунарбек Сейитбек Эл аралык бокс ассоциациясы 50 миң доллар бердиБашар Асад үй-бүлөсү менен Москвага келгени айтылды"Сосновка" постундагы оор жүк ташуучу... 09.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-09T11:00+0600
2024-12-09T11:00+0600
2024-12-09T11:25+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/09/1090688294_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_51a0b8f1fad7e23ea5d7ec141f1b55f1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Мунарбек Сейитбек Эл аралык бокс ассоциациясы 50 миң доллар бердиБашар Асад үй-бүлөсү менен Москвага келгени айтылды"Сосновка" постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды"Сосновка" постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, жүк ташуучу автоунаалар 9:00дөн татып өткөрүлө баштаган. "Бишкек — Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө 9-декабрда саат 09:00дө алынды", — деп жазылган маалыматта. Белгилей кетсек, убактылуу чектөө кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу 8-декабрда киргизилген.
Бокс боюнча эл аралык ассоциация (IBA) Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна 50 миң доллар тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Бокс федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, сыйлык Дубайда өткөн Глобалдык бокс конгрессинде тапшырылган. "Бокс боюнча эл аралык ассоциациянын президенти Умар Кремлев Олимпиаданын медаль ээлерин сыйлады. Алардын арасында Мунарбек Сейитбек уулу дагы бар. Ал бокстун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыйланды", — деп айтылат маалыматта. Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасынын күмүш медалын багындырып, тарых жараткан.
Украина сүйлөшүүлөрдөн баш тартуусун улантууда жана позициясын өзгөрткөн жок. Бул тууралуу Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн шарттарын мурда Владимир Путин жарыялаганын эске салды. Песков Россия Трамптын Парижде Макрон жана Зеленский менен жолугушкандан кийин жасаган билдирүүсүн карап чыкканын билдирди. АКШнын жаңы шайланган президенти Зеленский менен Украинанын келишим түзүү каалоосу бар экенин айткан. Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу тез арада атышууну токтотуу жана сүйлөшүүлөрдү баштоо зарылдыгын белгиледи.
Израиль армиясы өткөн жекшембиде Голан дөңсөөсүнөн өтүп, Сириянын аймагына кирип барды. Бул Израилдин жарым кылымдан бери биринчи ирет жасап жаткан кол салуусу экенин New York Times басылмасы жазды. "Өткөн дем алышта Израилдин жөө аскерлери делиматация болгон чектен чыгып кетти, бул 1973-жылкы Октябрь революциясы согушунан бери биринчи жолу ачык кирип келиши", — деп айтылат маалыматта. Кырдаал тууралуу айтып берген аткаминерлер Тель-Авив Сириянын куралданган оппозициясы Голан дөңсөөсүнүн жанындагы аскердик объектилерди колуна алып, андан соң Израилге каршы чабуул жасашынан кооптонгонун билдиришкен.
Сириянын отставкадагы президенти Башар Асад жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Москвага келди. Бул тууралуу РИА Новости Кремлдеги маалымат булагына таянып жазды. “Сириянын президенти Асад жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Москвага келишти. Россия аларга гуманитардык негизде башпаанек берди”, - деген агенттиктин маектеши. Сирияда учурда кырдаал тынч эмес. Өлкөнүн аскерлери Дамасктан чыгып кетип, борбордук телеканалдын имаратын куралданган оппозиция ээлеп алганын Al Jazeera жазды. Алар түз эфирге чыгып, мамлекетке көзөмөл орнотконун, Дамаскты башкарарын билдиришкен. Өлкөдөгү кырдаалдан улам президент Башар Асад 8-декабрга караган түнү Дамасктан чыгып, белгисиз тарапка учуп кеткени айтылган. Кийинчерээк Асад бараткан Ил-76 учагы радардан көрүнбөй калганы да кабарланган болчу.
Мунарбек Сейитбек Эл аралык бокс ассоциациясы 50 миң доллар бердиБашар Асад үй-бүлөсү менен Москвага келгени айтылды"Сосновка" постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды"Сосновка" постундагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, жүк ташуучу автоунаалар 9:00дөн татып өткөрүлө баштаган. "Бишкек — Ош унаа жолунун "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө 9-декабрда саат 09:00дө алынды", — деп жазылган маалыматта. Белгилей кетсек, убактылуу чектөө кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу 8-декабрда киргизилген.Бокс боюнча эл аралык ассоциация (IBA) Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Мунарбек Сейитбек уулуна 50 миң доллар тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Бокс федерациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, сыйлык Дубайда өткөн Глобалдык бокс конгрессинде тапшырылган. "Бокс боюнча эл аралык ассоциациянын президенти Умар Кремлев Олимпиаданын медаль ээлерин сыйлады. Алардын арасында Мунарбек Сейитбек уулу дагы бар. Ал бокстун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн сыйланды", — деп айтылат маалыматта. Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасынын күмүш медалын багындырып, тарых жараткан.Украина сүйлөшүүлөрдөн баш тартуусун улантууда жана позициясын өзгөрткөн жок. Бул тууралуу Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ал тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн шарттарын мурда Владимир Путин жарыялаганын эске салды. Песков Россия Трамптын Парижде Макрон жана Зеленский менен жолугушкандан кийин жасаган билдирүүсүн карап чыкканын билдирди. АКШнын жаңы шайланган президенти Зеленский менен Украинанын келишим түзүү каалоосу бар экенин айткан. Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу тез арада атышууну токтотуу жана сүйлөшүүлөрдү баштоо зарылдыгын белгиледи. Израиль армиясы өткөн жекшембиде Голан дөңсөөсүнөн өтүп, Сириянын аймагына кирип барды. Бул Израилдин жарым кылымдан бери биринчи ирет жасап жаткан кол салуусу экенин New York Times басылмасы жазды. "Өткөн дем алышта Израилдин жөө аскерлери делиматация болгон чектен чыгып кетти, бул 1973-жылкы Октябрь революциясы согушунан бери биринчи жолу ачык кирип келиши", — деп айтылат маалыматта. Кырдаал тууралуу айтып берген аткаминерлер Тель-Авив Сириянын куралданган оппозициясы Голан дөңсөөсүнүн жанындагы аскердик объектилерди колуна алып, андан соң Израилге каршы чабуул жасашынан кооптонгонун билдиришкен.Сириянын отставкадагы президенти Башар Асад жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Москвага келди. Бул тууралуу РИА Новости Кремлдеги маалымат булагына таянып жазды. “Сириянын президенти Асад жана анын үй-бүлө мүчөлөрү Москвага келишти. Россия аларга гуманитардык негизде башпаанек берди”, - деген агенттиктин маектеши. Сирияда учурда кырдаал тынч эмес. Өлкөнүн аскерлери Дамасктан чыгып кетип, борбордук телеканалдын имаратын куралданган оппозиция ээлеп алганын Al Jazeera жазды. Алар түз эфирге чыгып, мамлекетке көзөмөл орнотконун, Дамаскты башкарарын билдиришкен. Өлкөдөгү кырдаалдан улам президент Башар Асад 8-декабрга караган түнү Дамасктан чыгып, белгисиз тарапка учуп кеткени айтылган. Кийинчерээк Асад бараткан Ил-76 учагы радардан көрүнбөй калганы да кабарланган болчу.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/09/1090688294_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_15e4cf27292af00a2c735a51fcba63e8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио