00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Быйыл кант кызылчасынын түшүмү мол болду. Кайра иштетүү жолго коюлганбы?
23:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
ЕЭКте эки жылдан ашык иштегендерди сынаксыз кадрлар резервине киргизүү сунушталды. Мамлекеттик кадр кызматы президенттин тиешелүү жарлыгына өзгөртүүлөрдү сунуштап, коомдук талкууга чыгарды. Маалыматка ылайык, комиссияда эмгектенгендер эл аралык кызматкер болуп саналат. Ал эми аталган кызматкерлер уюмда иш алып баруу менен тажрыйба топтоп жатканы белгиленген. " Арызынын негизинде алар конкурстук жол-жоболордон өтпөстөн мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын жетекчисинин буйругу менен беш жумушчу күндүн ичинде кадрлар резервине 3 жылдык мөөнөткө киргизилет", — деп айтылган маалыматта.
Быйыл кант кызылчасынын түшүмү рекорддук деңгээлге жетерин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен кабарлашты. Жакшы түшүм жагымдуу аба-ырайы, айыл чарбасындагы ресурстарды туура пайдалануу жана фермерлердин аракети менен болгону айтылды. Быйыл республика боюнча 13,5 миң га аянт кант кызылчасынан жалпы 900 миң тонна түшүм алынуусу күтүлүүдө. Мунун ичинен 110 миң тоннага чейин кумшекер алынып, жалпы калкка керектөөлүүчү 120 миң тонна кумшекердин 92 пайызы камсыздалат. Ал эми Орусия, Беларусия, Казакстандын базарларында кумшекердин баасынын төмөндөшүнөн улам Кыргызстанга коңшу мамлекеттерден кумшекерди импорттону токтотууга азырынча зарылчылык жок деп айтылат маалыматта.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы «Аэропорт» суу алгычында оңдоо иштерин пландоодо. Буга байланыштуу 19-сентябрда борбор калаанын бир бөлүгүндө саат 10:00дөн 15:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Суу өчүрүлө турган даректер: Ч.Айтматов проспектиси, 93/1, 93/2, 93/3, 93/4, 93/5, 93/6; Токтоналиев көчөсү, 139/3, 153, 153/3, 155, 157; Т.Океев көчөсү, 39/3, 39/4, 39/6, 39/7, 39/8 даректеринде.
Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын балансында учурда 1276 автобус бар. Бул тууралуу ишкананын директору Талант Капаров «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, мэрия президенттин тапшырмасы менен бюджеттен бөлүнгөн акчага 1120 автобус сатып алган. Дагы 124 автобус Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынган кредитке алынган. Муну менен Бишкек шаардык транспорттук-муниципалдык ишканасынын базасы 95 пайызга жаңыланды. Учурда 52 автобустук жана 3 троллейбустук каттам иштеп, күнүнө 700 миң жүргүнчүнү ташууда. Аталган ишкананын карамагындагы 5 автобазада учурда 2 миң 600 айдоочу жана 600 административдик кызматкер эмгектенет.
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын россиялык ЖМКларга, айрыкча RT телеканалына санкцияны кайталап салганы тууралуу айтып, Америкада "Россияга киргизилген санкция боюнча адис" деген жаңы кесип пайда болушу керек деп мыскылдады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "АКШда "Россияга киргизилген санкциялар боюнча адис" деген жаңы кесип пайда болушу керек. Кимдир бирөө санкциялардын кайталанбашына көз салышы керек да. RT телеканалына каршы санкция экинчи ирет киргизилип жатат", – деп жазган ал өзүнүн Telegram каналына. АКШнын Финансы министрлиги кечээ, жумада, "Россия сегодня" медиатобу жана анын жетекчиси Дмитрий Киселевго санкция киргизгенин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0