https://sputnik.kg/20240924/1088945938.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Данияр Бостонов Qatar Airways авиакомпаниясынын вице-президенти Фатхи Атти менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө... 24.09.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-09-24T09:00+0600
2024-09-24T09:00+0600
2024-09-24T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/09/18/1088945806_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8a770ff4514df9ebcaa92863bd20c32e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Данияр Бостонов Qatar Airways авиакомпаниясынын вице-президенти Фатхи Атти менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Катардын ортосунда түз аба каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Европа жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө, ошондой эле АКШга транзиттик жүк ташуу маселелерине көңүл бурулду. Мындан тышкары, жарандык авиация адистеринин Qatar Airways авиакомпаниясында стажировкадан өтүү маселелери талкууланды.Катар авиациялык академиясы Кыргызстандан учкучтарды даярдоого бекер квота бөлүнгөнүн тастыктады. Бул кадам Кыргызстандын жарандык авиациясынын кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салым болуп саналат. Ошондой эле Катардын транспорт министри Жасим бин Саиф Аль-Сулайти менен жолугушуу болду. Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жана эки өлкөнүн авиациялык системаларын интеграциялоо талкууланды.
Ош шаарындагы "Коопсуз шаардын" камералары жөө адамдардын эреже бузган учурларын да тартат. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти. Ошондой эле айдоочу, жүргүнчү коопсуздук курун тагынбаса эреже бузуу болуп катталат. Бишкек менен Чүйдө мындай эреже бузуулар азырынча камерага түшпөйт. Буга чейин мессенжерлерде айдоочуларга коопсуздук куру, жөө адамдарды өткөрбөй койгондо да "Коопсуз шаардын" камераларына тартыла баштаганы тууралуу маалымат тараган. Эске салсак, бул долбоор толугу менен ИИМге өтүп, аталган министрлик камералар бардык аймактарга коюларын эскерткен.
Базар-Коргон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкери элден системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, 19-сентябрда башкармалыктын жетектөөчү адиси М.О.З. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. "Шектүү социалдык жөлөк пулдарды, тактап айтканда, "үй-бүлөгө көмөктү" дайындоону тездетүү үчүн пара талап кылган. Анын мыйзамсыз аракеттери соттун уруксаты менен жашыруун видеокамерага тартылган", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле бул ишке башкармалыктын жетекчилигинин тиешеси бар-жогу текшерилип жатканы кошумчаланды.
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кытайдын Үрүмчү шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдештер 25-сентябрда башталып 10-октябрда жыйынтыкталат. Курама команданын тизмеси: 48 кг Анвар Ходжиев; 57 кг Санжай Сейдакматов, Ислам Төрөбеков; 63.5 кг Мирзохид Имамназаров, Алмаз Орозбеков; 80 кг Сагын Сатыбалды уулу; +92 кг Бакыт Токтосун уулу. Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Данияр Бостонов Qatar Airways авиакомпаниясынын вице-президенти Фатхи Атти менен жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Катардын ортосунда түз аба каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Европа жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө, ошондой эле АКШга транзиттик жүк ташуу маселелерине көңүл бурулду. Мындан тышкары, жарандык авиация адистеринин Qatar Airways авиакомпаниясында стажировкадан өтүү маселелери талкууланды.Катар авиациялык академиясы Кыргызстандан учкучтарды даярдоого бекер квота бөлүнгөнүн тастыктады. Бул кадам Кыргызстандын жарандык авиациясынын кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салым болуп саналат. Ошондой эле Катардын транспорт министри Жасим бин Саиф Аль-Сулайти менен жолугушуу болду. Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жана эки өлкөнүн авиациялык системаларын интеграциялоо талкууланды.Ош шаарындагы "Коопсуз шаардын" камералары жөө адамдардын эреже бузган учурларын да тартат. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти. Ошондой эле айдоочу, жүргүнчү коопсуздук курун тагынбаса эреже бузуу болуп катталат. Бишкек менен Чүйдө мындай эреже бузуулар азырынча камерага түшпөйт. Буга чейин мессенжерлерде айдоочуларга коопсуздук куру, жөө адамдарды өткөрбөй койгондо да "Коопсуз шаардын" камераларына тартыла баштаганы тууралуу маалымат тараган. Эске салсак, бул долбоор толугу менен ИИМге өтүп, аталган министрлик камералар бардык аймактарга коюларын эскерткен.Базар-Коргон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкери элден системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, 19-сентябрда башкармалыктын жетектөөчү адиси М.О.З. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. "Шектүү социалдык жөлөк пулдарды, тактап айтканда, "үй-бүлөгө көмөктү" дайындоону тездетүү үчүн пара талап кылган. Анын мыйзамсыз аракеттери соттун уруксаты менен жашыруун видеокамерага тартылган", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле бул ишке башкармалыктын жетекчилигинин тиешеси бар-жогу текшерилип жатканы кошумчаланды. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кытайдын Үрүмчү шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдештер 25-сентябрда башталып 10-октябрда жыйынтыкталат. Курама команданын тизмеси: 48 кг Анвар Ходжиев; 57 кг Санжай Сейдакматов, Ислам Төрөбеков; 63.5 кг Мирзохид Имамназаров, Алмаз Орозбеков; 80 кг Сагын Сатыбалды уулу; +92 кг Бакыт Токтосун уулу. Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/09/18/1088945806_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_094979c0f7e48d34a4b25d0a1308dc2b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио