00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Утро хорошего дня
Кыргызское кино: покоряя международные фестивали и сердца зрителей
06:04
46 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:58
1 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
On air
23:59
1 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
2 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
0 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
17:57
2 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Тема дня
Сертификация навыков без учебы в колледже: как это работает?
18:05
45 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Айыл чарба азыктарынын экспорттун көбөйтүү үчүн кандай иштер аткарылууда?
23:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Жыл башынан бери өлкө боюнча 5930 миң тонна тоют жыйналды. Бул 2024-2025-жылга мал кыштатууга керектеле турган тоюттун 100 пайызы экени кабарланды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, кесек тоют — 3 710, 8 миң тонна, чыктуу тоют – 270 миң тонна, дан азыктары 1 949,3 миң тонна даярдалды. Чыктуу тоют даярдоого өзгөчө көңүл бурулуп, региондорго түшүндүрүү иштери жеткиликтүү жүргүзүлгөндүгүнүн натыйжасында 2024-жылдын октябр айына карата 269,7 миң тонна силос даярдалды. Бул көрсөткүч 2023-жылдын октябрь айына даярдалган чыктуу тоютка салыштырмалуу 181,1 миң тоннага көп.
Бишкектеги айдоочулар Түштүк магистралда Жетикашкаева көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин автобустар үчүн чийилген тилкеден жүрүүгө болбой турганын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эскертти. Бул тилке менен автоунаалар жайында кечки саат 21:00дөн эртең мененки 7:00гө чейин, кышында 20:00дөн саат 8:00гө чейин гана жүрө алат. Башка учурда ал жактан коомдук транспорт гана каттайт. Азырынча мындай чектөө Токомбаев көчөсүндө иштейт. Буга чейин автобус үчүн сары тилке Абдрахманов көчөсүндө да чийилип, бирок жол оңдолгондо алынган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы асфальт чөгүп кетпеш үчүн азырынча бул көчөдө автобус тилкеси болбой турганын кабарлады. Бишкек мэриясы автобус линиялары үчүн кээ бир көчөлөрдө сары тилке пайда болорун айтса, ЖКККББ аларда чектөө 2025-жылдан тарта киргизилерин кошумчалады.
Свердлов районунун мектептеринде жана бала бакчаларында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тамак-аш азыктарынын ассортиментине, санитардык эрежелердин жана нормалардын сакталышына, ошондой эле өрт коопсуздугунун сакталышына текшерүү уюштурулду. Мэриядан маалымдашкандай, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 14 мектеп жана 14 бакча текшерилди. Ага муниципалдык администрациянын кызматкерлери, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, билим берүү башкармалыгынын жана ӨКМдин адистери катышты. Белгилей кетсек, балдардын билим берүү уюмдарында балдардын тамактануусун уюштурууда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык тамак-аш ченемдери колдонулат.
Бишкектен барган 17 жаштагы ИвАн ТрофИмов Россияда улуттук маданият боюнча өтүп жаткан балдар менен өспүрүмдөрдүн эл аралык "Содружество" фестивалында жеңүүчү болду. Иш-чара Владимир шаарында ноябрдын башында уюштурулуп, ага бир канча мамлекеттен 200гө чукул жамаат катышкан. Трофимов сынактык программада кыргыз тилинде "Кыргызстаным" жана Муслим Магомаевдин репертуарынан аткарды. Бишкектик катышуучу экинчи даражадагы жеңүүчү болду. Россиянын Элдик биримдик күнүндө фестивалдын катышуучулары концерт берди. Ырдап чыккандардын арасында аталган кыргызстандык улан да болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0