00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
16:56
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Тема дня
«Мусорят сами же альпинисты» — волонтеры о походе для очистки от мусора пиков Ленина и Хан-Тенгри
18:10
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стоп-кадр
Эмне үчүн тасма “Эркекче жана аялча”?
19:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Киноблог
Мировые кинофестивали: тренды и темы года
20:08
35 мин
Ачык кеп
Өлкөдө чоң тоок фермалар өнүгүүдө — коопсуздук жана тобокелдиктер
23:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев дин чөйрөсүндөгү мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирди. Ал парламенттин жыйынында кайрылуу жасап, коомдо динге байланыштуу мыйзам долбоорунун тегерегиндеги талкууларга туура багыт берүү зарылдыгын белгиледи. "Дин мамлекеттен тыш. Диний иштерге дагы мамлекет аралашпайт. Мыйзамды Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, аалымдар жазып келишет. Ошого жараша көрөбүз. Анан аялдардын жоолуктарын чечтирет, дааватты токтотот деген сыяктуу кептер тарап жатат. Андай болбойт. Жоолук салынуу биздин салтыбызда болуп келген. Апалар, эжелер, келиндерибиз жоолук салынган. Андан сырткары, дааваттын арты менен аракечтик, баңгилик, сойкулук сыяктуу бир топ терс көрүнүштөр жоюлуп келген, бирок бардыгы ирети менен болот", — деди Шакиев. Эске салсак, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия динге байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Анда коомдук жайларда адамдын өздүгүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө, диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, ошондой эле үй, батирлерди кыдырып таратууга, диний негизде саясий партияларды түзүүгө тыюу салуу жана башка маселелер каралган. Мындан тышкары, диний ишмерлердин коомдук жана саясий турмушка аралашуу эрежелери жазылган.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери Нарын облусундагы балдардын ден соолугун текшерип жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Билдирмеге караганда, борбор калаадан барган медиктер Нарында бир жума болот. Алар балдардын өсүүсүнө, астма жана аллергия илдеттеринин белгилерине, өпкөнүн иштешине баа беришет. Чогултулган материалдардын негизинде дарылоо, диагностикалык жана профилактикалык чаралар иштелип чыгат.
Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечиминде айтылган. Маалыматка ылайык, тиешелүү бөгөт чара 19-сентябрга чейин кабыл алынган. Улан Жапаров — мамлекет башчынын атасынын бир тууган инисинин баласы Ракымжан Жапаровдун уулу. Эске салсак, Улан Жапаров бажыдагы коррупциялык схемаларга тиешеси бар деп шектелип 2023-жылдын июнь айында да кармалган. Төрт айдан кийин анын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлүп, иши сотто каралып жаткан. Экинчи ирет быйыл июлда ал бирөөнүн ишенимине кирип өзгөчө ири өлчөмдөгү суммага алдаган деп шектелип, кайрадан камалган эле.
БУУнун Ливан боюнча координатору Жанин Хеннис-Плассхерт өлкөдө пейджерлер жардырылган кейиштүү окуяны сындап, аны "курчуп кете турган өтө кооптуу кырдаал" деп атады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Кечээ Ливандын райондорунда мурда кездешпегендей окуя болуп, кишилер колдонуп жүргөн пейджерлер жарылган. Аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фирас Абъяд 11 киши көз жуумп, төрт миңге чукул адам жаракат алганын билдирди. Жанин Хеннис-Плассхерт жай жарандар бардык учурда коргоого алынышы керектигин айткан. "Бул окуя курчуп кете турган өтө кооптуу кырдаалга айланышы мүмкүн",— деп өкүл кызыкдар тараптарды андан аркы кооптуу кадамдар менен басташкан аракеттерден алыс болууга чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0