00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Мамлекеттик мүлктүн ижарасынан түшкөн каражатты жергиликтүү бюджетке калтыруу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев демилгелеген. Маалыматка ылайык, ижарадан түшкөн каражат республикалык бюджетке которулгандыктан баланс кармоочулар бош турган аянттарды ижарага берүүгө кызыкдар эмес. "Мыйзам боюнча, ижара акынын 70 пайызы объектилерди оңдоп-түзөөгө жана кармоого калат. Бирок муну ишке ашыруу татаал болууда. Мындан улам ижарадан республикалык бюджетке түшкөн кирешени бөлүштүрүү укугу министрлер кабинетине берүү каралып жатат. Бул чара баланс кармоочуларга ижара акынын бир бөлүгүн алып калууга мүмкүндүк берет. Натыйжада мамлекеттик мүлктүн абалы жакшырса ижарачыларды тартууга шарт түзүлүп, киреше көбөйөт", — деп жазылган негиздемеде. 2023-жылы 79 миң чарчы метр аянттагы мамлекеттик мүлк ижарага берилип, бюджетке 171 миллион сом түшкөн.
Кыргызстандын аскер кызматкерлери ЖККУнун "Бузулбас боордоштук — 2024" машыгууларына жөнөп кетишти. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун тынчтыкты орнотуучу күчтөрү Казакстанда машыгат. Иш-чара 28-сентябрдан 5-октябрга чейин "Берег" полигонунда өтөт. Эске салсак, "Бузулбас боордоштук" командалык-штабдык машыгуусу былтыр Кыргызстандын аймагында өткөн.
Ош шаардык клиникалык ооруканасында органдарды трансплантациялоо борборун ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Ооруканада татаал операцияларды, анын ичинде органдарды трансплантациялоого мүмкүндүк берүүчү заманбап операциялык блоктор буга чейин эле бар болчу. "Мекеме керектүү медициналык жабдуулар жана лаборатория менен жабдылган. Анда тажрыйбалуу жана тийиштүү окуудан өткөн адистерден турган медициналык кызматкерлер бар", — деди министрлик. Алымкадыр Бейшеналиев борбордун ачылышы өлкөнүн түштүк аймагы үчүн жогорку технологиялык медициналык жардамды жеткиликтүү кыларын белгиледи. Мындан тышкары, чет өлкөгө дарыланууга кеткен бейтаптардын саны дагы азаярын айткан.
Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарына Израиль менен Ливанга барбай турууну сунуштады. Ошондой эле мекеме тараткан маалыматта бул эки өлкөдөгү кыргызстандыктарга кырдаал турукташканга чейин чыгып кетүү сунушталган. Министрлик кыргыз жарандары оор кырдаалга кабылса ишеним телефондор аркылуу жардам же консультация алса болорун билдирди Израилдин Куралдуу күчтөрүнүн авиациясы дүйшөмбү күнү эртең менен Ливандын түштүк жана чыгышындагы кыштактарды жапырт аткылоого алган. Айылдар жабыркап, 100дөгөн кишинин өмүрү кыйылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0