00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Климт, Кокошка и Шиле – великое трио мирового искусства
14:05
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Кыз бала үчүн... Спортто да гендердик стереотиптер барбы?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө аялдар акысыз медициналык кароодон өттү — алардан кандай оорулар аныкталды?
17:31
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Великие утраты: Мамбет Мамакеев и Эрнст Акрамов, снос "хрущёвок" и Как защитить медиков и навести порядок с электросамокатами?
18:14
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Токтогул суу сактагычына күн менен иштеген эки калкыма электр станциясы курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Министр Таалайбек Ибраевдин Германияга болгон сапарында үч компания менен макулдашууга кол койгон. Станциялардын кубаттуулугу — 612 мегаватт. Курулуш иштери төрт жылга созулары айтылды. "Долбоордун максаты өлкөнүн жашыл энергетика долбоорлоруна инвестицияларды тартуу, электр энергиясын импорттоодон көз карандылыкты кыскартуу, энергетикалык коопсуздугун жана көз каранды эместигин бекемдөө болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Дыйкандарга жакшы шарт түзүлгөндүктөн быйыл башка жылдарга караганда түшүм мол болду. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Туратбек Идрисов билдирди. Анын айтымында, быйыл жалпысынан 724 миң тонна буудай жыйналды. "Ички керектөө 800 миң тонна. Биз быйыл 724 миң тонна жыйнадык. Бирок анын ичинен 150-200 миң тонна үрөн катары колдонулат. Ушуларды эске алганда биздин муктаждык 350-400 миң тоннаны түзөт, ушул көлөм сырттан алып келинет", — деди Идрисов. Ошондой эле ал жетпеген буудай ЕАЭБ өлкөлөрүнөн атайын келишимдердин негизинде арзандатылган баада алынарын кошумчалады.
Ала-Бука районунун Падек айылындагы мектептин имараты сапатсыз курулганына байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, имаратты курууда жана кабыл алууда тиешелүү көзөмөл жүргүзүлбөй, натыйжада 59 миллион 320 миң сомдук курулуш сапатсыз болгону аныкталган. "Пайдубалынын ичине кум-шагыл төгүлбөй, топурак менен толтурулган. Мындан улам кээ бир бөлмөлөрдүн полу 20-40 сантиметрге чейин чөгүп, дубалдар жарылган. Анын кесепетинен окуучуларды кабыл алууга жараксыз болуп жабылган", — деп айтылат маалыматта. Факт боюнча эки берене менен кылмыш иши козголгон.
Израиль менен Ливандын ортосундагы ок атууну токтотуу режими шаршембинин таңынан тарта күчүнө кирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматта аталган чечим Израилдин аскердик-саясий кабинети тарабынан шейшемби күнү кечинде бир добуштан колдоого алынганы айтылат. Израилде ок атылары же дрондордун кириши тууралуу сиреналардын жаңырбай калганына төрт сааттан ашты. Ливандан да ЦАХАЛдын чабуулдары тууралуу маалымат түшө элек. Келишим күчүнө кирер алдында Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, мындай кадамдын себебин түшүндүрүп берген. Анын айтымында, эгер элдешүүнүн шарты "Хезболла" тарабынан бузула турган болсо, Израиль дароо жооп кайтарат. АКШ сунуштаган элдешүүнүн планына ылайык, эми Ливан 60 күндүн ичинде түштүктөгү аймактарын ээлеп, "Хезболланын" инфраструктурасы Литань дарыясынан түндүктү көздөй жылышы керек. Ал эми Израиль бул убакыт аралыгында коңшу өлкөнүн аймагынан куралдуу күчтөрүн толугу менен чыгарып кетиши зарыл. Макулдашууда анын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн АКШ башында турган эл аралык комитет түзүү каралган. Вашингтон Тель-Авивге Ливан тараптан кооптуулук жаралган учурда израилдик аскерлерди колдоо жана "Хезболланын" Ливандын түштүгүнө кайтуу аракетине бөгөт коюу боюнча кепилдик берүүгө макул болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0