https://sputnik.kg/20241030/1089846828.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров беш коопсуздук кызматкерин генералдык чининен ажыратты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Жогорку даражадагы наамды аларга... 30.10.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-10-30T08:59+0600
2024-10-30T08:59+0600
2024-10-30T09:11+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/1e/1089846696_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_fccd82c0cccba79440deacce0fd315df.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров беш коопсуздук кызматкерин генералдык чининен ажыратты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Жогорку даражадагы наамды аларга 2020-жылы 14-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкасынын алдында ыйгарган. Президенттин буйругу менен төмөнкүлөрдүн чини алынды: милициянын генерал-майору Алмазбек Орозалиев — Бишкектин мурунку коменданты; милициянын генерал-майору Мирлан Каниметов; милициянын генерал-майору Малик Нурдинов; милициянын генерал-майору Талантбек Салиев; генерал-майор Санжарбек Эркинбаев.
Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узартты.Мындай чара мүмкүн болушунча көп киши аралыктан добуш берүү мүмкүндүгүн алышы үчүн көрүлүп жатканы белгиленди.Буга чейин катталган жери боюнча шайлоо участкаларында добуш бере албагандар аралыктан добуш бере алары маалымдалган. Шайлоочулар 6-ноябрга чейин tizme.gov.kg сайты аркылуу же 27 жерде уюштурулган добуш берүү пунктуларына арыз берүүсү керек.Сайтта "Шайлоочунун кабинети" кызматы аркылуу электрондук арыз берсе болот. Ал үчүн жүзүнүн биометриясы боюнча же ID-картанын маалыматтары, QR же электрондук кол тамганы колдонуу менен порталга кирүү зарыл.
Кыргызстанга Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын экинчи учагы келет. Бул тууралуу "Манас" аба майданынан кабарлашты.Аталган учак 80 жүргүнчүнү 2000 миң чакырымга чейинки аралыкка ташууга жөндөмдүү. Бийлик бул аба транспорту өлкө ичиндеги каттамдарды аткарарын айтып келет. Компаниянын алгачкы учагы сентябрда келип, учурда ички каттамдарга колдонулууда.
Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу мекеме тараткан маалыматта айтылган.Билдирүүгө ылайык, чечим 29-октябрдан тартып күчүнө кирет. "Инфляциянын жылдык көрсөткүчү былтыркы 7,3 пайыздан 4,6 пайызга түштү. Анын түзүмүндө азык-түлүккө баалардын жылдык өсүш арымы — 2,4 пайыз, башка товарларга — 4,1 пайыз, ал эми кызмат көрсөтүүлөргө баалар 8,4 пайыз деңгээлинде түптөлгөн", — деп айтылат маалыматта. Эсептик чен-өлчөмдү мурдагыдай калтыруу чечими өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөрү белгиленген. Эсептик чен-өлчөм боюнча кийинки отурум 25-ноябрда өтөрү кошумчаланды.
ЕАЭБдин Түштүк Америка өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү дээрлик 30 пайызга өстү. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев менен Аргентинанын Россиядагы элчиси Энрике Игнасио Феррер Виейранын жолугушуусунда белгилүү болду. Январь-июнь айларындагы көрсөткүчтөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алынган. Сагинтаев ЕАЭБ менен Түштүк Америка өлкөлөрүнүн ортосундагы соодалашуунун оң динамикасын белгиледи. Виейра өз кезегинде кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирген.///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүү
Садыр Жапаров беш коопсуздук кызматкерин генералдык чининен ажыратты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Жогорку даражадагы наамды аларга 2020-жылы 14-октябрда Сооронбай Жээнбеков отставкасынын алдында ыйгарган. Президенттин буйругу менен төмөнкүлөрдүн чини алынды: милициянын генерал-майору Алмазбек Орозалиев — Бишкектин мурунку коменданты; милициянын генерал-майору Мирлан Каниметов; милициянын генерал-майору Малик Нурдинов; милициянын генерал-майору Талантбек Салиев; генерал-майор Санжарбек Эркинбаев.Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узартты.Мындай чара мүмкүн болушунча көп киши аралыктан добуш берүү мүмкүндүгүн алышы үчүн көрүлүп жатканы белгиленди.Буга чейин катталган жери боюнча шайлоо участкаларында добуш бере албагандар аралыктан добуш бере алары маалымдалган. Шайлоочулар 6-ноябрга чейин tizme.gov.kg сайты аркылуу же 27 жерде уюштурулган добуш берүү пунктуларына арыз берүүсү керек.Сайтта "Шайлоочунун кабинети" кызматы аркылуу электрондук арыз берсе болот. Ал үчүн жүзүнүн биометриясы боюнча же ID-картанын маалыматтары, QR же электрондук кол тамганы колдонуу менен порталга кирүү зарыл.Кыргызстанга Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын экинчи учагы келет. Бул тууралуу "Манас" аба майданынан кабарлашты.Аталган учак 80 жүргүнчүнү 2000 миң чакырымга чейинки аралыкка ташууга жөндөмдүү. Бийлик бул аба транспорту өлкө ичиндеги каттамдарды аткарарын айтып келет. Компаниянын алгачкы учагы сентябрда келип, учурда ички каттамдарга колдонулууда.Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде калтырды. Бул тууралуу мекеме тараткан маалыматта айтылган.Билдирүүгө ылайык, чечим 29-октябрдан тартып күчүнө кирет. "Инфляциянын жылдык көрсөткүчү былтыркы 7,3 пайыздан 4,6 пайызга түштү. Анын түзүмүндө азык-түлүккө баалардын жылдык өсүш арымы — 2,4 пайыз, башка товарларга — 4,1 пайыз, ал эми кызмат көрсөтүүлөргө баалар 8,4 пайыз деңгээлинде түптөлгөн", — деп айтылат маалыматта. Эсептик чен-өлчөмдү мурдагыдай калтыруу чечими өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөрү белгиленген. Эсептик чен-өлчөм боюнча кийинки отурум 25-ноябрда өтөрү кошумчаланды.ЕАЭБдин Түштүк Америка өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү дээрлик 30 пайызга өстү. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев менен Аргентинанын Россиядагы элчиси Энрике Игнасио Феррер Виейранын жолугушуусунда белгилүү болду. Январь-июнь айларындагы көрсөткүчтөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу алынган. Сагинтаев ЕАЭБ менен Түштүк Америка өлкөлөрүнүн ортосундагы соодалашуунун оң динамикасын белгиледи. Виейра өз кезегинде кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирген.///ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүү
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0a/1e/1089846696_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5434938319c9d61b74b411f2e57a61c3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио