00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
50 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Күн башат
Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга “улуттук” макам кандай өзгөрүүлөрдү алып келет?
07:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Плюсы и минусы грудничкового плавания: стоит ли учить малыша плавать?
08:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Самокат, скутерлерди жөндөгөн мыйзам качан иштеп баштайт? Депутат менен маек.
09:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Сайтка саресеп
On air
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Транспорт каражаттарына, турак жайларга, батирлерге жана үй жанындагы тилкелерге салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Салык кызматкерлери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүшөт. "Салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактар үчүн 1000 сом жана юридикалык жактар үчүн 5000 сом айып пул каралган, ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн туум кошулат", — деп жазылган маалыматта. Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспорт каражатына, турак жай, батирге, үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөттөрү аяктаган.
Быйыл күз-кыш мезгилдерине карата "Кара-Кече" мамлекеттик ишканасынын алдына 950 миң тонна көмүр казуу тапшырмасы коюлган. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады. Билдирмеге ылайык, өткөн жылдагы кышкы жылытуу мезгилинде 1 миллион 299 миң тонна көмүр казылган. Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов Кара-Кечеге барып күз-кыш мезгилине даярдык иштери тууралуу маалымат алган. "Көмүр кендеги Борбордук, Чыгыш жана Батыш участкаларында быйыл көмүр жетиштүү ачылган", – деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын "Кара-Кече" филиалында Шахтёрлордун кесиптик мааракеси белгиленген. Иш-чарага энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов жана "Кыргыз Көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов катышкан. Салтанаттын жүрүшүндө мыкты делген адистерге сыйлыктар тапшырылган.
Режиссер Дастан Жапар уулунун "Качкын" тасмасы Пусандагы эле аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинен кабарлашты. Маалым болгондой, бул — Азиядагы эң белгилүү фестивалдардын бири. "Качкын" кинокартинасы "Эң мыкты тасма" номинациясында көрсөтүлгөн. Фильмде адам сатуу көйгөйү чагылдырылган. Режиссёр Дастан Жапар буга чейин "Атанын керээзи" жана "Акыркы көч" кинокартиналарын тартып, бул тасмалар бир катар эл аралык фестивалдарга катышкан.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба отставкага кетүү боюнча арыз жазганын шаршембиде Жогорку Раданын спикери Руслан Стефанчук билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Шейшемби күнү Стефанчук Украинанын юстиция министри Денис Малюска, стратегиялык өнөр жай министри Александр Камышин, курчап турган чөйрөнү коргоо министри Руслан Стрелец, Европа жана Евроатлантикалык интеграция боюнча вице-премьер-министр Ольга Стефанишина отставкага кетүү тууралуу арызын парламентке тапшырганын билдирген. "Украинская правда" басылмасы өз булактарына таянып, Кулебаны тышкы иштер министри кызматынан бошотуу пландалып жатканын жана анын ордуна орун басары Андрей Сибига дайындалышы мүмкүн экенин жазган. Буга чейин Жогорку Раданын депутаты Ярослав Железняк ушул аптада Украинанын министрлер кабинетинде кадрдык өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экенин билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0