00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:05
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
Центральная Азия: новый узел влияния в геополитике? Беседа с Тимофеем Бордачевым
18:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Эркин күрөштүн келечеги кимдер? — Машыктыруучу менен маек
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
0 мин
Ачык кеп
Шарт жоктугунан операцияга кезек жетпей жүрөк кемтиги менен туулган наристелер чарчап калууда
23:04
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Соцфонддун башчысы миңден ашык адам 50 миң сом пенсия аларын айттыКийинки аптада Кыргызстанда Климат жумалыгы өтөтИталияда "Кыргызстан" паркы ачылып, Бишкек менен Рим кызматташа турган болду алдыда кененирээкКечээ Рим шаарында "Кыргызстан" паркы салтанаттуу ачылды. Бул мамлекет башчынын Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында болгонун анын маалымат кызматы кабарлады.Салтанатка Кыргызстандан барган делегация мүчөлөрү, Римдин вице-мэри Пьерлуижи Санна, муниципалитеттин башчысы Франческа Дель Белло, Италияда жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү катышкан. Аталган аземдин алкагында тараптар Бишкек жана Рим шаарларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Эске салсак, Жапаров расмий сапар менен Италияда жүрөт.
Кыргызстанда миңден ашык жаран 50 миң сомдон ашык пенсия алат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде Социалдык фонддун башкармалыгынын төрагасы Бактияр Алиев билдирди.Анын айтымында, эң көп пенсияны банктарда жана тоо-кен ишканаларында эмгектенген жарандар алат. "Жогорку пенсияны ишканаларда же компанияларда жакшы айлык алып иштегендер алышат. Миңге жакын адам 50 миң сомдон ашык пенсия алат. 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү көбөйгөндөн кийин мындай каражат ала турган жарандардын саны өсөт", — деди Алиев. Социалдык фонддун жетекчиси мурдагы премьер-министрлер жана башка жогорку кызматтагылар кандай пенсия аларын айткан жок. Ал андагы суммалар анча чоң эмес экенин кошумчалады.
Өлкөдө 7-октябрдан 11-октябрга чейин Климат жумалыгы өтөт. Бул тууралуу аны уюштуруп жаткан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жумалыктын максаты – климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, глобалдык температуранын жогорулашын басаңдатуу жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине көңүл буруу. "Иш-чарага илимдин, жарандык коомдун, жеке сектордун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Мамлекеттик жана коомдук уюмдарды климаттын чакырыктары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга, адамдардын климатка карата туура мамилелерин жайылтууга багытталган акция, көргөзмөлөрдү өткөрүүгө чакырабыз. Муну менен алар Климат жумалыгын колдой алышат", – дешти министрликтен.
Бишкектин базарларында иштеген соодагерлер ВИЧ, сифилис жана гепатит ооруларынын бар-жогун акысыз экспресс-тесттен билип алса болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзунан кабарлашты. Акция 1-ноябрга чейин борбор калаадагы базарларда саат 9:00дөн 15:00гө чейин өтөт. Мындан тышкары, соодагерлер мобилдик клиникада дарыгерлерден да кеңеш ала алышат. Азыркы тапта бул мобилдик клиника "Мадина" базарында иштеп жатканы кошумчаланды.
КМШнын экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы даярдалып жатат. Бул тууралуу Шериктештиктин башкы катчысынын орун басары Денис Трефилов билдирди. Ал Бишкекте өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 31-отурумунда сүйлөдү. "Аткаруу комитети 2026-жылдан 2030-жылга чейинки мезгилди камтыган КМШнын Экономикалык өнүгүү стратегиясынын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун даярдоого киришти. Бул биздин өлкөлөрдүн экономикалык сферадагы интеграциясын өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн негизги документ болот", — деди Трефилов.
Жаңылыктар түрмөгү
0